Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ     16-май 2022-жыл, саат 14-00                     1-кабат, Батыш зал

12-05-2022 16:23

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин отурумунун

КҮН ТАРТИБИ

    16-май 2022-жыл, саат 14-00                     1-кабат, Батыш зал

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген  (2022-жылдын 28-январындагы №37 токтому) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылган: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

2. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

3. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген «Банк жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы  тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 7-февралындагы №63 токтому) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылган: Тайлаков Кенешбай Доскулович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы.

5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №127 токтому менен демилгеленген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет).

         Баяндамачы: Сарбанов Улан Кытайбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы

          Чакырылган: Тургунбеков Канатбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы  тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 18-февралындагы № 85 токтому) «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Чакырылгандар: Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;

Баетов Аяз Батыркулович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Осоев Эркинбек Арстанбекович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы  тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 15-февралындагы №76 токтому) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-3985/22, 10.03.2022-жылдын) (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Баетов Аяз Батыркулович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.

Чакырылган: Майчиев Шамарал Юсупович - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык арбитраждык соттун төрагасы.

8.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен KfW Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы карызды конверсиялоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору (кир. №6-7705/22 22.04.2022-жылдын) (макулдашууга киргизилет).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

9.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы  тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 7-февралындагы №51 токтому) (кир. №6-2040/22 15.02.2022-жылдын), «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Баетов Аяз Батыркулович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.

Чакырылган: Алиев Бактияр Дженишбекович - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

 

10. Ар кандай маселелер.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                Д. Толонов