Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунун КҮН ТАРТИБИ (29-март 2021–жыл, саат 10-00)

26-03-2021 09:35

1.Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Суу коопсуздугу жана суунун сапаты боюнча» Долбоорлорду даярдоого грант жөнүндө макулдашуу каттын долбоору (Грант УСФЗВУМ №TFOB3890). Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович -Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри.

           

2.Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбоору боюнча  Кредиттик макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы:

Кармышаков Улукбек Тойчиевич – Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри.

           

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Абдралиева Гулмира Курманбековна –Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри.

                                                          

4. Ар кандай маселелер.

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                                                             Э.Токтошев