«Кыргыз Республикасындагы жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 31-мартындагы №4489-VI токтомунун аткарылышы тууралуу

30-09-2022 09:53

«Кыргыз Республикасындагы жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 31-мартындагы №4489-VI токтомунун аткарылышы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 26-сентябрындагы

ЧЕЧИМИ

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, «Кыргыз Республикасындагы жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 31-мартындагы №4489-VI токтомунун аткарылышынын маалыматтарын карап чыгып, төмөндөгүдөй чечим кылат:

     1. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматы эске алынсын;

     2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 31-мартындагы №4489-VI токтомунун аткаруу мөөнөтү 2023-жылдын 1-октябрына чейин узартылсын, ар квартал сайын жасалган иштер боюнча комитетке маалымат берип турсун.

     3. Ушул чечимдин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет