Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 19 –декабрь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

15-12-2016 17:51

 

 

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

 19декабрь  2016-жыл,  саат 10-00                                1- кабат, Батыш залы.

                                                                                             

КҮН ТАРТИБИ

 

1.“Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  29-ноябрындагы №634 токтому).

            Баяндамачы:

            Мамбетов Турдубек Мамбетович–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

2.“Бишкек шаарында 2016-жылдын 28- майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы  Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №580 токтому).

            Баяндамачы:

            Мамбетов Турдубек Мамбетович–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Кожошев Арзыбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын экономика министри.

 

4.Кыргыз Республикасынын менен Туркия Республикасынын ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Кожошев Арзыбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын экономика министри.

 

            5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Япония Өкмөтүнүн  алмашуу ноталарынын долбоорлору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) ортосундагы «Бишкек-Ош автоунаа жолун кар көчкүдөн сактоо»  жана «Жол техникасын техникалык тейлөө үчүн устаканаларды өркүндөтүү»  боюнча Гранттык макулдашуулардын долбоорлору.

            Баяндамачы:

            Калилов Жамшитбек – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри.

 

            6.  Ар кандай маселелер.

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                  Т.Тиллаев