Бюджет жана финансы боюнча комитети ПАРЛАМЕНТТИК УГУУ ӨТКӨРӨТ «Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү» темасында Ош ш., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залы 2020-жылдын 10-февралы, саат 10-00

31-01-2020 19:28

2020-жылдын 10-февралы саат 10:00

Ош шаары, Ленин пр. 221

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕӉЕШИНИН

 БЮДЖЕТ ЖАНА ФИНАНСЫ БОЮНЧА КОМИТЕТИ

 

БУУӨПтүн долбоору менен
Өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Швейцариянын башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорлорунун көмөгү менен

 

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ” ТЕМАСЫНДА

ПАРЛАМЕНТТИК УГУУ ӨТКӨРӨТ

 

 

Парламенттик угууга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен Ош шаарынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү чакырылат.

 

Өтүүчү орду жана убактысы:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залы
2020-жылдын 10-февралы саат 10:00.

Катышуучуларды каттоо 9:30да башталат.

 

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын ала каттоо телефондору:

0-312-63-92-24 жана 0-312-63-92-67.

 

П Р О Г Р А М М А

 

09:30 - 10:00

Каттоо.

10:00 - 10:10

Катышуучулар менен саламдашуу

Токтошев Эмиль Токтакунович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы

10:10 – 10:25

Кыргыз Республикасындагы бюджеттер аралык мамилелер

Жеенбаева Бактыгул Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри

10:25 – 10:40

Мамлекеттик каржы тутумундагы жергиликтүү бюджеттердин жалпы абалы

Алманбетов Өмүрбек Бадыевич, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын  Союзунун директору

10:40 – 10:55

Жергиликтүү бюджет жана Ноокен районундагы Момбеков айыл окмотунун мисалында бюджеттик камсыздандыруу тутумун теӊдөөнүн проблемалары

Сейитова Жамбила Тажикуловна, Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы

10:55 – 11:10

Финансы менен камсыздоосуз жергиликтүү маанидеги маселелерди кеӊейтүүнүн проблемалары

Орозбаев Бектурган Ибраимович, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча Швейцариянын башкармалыгы аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган «Элдин үнү жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун  улуттук деӊгээлиндеги ишмердүүлүгү боюнча менеджери

11:10 – 11:25

Муниципалдык менчикти башкаруудан финансылык  жоготуулардын проблемалары

Чандыбаева Айнура Тууганбековна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын  Союзунун эксперти

11:25 – 11:40

Кошумча баяндамачыларга убакыт

11:40– 12:50

Суроолор жана талкуулар

12:50 – 13:00

Жыйынтыктоо, сунуштарды жалпылоо

Чыгып сүйлөө үчүн регламент:

Негизги баяндама 15 мин., кошумча баяндама 10 мин., чыгып сүйлөөчүлөргө - 5 минутка чейин, суроолорго - 2 минуттан, жоопторго - 3 минут көп эмес.