«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» N 309-токтому боюнча республиканын айылдык товар ѳндүрүчүлѳрүнѳн түшкѳн кайрылуулар туралуу» Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечиминин аткарылышы»

30-09-2022 09:49

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” N 309-токтому боюнча республиканын айылдык товар ѳндүрүчүлѳрүнѳн түшкѳн кайрылуулар туралуу” Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин (2022-ж. 15. 02. №2027/22-чи) чечиминин аткарылышы” боюнча комитеттин

2022-жылдын 12-сентябрындагы

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” N 309-токтому боюнча республиканын айылдык товар ѳндүрүчүлѳрүнѳн түшкѳн кайрылуулар туралуу” Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечиминин аткарылышы” жѳнүндѳ маселени карап тѳмѳнкүлѳрдү белгилейт:

Аталган токтом жарык кѳргѳндѳн бери республиканын баардык аймактарында айылдык товар ѳндүрүчүлѳрүнѳн бул токтомду Министрлер Кабинети кайра артка чакыртып алуусу боюнча сунуштар келип жатканына байланыштуу аталган чечимдин аткарылышынын абалы тууралуу малыматты угуу комитеттин мүчѳлѳрү тарабынан сунушталган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, аталган маселе боюнча расмий маалыматты угуп жана талкулап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети чечти:

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А. С. Жаныбековдун маалыматы эске алынсын.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет