Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу

25-02-2023 14:47

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу

 

Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С. Жаныбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С. Жаныбековдун маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- 2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин кабыл алууну тездетсин жана анда бекитилген иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылсын;

- 2023-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн жер-жерлерде штаб түзсүн;

- республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн зарыл болгон көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер, химикаттар жана сапатуу үрөндөр, керектүү жабдуулар, тетиктер, жеӊилдетилген насыялар менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

- алыскы, айрыкча климаттык шарттары оор региондорго өзгөчө көӊүл бөлсүн;

- жазгы-талаа жумуштарына пайдаланылуучу айыл чарба техникаларын оӊдоп-түзөөнү жана даярдоону тездетсин;

- чарбалар аралык жана ички чарбалык сугат тармактарын вегетациялык мезгилге карата өз убагында даярдоону камсыз кылсын;

- республиканын ирригациялык тутумдарын учурдагы жана капиталдык оңдоп-түзөөгө багытталган бюджеттик каражаттардын 80 пайызына чейинкисин 2023-жылдын 1-кварталында каржылоону камсыз кылсын;

-“Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорун ишке киргизүүнү тездетсин жана кредиттик портфелдин көлөмүн көбөйтүү, пайыздык ченди төмөндөтүү жөнүндөгү маселелерди карасын;

- агротехникалык талаптарды сактоо менен жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү жүргүзүү максатында тиешелүү банктар айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2023-жылдын февраль-апрель айларында жеӊилдетилген насыя берүүнү камсыз кылсын;

- республиканын бардык областтарында жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө республиканын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусу менен селектордук кеӊешмелерди дайыма өткөрүп турсун;

-аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 1-июнуна чейин маалымат берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомунун 3-тиркемесин күчүн жоготту деп таануу сунушталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.