Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму  24-февраль   2020–жыл, саат 10-00     1–кабат, Батыш залы КҮН    ТАРТИБИ

20-02-2020 17:01

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

           24-февраль   2020–жыл, саат 10-00                                        1–кабат, Батыш залы

 

КҮН    ТАРТИБИ

           

             1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты  К.С. Бокоев тарабынан демилгеленип киргизилет.

            Баяндамачы:

            Бокоев Кенжебек Сатымкулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

           

            2.“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы №24 токтому).

            Баяндамачы:

            Муканбетов Санжар Турдукожоевич -Кыргыз Республикасынын Экономика  министри.

            Осмонбетов Эмил Кубатович -Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасынын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            3.“Суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №128 жана 2019-жылдын 15-мартындагы №56-тескемелерине ылайык Кара-Балта жана Токмок шаарларынын мэриясына берилген бюджеттик кредитти кайра түзөмдөштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомунун долбоору.

            Баяндамачы:

            Таштаналиев Көкумбек Жумагулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            4.1993-2018-жылдар убагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор  министрлиги тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланышы тууралуу маалымат.

            Баяндамачы:

            Бейшенов Жанат Саматович -Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри.

 

            5. Ар кандай маселелер.

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                                      Э.Токтошев