Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 24-июнь  2019-жыл, саат 10-00       1 – кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

20-06-2019 16:53

Долбоор

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

24-июнь  2019-жыл, саат 10-00                                  1 – кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

  1. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын “Суу каналы” муниципалдык ишканасынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
    2019-жылдын 3-июнундагы №272 токтому).

            Баяндамачы:

            Абдиев Бактыбек Абышевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            2. “Бишкек шаарында 2019-жылдын 29-мартында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкы ортосундагы “Ден-соолук кербени” (Кыргыз Республикасы) долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык                               турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө №2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-                     жылдын 12-июнундагы №291 токтому).

             Баяндамачы:

            Чолпонбаев Космосбек Сариевич – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри.

 

            3. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Каржылоо жөнүндө Макулдашуу долбоору (Баштапкы медициналык-санитардык жардам сапатын жакшыртуу Программасы). Макулдашууга киргизилет.

                Баяндамачы:

            Чолпонбаев Космосбек Сариевич – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри.

 

            4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Ирсалиев Медер Эсенгулович - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

 

            5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Сабиров, К.С. Бокоев, Жунус уулу Алтынбек, Э.Ж.Сурабалдиева, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленип киргизилен “Иссык-Көл облусунда кышкы туризмди                       өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чечүү жолдору тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

            Баяндамачы:

            Сабиров Максат Эсенович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги №185 токтому).  Үчүнчү окууда.

               Баяндамачы:

               Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            7. Ар кандай маселелер.

 

                       Бюджет жана финансы

                       боюнча комитетинин төрагасы                                                             Э.Токтошев