«Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы экологиялык-экономикалык абал тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 12-апрелиндеги жана 2022-жылдын 19-сентябрындагы чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”

20-04-2023 12:08

«Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы экологиялык-экономикалык абал тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 12-апрелиндеги жана 2022-жылдын 19-сентябрындагы чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”

2023-жылдын 11-апрелиндеги

ЧЕЧИМИ

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, «Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы экологиялык-экономикалык абал тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 12-апрелиндеги жана 2022-жылдын 19-сентябрындагы чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” маселени карап жана талкуулап чыгып, ушул чечимдин толук аткарылбагандыгын белгилеп, чечти:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин,  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба  министрлигинин,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн,  Ысык-Көл областынын Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматтары эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги,  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлү,  Ысык-Көл областынын Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы “Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу” долбоорун ишке ашырууда канализация түтүктөрүн, насосторду орнотуу максатында жер маселелерди, электр чубалгаларды (столбаларды) жана тийиштүү коммуникацияларды жылдырууну тез арада чечсин жана техникалык-экономикалык негиздемени, долбоордук-сметалык документтерди даярдоону тездетсин.

2) 2023-жылдын 15-майына чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Тору-Айгыр айыл  аймагынын  ички  жана  жайыт жолдоруна  керектөө үчүн Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Сары-Камыш айылдарында жолдун астынан суу өтүүчү шакекчелерди (кольцолорду) муниципалдык балансына өткөрүп берүү тууралуу маселени карап чыксын.  

3) 2023-жылдын 15-июнуна чейин сууда сүзүүчү транспорттордогу “гальюндарына” (саркынды сууларды толтуруучу цистерналарга) пломба коюу жөнүндө иш-чараларды жүргүзсүн жана тийиштүү кызматкерлердин көзөмөлүндө саркынды суулар төгүлсүн.

4) 2023-жылдын 15-июнуна чейин Ысык-Көлдүн жээгинде сууда сүзүүчү транспортторду айдоо үчүн  өзүнчө маршруттарды түзсүн жана адамдар көлгө түшкөн жерлерге бул транспортторго чектөөнү киргизсин.

5) 2023-жылдын 1-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунда эч кимдин балансында катталбаган (ээси жок) автоунаа жолдорду мамлекеттик баланска алсын жана курорттук-рекреациялык объекттерге баруучу жолдорду, Чолпон-Ата шаарынын Ленин, Пушкин, Колесников көчөлөрүн башынан аягына чейин оңдоо иштерин жүргүзсүн.

6) 2023-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Тору-Айгыр айыл аймагынын жана Садыр Аке айыл аймагына караштуу Григорьевка айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн тийиштүү объекттерди куруу үчүн тиешелүү иш-кагаздарды даярдоону, финансы каражаттарды бөлүп берүүнү карап чыксын.  

7) 2023-жылдын 15-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлү,  Ысык-Көл областынын Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы таштандыларды ташуучу автоунааны алуу үчүн тийиштүү экологиялык фонддон акча каражатын чечсин.

8) 2023-жылдын 15-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Ысык-Көл райондук архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы Тамчы айылында көлдүн жээгине куруп алган объекттерди бузуу жана жерлерди калыбына келтирүү үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн.

9) 2023-жылдын 15-июнуна чейин Ысык-Көл областынын Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы Ысык-Көл районунда жайгашкан эс алуу жайларына даярдыгы боюнча берилүүчү паспорттун жобосун иштеп чыксын.

10) 2023-жылдын 1-сентябрына чейин Ысык-Көл районунда жайгашкан Ат майданынын имаратынын жана жерлердин абалы, карызын чечүү жана тийиштүү объекттерди камактан чыгаруу жолдору, өнүктүрүү планы, жалпы мүлкү (асыл-тукум мал чарбасы ж.б.) тууралуу маалыматтарды берсин.

11) 2023-жылдын 15-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Тоң районундагы Кажы-Сай шаарынын аймагында жайгашкан уулу заттарды сактоочу жайдын абалы тууралуу маалымат берсин.

12) комитеттин чечимдерин толук аткаруу үчүн план түзүүнү карап чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Каракол шаарында жайгашкан Ат майданынын имаратынын (металл конструкциялары боюнча) жана жерлеринин абалына, жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө укуктук баа берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети комитеттин 2022-жылдын 12-апрелиндеги, 2022-жылдын 19-сентябрындагы чечимдерин толук аткарылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Ысык-Көл областынын Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилерин тийиштүү жоопкерчиликке тартуу тууралуу маселени карап чыксын.

5. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн жана комитеттин 2022-жылдын 12-апрелиндеги, 2022-жылдын 19-сентябрындагы чечимдерин толук аткарылышын көзөмөлгө алсын.

6. Ушул чечимде белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү мамлекеттик органдар маалыматтарды берсин.

7. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет