Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН    ТАРТИБИ (26-апрель   2021–жыл, саат 10-00)

22-04-2021 16:18

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун

КҮН    ТАРТИБИ

     26-апрель   2021–жыл, саат 10-00                          1–кабат, Батыш залы

1.«2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги №145 токтому). Биринчи окууда.

Баяндамачы:

Алиев Бекболот Абдыганыевич –Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары.

        

            2. «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы  №467 токтому). Биринчи окууда.

Баяндамачы:

Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович –Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу.

                                                         

3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү  жөнүндө.

Баяндамачы:

Токтошев Эмиль Токтакунович- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

4. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

         боюнча комитетинин төрагасы                             Э.Токтошев