Жогорку Кеӊеш Төрагасы Ч.Турсунбеков: «Ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш мамлекеттин экономикасынын өнүгүшүнө негиз болуп берет»

16-06-2017 15:30

Бүгүн, 16-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйында Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КР Өкмөтү ар бир тармак боюнча өлкөнүн жалпы экономикасын өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү программаларды ишке ашырышы керектигин белгиледи. "Өз учурунда макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн пайдалуу аянт катары эсептелген Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш мамлекеттин экономикасынын өнүгүшүнө жана инвестиция тартууга негиз болуп берет", - дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Ошону менен катар Чыныбай Турсунбеков аталган Кеӊештин үчүнчү жыйыны өтүп жатканын айтып, анын болжолдуу натыйжалары билине баштагандыгына токтолду. "Кеӊештин жыйындарында каралган маселелер боюнча бардык чечимдер бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен кабыл алынат. Аны менен катар кабыл алынган чечимдер жыйында дароо ишке ашырыла баштайт" - деген Төрага Кеӊештин ишмердүүлүгү өзүнүн милдеттерин азыртан эле аткарып жатканын баса белгиледи.

Жыйын алкагында "Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүү маселелери тууралуу" Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору да каралды. Бул маселе боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты Абдумажит Юсуров менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жамангулов баяндама жасашты.

Депутат Абдумажит Юсуровдун айтымында, аталган документте өлкө аймактарындагы туризм тармагынын өкүлдөрү менен өз алдынча орган түзүү сунушталууда. Токтом кабыл алынып калса Кыргызстанды туризмдин өлкөсү катары таанытууну жогорулатуу, туристтик тармактагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин жана өлкөгө кирген туристтердин так санын аныктоо, туристтик кызматтар менен алардын сапатына баа берүү системаларын киргизүү мерчемделген.

Талкууда жыйын катышуучулары токтом долбоору боюнча бир катар жагдайларды тактап, туризм боюнча өзүнчө орган түзүүнүн максаттулугуна кызыгышты. Бул тууралуу депутат А.Юсуров менен Туризм департаментинин директору А.Жамангулов социалдык блокко караган учурда иштеп жаткан департамент өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүү үчүн коюлган тапшырмаларды толук түрдө ишке ашыра албай тургандыгын маалымдашты. "Туризм департаменти элүү кишиден ашпаган штат менен мамлекеттик агенттик же мамлекеттик комитет катары түзүлөт" - деди А.Юсуров. 

Андан тышкары, жыйын катышуучулары "Ачык асман" программасын жана электрондук визаны киргизүүнү тездетүү, өлкөдөгү авиабилеттердин баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.

Ошондой эле, жыйында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча жумушчу тобун түзүү, милдетүү медициналык камсыздандыруу системасын жөнгө салуу, парламенттин регламентин жакшыртуу, айрыкча, жөнгө салуу таасирин талдоого алуу, андан тышкары, өлкөдөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн жаӊы түрү, анын ичинде трикотаждык жана текстиль материалдарын өндүрүү жаатында тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү маселелери  каралды.

Талкуу учурунда аткаруу бийлиги, бизнес-коомчулук жана депутаттар тарабынан бир катар сунуштар айтылды.

Эске салсак, Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жетекчилиги астында иш алпарат. Анын орун басарлыгына депутат Абдывахап Нурбаев жана КР Соода-өндүрүш палатасынын президенти Марат Шаршекеев дайындалган.

Кеӊештин башкы максаты - өлкөнүн ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, инвесторлорду тартуу жана Кыргызстандагы ишкерчиликти өнүктүрүү. Тагыраак айтканда, аталган Кеӊеш ишкерчиликти жөнгө салган мыйзамдарга сунуштама берүүчү, бизнес чөйрөсүнө байланышкан ченемдик-укуктук актыларга мониторинг кылуу менен талдоо жүргүзүүчү аянтча болуп саналат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы