Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму   18-ноябрь  2019–жыл, саат 10-00         1–кабат, Батыш залы. КҮН    ТАРТИБИ

14-11-2019 16:41

долбоор

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

18-ноябрь  2019–жыл, саат 10-00                                               1–кабат, Батыш залы.

 

КҮН    ТАРТИБИ

 

            1. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30 сентябрындагы  № 509 токтому).

           Баяндамачы:

            Ирсалиев Медер Эсенгулович Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

 

            2.Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-майындагы  №225 токтому).

            Баяндамачы:

            Токтошев Эмил Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            3.“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун  2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-октябрындагы  № 571 токтому).

            Баяндамачы:

            Боронбаева Эльнура Кочконовна – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы.

 

            4.“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн  бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы  №306 токтому).

            Баяндамачы:

            Токтошев Эмил Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            5.“2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин  (JICA) ортосундагы “Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо жөнүндө” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы  №570 токтому).

            Баяндамачы:

            Бейшенов Жанат Саматович – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри.

 

            6. «2015-жылдын 8-майындагы кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы  №551 токтому).

            Баяндамачы:

            Муканбетов Санжар Турдукожоевич – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

            Торутаев Алтынбек Элимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

 

           

            7. Ар кандай маселелер.

 

 

             Бюджет жана финансы        

             боюнча комитетинин төрагасы                                                            Э.Токтошев