Тармактык комитетте Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы, Азербайжан Республикасындагы жана Грузиядагы элчиликтеринин 2022-жылдагы жана 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду

16-10-2023 16:25

Бүгүн, 16-октябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин 2022-жылга жана 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты укту. Маалыматты Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова берди. Мындан тышкары, комитет мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы жана Грузиядагы Элчилигинин 2022-жылга жана 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын угушту. Баяндамачы Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы жана Грузиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев.

Талкууда депутат Лейла Лурова элчи Кайрат Осмоналиевге грузин тарап менен Бишкек-Будапешт-Бишкек авиакаттамдары үчүн анын аба мейкиндигин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну сунуштады. Депутат Шайлообек Атазов Азербайжан жана Грузиядагы мигранттардын санына, инвестициянын көлөмүнө, Грузиядан автоунаа алып келген мекендештердин укуктук абалына кызыкты. Бул суроолорго элчи эки өлкөнүн консулдуктарында 152 кыргызстандык каттоодо турат деп жооп берди. «Экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү жагынан биз уставдык фонду 25 млн АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүүнү, Бишкекте жана Бакуда эки бизнес-форум өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруубуз керек», - деди ал. Ошондой эле, ал кошумчалагандай 6 млн доллар гранттык каржылоо  Грузия менен кызматташууну активдештирүүдө.

Депутат Миргүл Темирбаева кыргыз-корей мамилелеринин артыкчылыктуу багыттары жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселесине токтолду. Элчи Аида Исмаилова Кыргызстан жакынкы 5 жылда ӨРЖ (Өнүгүү үчүн расмий жардам) программасы аркылуу жардам ала турган артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргендигин баса белгиледи. Мыйзамсыз мигранттардын саны боюнча депутаттын суроосуна Аида Исмаилова Түштүк Кореяда 714 мыйзамсыз мигрант бар экенин айтты.  Депутат Нуржигит Кадырбеков муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин бул өлкөлөрдө окуу үчүн курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду. Комитет төрагасы Улан Примов дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине өлкөлөрдөгү ЖОЖдордо кыргызстандыктарды окууга квотаны көбөйтүү маселесинин үстүндө иштөөнү сунуштады. Жыйынтыгында депутаттар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү боюнча аракеттерди күчөтүүнү белгилешти.