Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 10-июнь  2019 –жыл, саат 10-00      1 – кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

06-06-2019 17:20

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

10-июнь  2019 –жыл, саат 10-00                                1 – кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

1. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ыссык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ыссык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №228 токтому).

            Баяндамачы:

            Абдиев Бактыбек Абышевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

 

2. “2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-майындагы №233 токтому).

             Баяндамачы:

            Абиров Мыктыбек Медетбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жылдын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету.

            Баяндамачы:

Марипов Улукбек Асамидинович - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.

Чакырылгандар:

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Таиров Бакир Дуулатович – Кыргыз Республикасынын - Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Джамшитов Өткүрбек Асилбекович – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.

 

   4. Ар кандай маселелер.

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                                                                         Э.Токтошев