Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 14-октябрь  2019–жыл, саат 10-00         1–кабат, Батыш залы. КҮН  ТАРТИБИ

10-10-2019 16:03

долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

14-октябрь  2019–жыл, саат 10-00                                 1–кабат, Батыш залы.

 

КҮН  ТАРТИБИ

            1.“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

            Баяндамачы:

           Байбакпаев Экмат Джурукпаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Сабиров, К.С.Бокоев, Жунус уулу Алтынбек, Э.Ж.Сурабалдиева, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленип киргизилен “Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чечүү жолдору тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору (Кошумча иштелип чыккан токтомдун долбоору).

            Баяндамачы:

            Сабиров Максат Эсенович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

           

            3. Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда (“Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо” долбоору) Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлору. Макулдашууга киргизилет.

              Баяндамачы:

             Осмонбетов Эмил  Кубатович - Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана  жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

           

            4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана киреше салыктарын төлөөдөн четтөөнү алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбооруна протоколдун долбоору.  Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министри.

 

             5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгриянын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

             Баяндамачы:

             Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министри.

           

              6. Ар кандай маселелер.

 

         Бюджет жана финансы

         боюнча комитетинин төрагасы                                                               Э.Токтошев