Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму  3-июнь  2019 –жыл, саат 10-00        1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

30-05-2019 17:44

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

      

3-июнь  2019 –жыл, саат 10-00        1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

            1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету.

            Баяндамачы:

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович –Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

            Чакырылгандар:

            Марипов Улукбек Асамидинович –Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.

 

            2.“2019-2022–жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү” максаттуу мамлекеттик программасынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-мартындагы  майындагы № 112 токтому).

            Баяндамачылар:

            Калиева Гульбара Утюровна -Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотунун торагасы;

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна -Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

            Атаназаров Нурланбек Алайдинович -Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешинин төрагасы;

            Ибраимов Рустам Изираилович -Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин директору.

 

          3.“Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) менен кызматташтык жана Глобалдык экологиялык фонду финансылаган долбоорлордун натыйжалуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаты Э.Дж. Байбакпаев  тарабынан демилгеленип киргизилет.

            Баяндамачы:

            Байбакпаев  Экмат Джурукпаевич -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 

           

            4.“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги №185 токтому). Экинчи окууда.

  Баяндамачы:

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна -Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            5Ар кандай маселелер.

           

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                             Э.Токтошев