Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 10-апрель жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                      саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

06-04-2023 15:07

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 10-апрель жыйналышынын күн тартиби

Убактысы:                                      саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:                       1-кабат, Батыш зал

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген "Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-4129/23, 17.03.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Иманалиев Каныбек Капашович - Кыргыз Республикасынын билим берүү министри.

Чакырылгандар: Дуйшеева Жибек КурманбековнаКыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Досалиев Баялы Атамырзаевич - Кыргыз Республикасынын финансы мнистрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору.

 

2.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-2700/23, 21.02.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылгандар: Алиев Бахтияр Жеңишбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы;

Дуйшеева Жибек КурманбековнаКыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Сарбанов Улан Кытайбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы.

3.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-23121/22, 18.11.2022-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Чакырылгандар: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Тайлаков Кенешбай Доскулович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын тѳрагасы;

Абалиева Айнура Имамазановна - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору;

Абдыкадыров Султан Абдылдаевич – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору;

Жусупов Аширбай Бапович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын директору.

4.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-939/23, 24.01.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Чакырылгандар: Тургунбеков Канатбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы;

Сарбанов Улан Кытайбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;

Абдураимов Жарасул Осмоналиевич - «Кыргызиндустрия» ААКнун президенти.   

5.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №826-VII “Валюта рыногундагы кырдаал жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө.

 

 

Баяндамачы:         Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

       Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын финансы министри.

6.

6. Ар кандай маселелер.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
15-мартындагы №108-тескемеси (макулдашууга киргизилет).

 

 

Баяндамачы: Дуйшеева Жибек КурманбековнаКыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

Чакырылган: Сокеев Алмазбек Темурбекович – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар кызматынын директору.

7.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун контролдоодон алып салуу жөнүндө:

 

- 2022-жылдын 29-июнундагы № 368-VII «Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому;

 

            - 2022-жылдын 8-декабрындагы № 711-VII Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому;

          - 2022-жылдын 8-декабрындагы № 713-VII “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баяндамачы:

Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри

 

 

 

 

 

Баяндамачы:

Алиев Бахтияр Жеңишбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов