Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН    ТАРТИБИ 4-октябрында   2021-жыл, саат 10-00             1-кабат, Батыш залы

30-09-2021 15:01

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

КҮН    ТАРТИБИ

 

4-октябрында   2021-жыл, саат 10-00             1-кабат, Батыш залы

 

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген (кир. №6-12992/21 21.09.21-ж.)

Баяндамачы:

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри.

 

2.Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «СOVID-19 кесепеттерине өзгөчө кырдаалда чара көрүү» долбоорун каржылоого Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусунан грант берүү жөнүндө» макулдашуу. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:

Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович -Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри.

 

3. «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын долбоору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Т.Токтошев, Ш.А.Абдылдаев, У.Б.Примов, Т.У. Жоробеков жана А.А. Акбаров тарабынан демилгеленген. Экинчи окууга киргизилет.

Баяндамачы:

Токтошев Эмиль Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

4. Ар кандай маселелер.

 

 

         Бюджет жана финансы

         боюнча комитетинин төрагасы                                       Э.Токтошев