Эл аралык иштер боюнча комитетте АРИСтин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча маалыматы угулду

13-03-2023 17:41

Бүгүн, 13-марттагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду.

Жыйында баяндама жасаган аталган мекеменин аткаруучу директорунун орун басары Асель Мамбеткулова 2010-жылдан 2023-жылдын февралына чейинки мезгилдеги АРИСтин аяктаган жана ишке ашырылып жаткан долбоорлоруна токтолду. Анын айтымында, көрсөтүлгөн мөөнөттө бардыгы 29 долбоор каралып жатса, анын ичинен 17 долбоор бүткөрүлүп, 12 долбоор ишке ашыруу стадиясында турат. Тагыраагы, 26 долбоордун алкагында 8906 чакан долбоор ишке ашырылууда, анын ичинен 8273 (92,8%) чакан долбоор бүткөрүлүп, 633 (7,2%) ишке ашырылууда.

Талкуу маалында депутат Улан Бакасов долбоорлордун жалпы бюджетине кызыгып, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо маселесине көңүл бурду. Эл өкүлү белгилегендей, көптөгөн айыл жерлеринде ичүүчү суу көйгөйү бар. «Айрым айылдар долбоорго киргизилген, бирок жыйынтык жок. Алсак, Ат-Башы айылы Нарын районунун суу менен камсыз кылуу жана канализациясын өнүктүрүү программасына кирип, бирок курулуш иштери азыркыга чейин баштала элек», - деди ал.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов социалдык инфратүзүмдү жакшыртуу, тактап айтканда, спорт залдарын куруу боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу суроосуна түшүндүрмө алды. Депутат Нилуфар Алимжанова жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорунун алкагында кичи гранттарды алуу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, ошондой эле «Баткен облусунун региондук экономикалык өнүгүүсү» долбоору боюнча маалымат жетишсиздигин айтты.

Мындан тышкары, депутат Замирбек Мамасадыков эл арасында АРИСтин ишине нааразы болуп жатканын белгилеп, тендерди өткөрүүдө талаптарды өзгөртүү зарылдыгына көңүл бурду.

Депутат Айбек Осмонов Ош шаарын таза суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугун баса белгилеп, АРИСтин ичүүчү суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу суроолорун узатты. Комитет төрагасы Улан Примов Ош облусунун бир катар райондорунда, тактап айтканда, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунда аткарылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлорго кызыкты.