Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 25-февраль 2019 –жыл, саат 10-00       1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

21-02-2019 13:18

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

25-февраль 2019 –жыл, саат 10-00                                       1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

            1. “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №633 токтому).

            Баяндамачы:

            Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

           

            2. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Туркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-февралындагы №48 токтому).

            Баяндамачы:

            Чолпонбаев Космосбек Сариевич – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри.

 

            3. Чарбакер субъектилерге республикалык бюджеттен эгемен жылдары берилген бюджеттик насыялардын кырдаалы жөнүндө маалымат.

            Баяндамачы:

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

            Төрөмаматов Жусубали Кыргызбаевич – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

             

            4. Ар кандай маселелер.

 

 

            Бюджет жана финансы боюнча

            комитетинин төрагасынын орун басары                                               У.Примов