Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН    ТАРТИБИ 14-июнь   2021–жыл, саат 10-00         1–кабат, Батыш залы

10-06-2021 14:08

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

 

КҮН    ТАРТИБИ

 

14-июнь   2021–жыл, саат 10-00                          1–кабат, Батыш залы

 

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык  Өнүктүрүү Ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору жана 2017-жылдын  10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорун (5918-КG насыя, D147-KG грант), каржылоо жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катынын долбоору. Макулдашууга киргизилет.

           Баяндамачы:

           Мукашев Азамат Фелкисович – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары.

 

2.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов,  А.А.Карашев, А.У.Жапаров, С.С.Анарбаев тарабынан демилгеленип киргизилген «Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык кодекстерине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы:

Алимбеков Нурбек Каарыевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

           

3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Мамашова, А.Нурбаев, У.Исмаилов, Н.Сыдыгалиев жана Р.Туманбаева тарабынан демилгеленип киргизилген «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы:

Мамашова Айсулуу Турусбековна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

4. Ар кандай маселелер.

           

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                                                     Э.Токтошев