КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 51-VII
Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз
Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 811-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Европа Кеңешине катышкан-өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, ЕКПА алкагында парламенттер аралык байланыштарды жигердентүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:
Нурбек Каарыевич Алимбеков;
Динара Ашимовна Ашимова;
Аида Исатбек кызы;
Азамат Алмазбекович Исираилов;
Нурбек Омурбекович Сыдыгалиев;
Акылбек Тогузбаевич Түмөнбаев;
1.1. Ашимова Динара Ашимовна парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Кыргыз
Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасынын орун
басары У.Примов