Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 11-февраль 2019 –жыл, саат 10-00         1 –кабат, Батыш залы. КҮН    ТАРТИБИ

07-02-2019 14:34

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

11-февраль 2019 –жыл, саат 10-00                                 1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН    ТАРТИБИ

 

            1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, А.Айдаров, И.Гайпкулов, Д.Бекешев, А.Султанов, Д.Исаева тарабынан демилгеленип киргизилген “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз               Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Үчүнчү окууга.

          Баяндамачы:

          Токтошев Эмиль Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

         2. «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-июнундагы №275 токтому).

            Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

                3. “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Баяндамачы:

            Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан демилгеленип киргизилген “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Баяндамачы:

            Байпакбаев Экмат Джурукпаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

             5. Ар кандай маселелер.

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                                  Э.Токтошев