Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 22-июнь   2020–жыл, саат 10-00         1–кабат, Батыш залы КҮН    ТАРТИБИ

18-06-2020 16:54

Долбоор

 

   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

            22-июнь   2020–жыл, саат 10-00                                        1–кабат, Батыш залы

 

КҮН    ТАРТИБИ

            1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы №668 токтому). Үчүнчү окууда.

            Баяндамачы:

            Токтошев Эмиль Токтакунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

                2. “2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилеринин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-июнундагы  №306 токтому).

            Баяндамачы:

            Ирсалиев Медер Эсенгулович - Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун төрагасы.

 

            3.“Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын “Ак-Тилек автожолу” жана Казакстан Республикасынын “Карасу автожолу” өткөрүү пунктарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы  №313 токтому).

            Баяндамачы:

            Бейшенов Жанат Саматович - Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана жолдор министри.

 

            4.“2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы  Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы  №319 токтому).

            Баяндамачы:

            Бейшенов Жанат Саматович - Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана жолдор министри.

 

                5.“2020-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө Макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы  №338 токтому).

            Баяндамачы:

                Осмонбетов Эмиль Кубатович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

6. Кыргыз Ресспубликасынын Өкмөтү жана Корея Республикасынын Өкмөтү ортосундагы “Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананы функционалдык жакшыртуу” долбооруна экономикалык өнүктүрүү максатындагы кызматташуу фондунан (EDCF) насыя берүү боюнча Макулдашуу долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Абдикаримов Сабыржан Токтосунович – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри.

 

        

            7. Ар кандай маселелер.

 

 

 

             Бюджет жана финансы

             боюнча комитетинин төрагасы                                                                       Э.Токтошев