Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН   ТАРТИБИ 22-июль  2021–жыл, саат 11-00       1-кабат, Батыш залы

21-07-2021 14:38

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

КҮН   ТАРТИБИ

    22-июль  2021–жыл, саат 11-00                             1-кабат, Батыш залы

 

1. «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Т.Токтошев, Ш.А.Абдылдаев, У.Б.Примов, 
Т.У. Жоробеков жана А.А. Акбаров тарабынан демилгеленип киргизилет.

Баяндамачы:

Жоробеков Тариел Улукбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

2. «Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилет, кир.№6-9903/21 06.07.2021-ж.

Баяндамачы:

            Сатышов Токтомамбет Сатышович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директору.

3. «2021-жылдын 3-майындагы Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы  «Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо» долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилет, кир.№6-9901/21  06.07.2021-ж.

Баяндамачы:

Сатышов Токтомамбет Сатышович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директору.

 

4. Ар кандай маселелер.

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                                             Э. Токтошев