«Кыргыз Республикасында 2023-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматы тууралуу»

25-02-2023 14:46

«Кыргыз Республикасында 2023-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2023-жылдын 13-февралындагы

ЧЕЧИМИ

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, «Кыргыз Республикасында 2023-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматы тууралуу» маселени карап чыгып, төмөндөгүдөй чечим кылат:

1. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматы эске алынсын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жалпы кароосуна чыгарылсын, жыйында баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков аныкталсын;   

2. «Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 16-февралындагы № 67-VII токтому көзөмөлдөн алынып салынсын.

3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.