Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин КҮН ТАРТИБИ 25-апрель 2022-жыл, саат 14-00            1-кабат, Батыш залы

22-04-2022 15:19

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

 Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин

КҮН ТАРТИБИ

 

25-апрель 2022-жыл, саат 14-00                                                1-кабат, Батыш залы

 

  1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2022-жылдын январь-март айына карата аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы.

Исабеков Самат Сатарович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын төрагасы.

Бакиров Мирлан Исакбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

Осоев Эркинбек Арстанбекович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри.

Сатышов Токтомамбет Сатышович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турук жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору.

      2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 8-апрелиндеги №193Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому жөнүндө.

    Баяндамачы: Бекешев Дастан Далабайевич – Жогорку Кеңештин депутаты,  Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин төрагасынын орун басары.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы

«Меркурий Сервис» ЖЧК, «Урматтуу Инжиринг сервис» ЖЧК, «Прибороремонт» ЖЧК, «Торговые Технологии» ЖЧК, «Шабдан сервис» ЖЧК, «ЦТО Бишкек» ЖЧК, «Технический Центр ККМ» ЖЧК, «Мастер» ЖЧК, «Умай групп» ЖЧКнын өкүлдөрү.

 

3.«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы «Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө долбоордук макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (кир.6-6913/22 15.04.2022 ж.). 

Баяндамачы: Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович–Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри.

 

4. «2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди
куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир. №6-6534/22 12.04.2022-ж.),

Баяндамачы: Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич – Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министри.

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети  тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-мартындагы №167 токтому) «2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-5403/22 от 29.03.2022 г.)

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович — Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

Чакырылгандар: Акматов Алмазбек Шаршембиевич – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы №346 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө (Жогорку Кеңештин депутаты Д.Бекешевдин каты боюнча).

Баяндамачы: Бекешев Дастан Далабайевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри;

Батырканов Тилек Карыбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу;

Бакиров Мирлан Исакбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы;

Цой Галина Васильевна – «Ателье «Асель» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары.

 

7. Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                           Д. Толонов