Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 17-апрель жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                      саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

13-04-2023 17:24

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 17-апрель жыйналышынын күн тартиби

 

Убактысы:                                      саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10829/22 31.05.2022-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачылар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

Баетов Аяз Батыркулович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри.

Чакырылды: Конкубаева Үмүткан Урказиевна – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары

2.

Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10829/22 31.05.2022-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачылар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

Баетов Аяз Батыркулович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри.

Чакырылды: Конкубаева Үмүткан Урказиевна – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары.

3.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, С.Атамбаев, жана Ж.Абиров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   долбоору (кир.№6-14532/22, 30.06.2022-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, С.Атамбаев, жана Ж.Абиров тарабынан демилгеленген

Баяндамачы: Бекешев Дастан Далабайевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

Джантаев Эльчибек Нуржадыевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Тургунбеков Канатбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы;

Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович - Бишкек шаарынын мэри.                                             

4.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Изин суутпай издөө иши жөнүндө» жана «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө») Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-14474/22, 30.06.2022-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы:Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

 

 

5.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1063/23 25.01.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылгандар: Исабеков Самат Сатарович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Текебаев Тилек Кыдырмаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Шаршеев Уларбек Зарлыкович – Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын директору;

Абдыкадыров Султан Абдылдаевич – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору;

Жусупов Аширбай Бапович – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын директору.

6.

Кыргыз Републикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-4366/23 24.03.2023 ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Баяндамачы: Токтогулов Алмаз Анварбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

Чакырылган:Малаев Назарбек Камалдинович – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары.

7.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “2022-жылдын 1-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор) жана 2022-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Инвестициялык грант берүү жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору. (№6-4549/23, 29.03.2023-ж.)

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Досалиев Акуналы Атамырзаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары.

Чакырылгандар: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Сакиев Азамат Абдукаримович – «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын генералдык директору.

8.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген «2022-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору. (№6-4788/23, 04.04.2023-ж.)

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Баатырова Гулнара Маришовна – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

9.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген  «2023-жылдын 31-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Кыргыз Республикасында “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорун (KEMS) колдоо үчүн бирдиктүү донордун траст фондунун каражаттарынын администратору катары чыгуучу) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (№6-4634/23, 31.03.2023-ж.).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Ибраев Таалайбек Омукеевич – Кыргыз Республикасынын энергетика министри.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

              

10.

«2023-жылдын 21-мартында Москва шаарында кол коюлган Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Евразия өнүктүрүү банкынын төлөнгөн уставдык капиталындагы Россия Федерациясынын үлүшүнүн бөлүгүн сатып алуу-сатуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (кир №6-5060/23, 11.04.2023-ж.).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын финансы министри.

 

 

11.

Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фонду ортосундагы «Суусамыр–Талас– Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду ортосундагы «Суусамыр–Талас– Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

 

Баяндамачы: Досалиев Акуналы Атамырзаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

               

12.

«Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын Тизмегин жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 токтому) (макулдашууга).

 

Баяндамачы: Токтогулов Алмаз Анварбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

13.

Ар кандай маселелер.

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамына талапкерлик жөнүндө.

 

Баяндамачы: Толонов Данияр Эрмекович – Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы.

 

 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов