Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 23-декабрь   2019–жыл, саат 10-00      1–кабат, Батыш залы КҮН    ТАРТИБИ

19-12-2019 18:13

долбоор

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

23-декабрь   2019–жыл, саат 10-00                                 1–кабат, Батыш залы

 

КҮН    ТАРТИБИ

            1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун  2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы  № 626 токтому).Үчүнчү  окууда.

           Баяндамачы:

           Токтошев Эмил Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы

 

            2.“Майыптыгы бар адамдарга билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынынн айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д. Бекешев тарабынан демилгеленип киргизилет.

            Баяндамачы:

            Бекешев Дастан Далабайевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            3.“2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы  № 639 токтому).

            Баяндамачы:

            Муканбетов Санжар Турдукожоевич – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            4.«2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы №665 токтому).

            Баяндамачы:

            Чолпонбаев Космосбек Сариевич -Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри.

            5. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы №497-б буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Таштаналиев Көкумбек Жумагулович- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            6.1993-2018-жылдар убагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланышы тууралуу маалымат.

            Баяндамачы:

            Жапаров Акылбек Усенбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу топтун жетекчиси.

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            7. Ар кандай маселелер.

 

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                                               Э.Токтошев