Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ 2023-жылдын 11-сентябрь,  саат 14-00                  1-кабат, Батыш зал

08-09-2023 12:11

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН ТАРТИБИ

 

2023-жылдын 11-сентябрь,  саат 14-00                  1-кабат, Батыш зал

 

         1. Кыргыз Републикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-4791/23, 04.04.2023-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

         Баяндамачы: Баетов Аяз Батыркулович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.

         Чакырылгандар: Туйбаева Айнура Абдыкалыковна - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Конкубаева Үмүткан Ургазиевна - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары.

         2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З. Ормонов, Б.У. Сыдыков, Э.Р. Сатыбалдиев жана А.Т. Түмөнбаев тарабынан демилгеленген  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  (кир. №6-8484/23,12.06.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

         Баяндамачы: Ормонов Улугбек Зулпукарович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

         Чакырылгандар: Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын финансы министри;

         Арыкбаева Бубужан Камчыбековна - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

         Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри.

        3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10724/23 11.08.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Ибраев Таалайбек Омукеевич - Кыргыз Республикасынын  энергетика министри.

Чакырылган: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана  коммерция министри.

      4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-6895/23, 16.05.23-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана  коммерция министри.

Чакырылгандар: Шатманов Самат Бектурович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары - Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору;

Омуралиев Медер Темирбулатович - Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти.

         5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген «2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-10205/23, 10.07.2023-ж.)  (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Мамбетов Азамат Муратович – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдардын министринин биринчи орун басары.

         6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-10206/23, 10.07.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет)

Баяндамачы: Бариев Ырысбек Жантаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

         7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-10207/23, 10.07.2023) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Бариев Ырысбек Жантаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

         8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген (№6-10252/23, 11.07.2023) «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Бариев Ырысбек Жантаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

         9. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө Комитеттин чечиминин долбоору.

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана  коммерция министри.

       10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары  С. А. Айжигитов, Н. К. Кадырбеков, З. Д. Мамасадыков, В. К. Раимбачаева, Д. А. Ашимова, Н. Т. Шакиев, М. А. Маматалиев, Д. Э. Толонов, М. О. Темирбаева, А. К. Малиев, Ж. П. Нурбаев, Ч. И. Ажибаев, А. А. Айдарова, Н. Я. Алимжанова, А. Н. Абдибаева, А. Т. Маткеримов, Исатбек кызы А., Р. Ш. Жакышов, Э. Э. Жамгырчиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын стратегиялык пландоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-23940/22, 01.12.2022-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Айжигитов Султанбай Абдрашитович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

Чакырылган: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана  коммерция министри.

      11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары  С.А. Айжигитов, М.К. Сарбагышев тарабынан демилгеленген «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-23943/22 от 01.12.2022 г.) (экинчи окууга киргизилет).

   Баяндамачы: Айжигитов Султанбай Абдрашитович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

   Чакырылган: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана  коммерция министри.

      12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө Макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

Баяндамачы: Жээналиев Жалын Мупатбекович – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директордун орун басары.

         13. Ар кандай маселелер.

         «Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам көрсөтүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамына киргизүү үчүн талапкерди аныктоо.

         - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы №377 тескемеси (макулдашууга киргизилет).

         - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июлундагы №429 тескемеси (макулдашууга киргизилет).

         Баяндамачы: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

       

         Комитеттин төрагасы                                                        Д. Толонов