Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кѳчмѳ отурумунун КҮН ТАРТИБИ 31-октябрь 2022-жыл,       саат 10-00                 Ош шаар  (Ош шаардык кеңешинин имараты)

28-10-2022 16:01

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча

комитетинин кѳчмѳ отурумунун

КҮН ТАРТИБИ

31-октябрь 2022-жыл,       саат 10-00                 Ош шаар

 (Ош шаардык кеңешинин имараты)

 

1. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Кыргыз Республикасынын 2022-жылга карата республикалык бюджетинин “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каралган каражаттардын (курулуш, капиталдык ремонт, ичүүчү суу менен камсыздоону реаблитациялоо жана суу чарба курулуш иштери) жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолдорду курууга, оңдоо иштерине каралган каражаттардын 2022-жылдын 20-октябрына карата каржылануусу тууралуу маалыматын1 угуу.

Баяндамачылар:

Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Текебаев Тилек Кыдырмаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;

Джетыбаев Нуртазим Алымкулович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Сокеев Алмазбек Темурбекович - Кыргыз Республикасынын   Айыл, суу чарба жана региондук ѳнүктүрүү министрлигине караштуу Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

Чакырылгандар:

Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

Баатырова Гулнара Маришовна - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Ажикеев Бообек Эргешевич - Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министри;

Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Муканов Азамат КенешовичКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы.

 

            2. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин кѳйгѳйлѳрү тууралуу.

Баяндамачы:

Джантаев Эльчибек Нуржадыевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Чакырылгандар:

- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү кеңештеринин ѳкүлдѳрү (макулдашуу боюнча).

 

3. Ар түрдүү маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                                             Д.Толонов