Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН   ТАРТИБИ 21-июнь 2021-жыл, саат 10-00           1-кабат, Батыш залы

17-06-2021 16:02

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН   ТАРТИБИ

 

    21-июнь 2021-жыл, саат 10-00                        1-кабат, Батыш залы

 

                       

1.Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Экономикалык диверсификациялоо илгеритүү программасы - 2 чакан программасы боюнча ) Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлору. Макулдашууга киргизилет.

         Докладчик:

         Жапаров Акылбек Усенбекович – Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары- экономика жана финансы министри.

 

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы №514 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Министрлер Кабинетинин) 2021-жылдын 4-майындагы №119-буйругу. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамычы:

Бекмурзаев Доскул Джумагулович – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министри.

Чакырылгандар:

Жапаров Акылбек Усенбекович - Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри.

 

3.Кыргыз Республикасынын айрым министрликтер менен ведомстволоруна каражат бөлүп берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер К 

абинетинин 2021-жылдын 11-июнундагы №32-б, 2021-жылдын 14-июнундагы №33-б, 2021-жылдын 14-июнундагы №34-буйруктары. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамычы:

Жапаров Акылбек Усенбекович - Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри.

Чакырылгандар:

Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович – Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;

Омуралиев Таалайбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын Коргоо министри;

Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Эгембердиев Аскат Раимжанович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы.

 

4. Ар кандай маселер.

 

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                              Э. Токтошев