Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН    ТАРТИБИ 19-октябрында   2021-жыл, саат 10-00             1-кабат, Батыш залы

14-10-2021 11:57

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

КҮН    ТАРТИБИ

 

19-октябрында   2021-жыл, саат 10-00             1-кабат, Батыш залы

 

1. «Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Кенжебаев, Н.Сыдыгалиев, У.Кыдыралиев, Т.Икрамов, У.Самаев, Ш.Атазов, М.Эгембердиев, Д.Исаева, О.Бакиров жана Б.Жетигенов тарабынан демилгеленген. 

Баяндамачы:

Кенжебаев Байгазы Бобунович- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

2.«2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

Баяндамачы:

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:

Купешев Болотбек Душекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.

 

4. Ар кандай маселелер.

 

         Бюджет жана финансы

         боюнча комитетинин төрагасы                                       Э.Токтошев