Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Ирригациялык системасынын абалы тууралуу»

17-04-2023 08:52

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Ирригациялык системасынын абалы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин

2023-жылдын 10-апрелиндеги

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Ирригациялык системасынын абалы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору А. Т. Сокеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, төмөнкүдөй чечимге келет:

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Ирригациялык системасынын абалы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору А. Т. Сокеевдин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:

- дыйкандарды өз убагында сугат суу менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзсүн;

- жаӊы жерлерди өздөштүрүүгө багытталган суу чарба объектилерин куруунун долбоорлоо-изилдөө жумуштарын өз убагында бүткөрүү камсыз кылынсын;

- cуунун көлөмүн эсептөөчү аппараттар (счетчик) бардык суу бөлүштүрүүчү жайларга орнотулсун жана онлайн режиминде көзөмөлгө алынсын;

- Нарын облусунун Ак-Талаа району боюнча бардык чарбалар аралык, ички каналдарды механикалык тазалоо, оӊдоо иштери райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан аягына чыгарылсын;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районуна атайын техникаларды бөлүп берүү маселесин карасын;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы «Ала-Буга» насостук станциясынын насостук агрегаттар оӊдоо маселеси өз убагында каралсын;

- «Ала-Буга» насостук станциясындагы имаратын оӊдоо иштери жүргүзсүлсүн;

- Ала-Буга дарыясында суткалык жөнгө салуучу бассейнин курулуш долбоору иштелип чыксын;

- Ала-Буга каналын оӊдоо жана кеӊейтүү иштери аягына чыгарылсын;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаман-Даван каналын куруу иштери каралсын;

- Жаман-Даван дарыясында суу сактагыч жана чакан гидро электр станция курулушунун долбоору каралып жана иштелип чыксын;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айыл аймагындагы Терек-Сай дарыясында декадалык жөнгө салуучу бассейнди куруу маселесин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоорунун тескемесин даярдоо боюнча иш-чаралар алып барылсын;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коӊорчок айыл аймагындагы Ак-Сай каналын оӊдоо иштери тездетилсин;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаӊы-Талап жана Тоголок-Молдо айыл аймактарынын чек арасында жайгашкан Куртка дарыясында декадалык жөнгө салуучу бассейндин курлушу аягына чыгарылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- мамлекеттик суу чарба объектилерин оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын өз убагында каржылоону камсыз кылсын;

- суу чарба кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу маселени карасын.

4. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат 2023-жылдын 1-октябрына чейин комитетке берилсин.

5. Комитеттин аталган чечими Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрү боюнча комитет