Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ 11-апрель 2022-жыл, саат 14-00                    1-кабат, Батыш зал

07-04-2022 12:14

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин отурумунун

КҮН ТАРТИБИ

 

11-апрель 2022-жыл, саат 14-00                    1-кабат, Батыш зал

 

       1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгеленген (2021-жылдын 10-декабрындагы №303 токтому) «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет).

Баяндамачы: Шерипов Нурлан Турганбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары.

Чакырылган: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

 

      2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгеленген  (2022-жылдын 28-январындагы №37 токтому) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

Чакырылган: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

 

      3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизген (2022-жылдын 7-февралындагы №63 токтому) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга киргизилет).

Баяндамачы: Усенбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылган: Тайлаков Кенешбай Доскулович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы.

 

      4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизген (2022-жылдын 4-мартындагы №110 токтому) «2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

Баяндамачы: Кубанычбек Кенешевич Боконтаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

 

      5. Евразиялык экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясынын кампа күбөлүктөрүн берүү, чыгаруу, жүгүртүү жана сатып алуу эрежелери жөнүндө Макулдашуунун долбоору (макулдашууга киргизилет).

Баяндамачы: Шерипов Нурлан Турганбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары.

Чакырылган: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

 

6. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги №159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун доолбору (макулдашууга киргизилет).

Баяндамачы: Мадмаров Азизбек Маматович – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер минитстринин орун басары.

 

      7. “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору (макулдашууга киргизилет).

Баяндамачы: Шерипов Нурлан Турганбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Сокеев Алмазбек Темурбекович - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын директору.

 

      8. Ар кандай маселелер.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                  Д. Толонов