Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму  2020-жыл  8-июнь, саат 10-00          1–кабат, Батыш залы КҮН    ТАРТИБИ

04-06-2020 16:56

Долбоор

 

   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

            2020-жыл  8-июнь, саат 10-00                                        1–кабат, Батыш залы

 

КҮН    ТАРТИБИ

                1.“2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-майындагы  №276 токтому).

            Баяндамачы:

            Исаков Каныбек Абдуваситович - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри.

            2.“2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы  №161 токтому).

            Баяндамачылар:

            Алиев Бекболот Абдыганыевич - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары.

            Карагулова Айдай Нурдиновна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.

            Мамбетжунусова Элнура Рыскелдиевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.

           

            3.Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосунда “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Аскаров Замирбек Марипбаевич Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.

 

            4.“2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонуусун токтотуу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы  №179 токтому).

            Баяндамачы:

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги №133-буйругунун негизинде мамлекеттик программаларды жүзөгө ашыруунун алкагында берилген насыялык каражаттарды кайтарып берүүнүн шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомунун долбоору.

            Баяндамачы:

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            6.“Суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №51-буйругуна  ылайык Нарын шаарынын мэриясына берилген бюджеттик кредитти кайра түзөмдөштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомунун долбоору.

            Баяндамачы:

            Таштаналиев Көкумбек Жумагулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            7.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы №668 токтому). Экинчи окууда.

            Баяндамачы:

            Токтошев Эмил Токтакунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

            8.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 410 токтому). Экинчи окууда.

            Баяндамачы:

            Токтошев Эмил Токтакунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

                      

            9. Ар кандай маселелер.

 

 

 

              Бюджет жана финансы

             боюнча комитетинин төрагасы                                                                       Э.Токтошев