Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 1-апрель  2019 –жыл, саат 10-00         1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

28-03-2019 12:33

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

1-апрель  2019 –жыл, саат 10-00                                 1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

  1. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын  6-мартындагы №107 токтому).

            Баяндамачы:

            Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри.

           

            2.“Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы №108 токтому).

            Баяндамачы:

            Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри.

 

            3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фонду ортосундагы “Айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу” боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Абдиев Бактыбек Абышевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            4. “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору (кошумча иштелип чыккан долбоор). Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Джаманкулов Марат Тургунбаевич – Кыргыз Республикасынын юстиция министри.

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна – Кыргыз Республикасынын финансы министри.

 

            5. «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-июнундагы № 275-токтому). Үчүнчү окууда.

            Баяндамачы:

            Токтошев Эмиль Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            6. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                              Э.Токтошев