Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ 2022-жылдын 14-июну,  саат 14-30               7-кабат, Чоң сүйрү зал

11-06-2022 17:43

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин отурумунун

КҮН ТАРТИБИ

  

2022-жылдын 14-июну,  саат 14-30               7-кабат, Чоң сүйрү зал

 

      1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 18-февралындагы №85 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-2766/22 24.02.2022-ж) (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

       2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы №89-токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-3985/22 10.03.2022-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Баетов Аяз Батыркулович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри.

      3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген, «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№ 6-7515/22 21.04.2022-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Сарбанов Улан Кытайбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

      4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген, «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№ 6-7453/22, 21.04.22-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Сарбанов Улан Кытайбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

Ниязбеков Улан Омоканович – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Абдувапов Алтынбек  Каныбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы;

Тургунбеков Канатбек Тургунбекович – Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы.

      5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиев демилгелеген «Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир. 2022-ж. 19.05. № 6-9618/22) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы:  Маматалиев Марлен  Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Чакырылгандар: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Тайлаков Кенешбай Доскулович - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу  Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы.

         6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 
(кир.№ 6-7189/22 19.04.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

ЧакырылгандарТоромаматов Жусубали Кыргызбаевич – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун директору.

      7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10066/22 24.05.2022-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

     Баяндамачы: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары.

         8. 1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнүндө Макулдашуусуна кошумча макулдашуунун долбоору (макулдашууга киргизилет).

         Баяндамачы: Бакиров Мирлан Исакбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы.

         Чакырылган: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – экономика жана коммерция министринин орун басары.

         9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болушунун шарттары жөнүндө Макулдашуунун долбоору (макулдашууга киргизилет).

        Баяндамачы: Абдрахманов Канатбек Жаныбекович – экономика жана коммерция министринин орун басары.

       10. Ар кандай маселелер.

        

Комитеттин төрагасы                                                                 Д. Толонов