Жогорку Кеңештин комитети Россия Федерациясындагы эмгек мигранттарынын социалдык абалы жана укуктарын коргоо маселесин талкуулады

27-11-2023 17:23

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигранттарынын социалдык-укуктук абалы жана укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиеванын маалыматын укту. Депутат белгилегендей, эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө бир катар көйгөйлөр аныкталган.

Атап айтканда, миграциялык эсепке алуудагы кыйынчылыктар (иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо эсебине туруунун мүмкүн эместиги), иш берүүчүлөрдүн эмгек келишимин түзүүнү каалабагандыгы же баш тартуусу, Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарын билбегендиги, мигранттарды жолго чыгуу алдында даярдоонун жоктугуна байланыштуу.

"Ошондой эле эмгек мигранттары алардын үй-бүлөлөрүнө ММК полистерин берүү, балдарына алименттин өлчөмүн көбөйтүү маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты. Чарба иштерине алып келинген балдар тууралуу маселе өзүнчө көтөрүлдү. Бул балдар мектепке барбайт, эч кандай укукка ээ эмес, баш калкалоочу жай жана тамак - аш үчүн иштешет", - деди депутат Камила Талиева.

Жыйынтыгында комитет чечим кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине бир катар иш-чараларды өткөрүү тапшырылды. Алардын ичинде ата - энелери эмгек миграциясында жүргөн балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эсепке алууну, кароону, коргоону камсыз кылуу боюнча иштиктүү механизмдерди иштеп чыгуу; аларды мамлекеттик коргоого кепилдик берүү менен "эмгекчи – мигранттардын балдары" деген түшүнүктү мыйзамдык деңгээлде киргизүү, балдарды адаптациялоо жана колдоо максатында эмгек мигранттарынын балдары үчүн атайын программаны иштеп чыгуу; эмгекчи-мигранттарды саякатка чейинки даярдоону уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин ишин күчөтүү, ошондой эле эмгекчи-мигранттардын укуктарын жакшыртуу жана коргоо боюнча башка сунуштар берилет.