Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 4-март 2019 –жыл, саат 10-00          1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

28-02-2019 16:26

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

4-март 2019 –жыл, саат 10-00                                                   1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

            1. 2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы №59 токтому).

            Баяндамачы:

            Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович– Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри.

 

            2. Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкиялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Мырза-Аке, Дон-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору жана Европа бирлиги тарабынан “Мырза-Аке, Дон-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо” долбооруна берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Абдиев Бактыбек Абышевич- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            3. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы №410 токтому).

            Баяндамачы:

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

             

            4. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                    Э.Токтошев