Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 12-сентябрындагы жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                      саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:                       Жогорку Кеңештин , Батыш залы (1-кабат)

09-09-2022 13:09

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 12-сентябрындагы жыйналышынын күн тартиби

 

Убактысы:                                      саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:                       Жогорку Кеңештин , Батыш залы (1-кабат)

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы  А.У. Жапаров тарабынан демилгеленип 28.10.2021-ж. №30-18667 каты менен жөнөтүлгөн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.
№6-15382/21 29.10.2021-ж.
) (үчүнчү окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Алиев Бахтияр Жеңишбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

Чакырылгандар:

Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы.

 

 

2.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленип 18.04.2022-ж №18-9399 каты менен жөнөтүлгөн «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-7189/22 19.04.2022-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылгандар: Торомаматов Жусубали Кыргызбаевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун директору.

 

3.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленип 11.05.2022-ж. № 14-11778  каты менен жөнөтүлгөн «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. 2022-жылдын 11-майы №6-8706/22) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы  министри.

Чакырылган:

Мусаев Алмаз Асаналиевич- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу  Финансылык чалгындоо мамлекеттик  кызматынын төрагасынын орун басары.

 

4.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г. Култаева, К. Талиева, Д. Толонов, М. Саккараев, Ж. Кыдыкбаев, Э. Сулайманов, Б. Сыдыков, Н. Шакиев, Ф. Исмаилов, М.Абдалиев, Р. Жакышов, Ч.Ажибаев, М.Маматалиев, А.Боронбаев, Э.Жамгырчиев, Б.Шабаза жана Э. Исираилов  тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбоору (кир. № 6-10487/22 27.05.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г. Култаева, К. Талиева, Д. Толонов, М. Саккараев, Ж. Кыдыкбаев, Э. Сулайманов, Б. Сыдыков, Н. Шакиев, Ф. Исмаилов, М.Абдалиев, Р. Жакышов, Ч.Ажибаев, М.Маматалиев, А.Боронбаев, Э.Жамгырчиев, Б.Шабаза жана Э. Исираилов 

Култаева Гулшаркан ОконовнаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 

Чакырылгандар: Усенбаева Айнура Догдурбековна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

         Балтабаев Рустам Кодиржанович - Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча бирикменин аткаруучу директору.

5.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, С.Атамбаев, Ж.Акаев, Э.Сурабалдиева тарабынан  демилгеленген «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбоору (биринчи окууга киргизилет).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, С.Атамбаев, Ж.Акаев, Э.Сурабалдиева

Бекешев Дастан Далабаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.  

Чакырылгандар: Абдрахманов Канат Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Бердибаев Улан Калыбекович -  КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүм башчысы.

 

6.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленип 08.06.2022-ж. № 18-10341 каты менен жөнөтүлгөн «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-12049/22 10.06.2022-ж.). (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри. (мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сунуштоо  айыл чарба министрине жуктөлгөн).

Чакырылган: Сооронова Нурия Рахманбердиевна - айыл чарба министринин орун басары.

 

7.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленип 20.06.2022-ж. №40-2532 каты менен жөнөтүлгөн «2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-13227/22 21.06.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри.

 

8.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип 23.08.2022-ж. №40-3597 каты менен жөнөтүлгөн «2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-16814/22 23.08.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Исаева Вероника Владимировна – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;

Исабеков Самат Сатарович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы

9.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров тарабынан демилгеленип 23.08.2022-ж. №40-3598 чыгышталган каты менен жөнөтүлгөн «2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16811/22 23.08.2022-ж) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Исаева Вероника Владимировна – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;

Исабеков Самат Сатарович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

 

10.

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Электр энергиялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору (кир. №6-16943/22 20.08.2022-ж) (макулдашууга киргизилет).

 

Кыргыз Республикасынын энергетика министри.

Бекмурзаев Доскул Джумагулович – Кыргыз Республикасынын энергетика министри.

 

 

11.

«Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарынын долбоору жана «Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуу долбоору (Макулдашууга киргизилет).

 

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри

Садыков Улан Асанбекович – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары.

12.

«Экономиканы диверсификациялоо программасы – 3 чакан программачасы» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкы ортосундагы каржылоо жөнүндө Кредиттик жана Гранттык долбоорлор (Макулдашууга киргизилет).

Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

13.

2022-жылга республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолдорду курууга, оңдоо иштерине каралган каражаттардын каржыланышы тууралуу маалыматты угуу.

 

Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Осоев Эркинбек Арстанбекович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;

Джетыбаев Нуртазим Алымкулович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

Сокеев Алмаз Темурбекович – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

14.

Ар кандай маселелер.

 

 

                 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов