Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму
17 - октябрь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш зал.
КҮН ТАРТИБИ
1.“Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 13- майындагы №248 токтому менен жактырылып киргизилип жатат).
Баяндамачы:
Касымалиев Адылбек Алешович –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
2.”Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 30- сентябрындагы №517 токтому менен жактырылып киргизилип жатат).
Баяндамачы:
Касымалиев Адылбек Алешович –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
3. Бул Мыйзам долбоорун түзүүдө негиз катары кабыл алынган Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолунун, Кыргыз Республикасынын бюджет жана фискалдык саясатынын 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга болжолунун негизги мүнөздөмөлөрүнүн жана багыттарынын концепциясы жөнүндө.
Баяндамачылар:
Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика министри.
Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
4. Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк –Түштүк (Балыкчы ш.-Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 30- сентябрындагы №519 токтому менен жактырылып киргизилип жатат).
Баяндамачы:
Айдаров Замирбек Казакбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри
5. Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитеттин төрагасы А. Шадиев