Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 1-июнь   2020–жыл, саат 10-00   1–кабат, Батыш залы КҮН    ТАРТИБИ

28-05-2020 16:58

Долбоор

 

 

 

                                                                                                                                                                                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

  

          1-июнь   2020–жыл, саат 10-00                                        1–кабат, Батыш залы

 

КҮН    ТАРТИБИ

            1.“2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууну (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорун) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы  №259 токтому).

            Баяндамачылар:

             Абдалиев Кабыл Кушбакович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

            Султанов Акылбек Шакирович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы.

 

            2. “Балдар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоору, Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору: “Балдардын укугун коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”; “Кыргыз Республикасынын балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси”, “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси”, “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын  долбоорлору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.С.Кодуранова, Н.В.Никитенко, А.Э.Самигулина, И.Ю.Карамушкина, А.Т.Мамашова, А.А.Алтыбаева, Р.М.Туманбаева, А.К. Касымалиева, М.К.Жеенчороев тарабынан демилгеленип киргизилет.

            Баяндамачы:

            Никитенко Наталя Владимировна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

             3. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыя берүү жөнүндөгү макулдашуунун (COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоору) жана Грант берүү жөнүндө макулдашуунун (COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоору) долбоорлору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Абдикаримов Сабыржан Токтосунович – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри.

 

            4. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн доноорлордун көп тараптуу максаттуу  фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы  Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө  гранттык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Абдикаримов Сабыржан Токтосунович – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри.

 

 

          5.“1999-жылдын 13-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору .

            Баяндамачы:

            Алиев Бекболот Абдыганыевич – Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары.

           

           6. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2022-2023-жылдарга болжолунун долбоору.

            Баяндамачы:

            Токтошев Эмил Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

 

           7. Ар кандай маселелер.

 

 

              Бюджет жана финансы

             боюнча комитетинин төрагасы                                                                       Э.Токтошев