Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 24-декабрь 2018–жыл, саат 10-00            1–кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

20-12-2018 15:08

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

24-декабрь 2018–жыл, саат 10-00                                                1–кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ 

 

            1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан демилгеленип киргизилген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Баяндамачы:

            Жеенчороев Мирлан Канатбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

           

            2. “2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы №572 токтому).

            Баяндамачы:

            Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

            Онолбеков Алмаз Мадылбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы.

 

            3.“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 20-июнундагы №292 токтому).

            Баяндамачы:

            Ирсалиев Медер Эсенгулович – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

 

            4. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарын туруктуулугун күчөтүү” боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри.

 

            5. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы  №171 токтому).

Баяндамачы:

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            6. Ар кандай маселелер.

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                                  Э.Токтошев