6 – июнь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш зал.

12-06-2016 16:52

 

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

6 – июнь  2016-жыл,  саат 10-00                                           1- кабат, Батыш зал.

 

КҮН ТАРТИБИ

           

            1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  11 –майындагы  №238 токтому). Экинчи окууга.

            Баяндамачы:

            Шадиев Аскарбек  Алимбаевич  – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            2.”Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Бокоев тарабынан демилгеленип киргизилген.

            Баяндамачы:

            Бокоев Кенжебек Сатымкулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            3.”Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Бокоев тарабынан демилгеленип киргизилген.

            Баяндамачы:

            Бокоев Кенжебек Сатымкулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            4.2015 –жылдын 13 –декабрындагы Эль –Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, кирешеге жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  11 –майындагы  №245 токтому).

            Баяндамачы:

            Кожошев Арзыбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын экономика министри.

 

            5. “Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд арабиялык Өнүктүрүү Фонду ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору (макулдашууга кирзилет).

            Баяндамачы:

            Батыралиев  Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын  саламаттык сактоо министри.

            6.2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету.

            Баяндамачы:

            Абдыгулов Толкунбек  – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

                       

            7.Ар кандай маселелер.

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                А. Шадиев