КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТТИК КОДЕКСИ

08-09-2016 11:36

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси

Бишкек шаары, 2016-жылдын 16-майы № 59

(КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилүүдө)

Ушул Кодекс республикалык, жергиликтүү бюджеттерди, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттерин (мындан ары - Социалдык фонд), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин (мындан ары - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) түзүү, кароо, бекитүү, тактоо жана аткаруу процессинде мамлекеттик каржыларды башкаруу чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин белгилейт, бюджеттик процесстин катышуучуларынын статусун белгилейт, бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин укуктук негизин аныктайт.

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава. Негизги түшүнүктөр жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин укуктук негиздери

1-берене. Бюджеттик укуктук мамилелер

Бюджеттик укуктук мамилелерге төмөнкүлөр кирет:

1) бюджеттердин кирешелерин түзүү жана чыгашаларды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык карызга алууларды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык карызды жөнгө салуу процессинде келип чыгуучу мамилелер;

2) бюджеттердин долбоорлорун түзүү жана кароо, бюджеттерди бекитүү, тактоо жана бюджеттерди аткаруу, алардын аткарылышын контролдоо, эсепке алууну жүргүзүү, бюджеттик отчеттуулукту түзүү, кароо жана бюджеттик отчеттуулукту бекитүү процессинде бюджеттик процесстин катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу мамилелер.

2-берене. Ушул Кодексте пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер

1. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:

1) бюджет ресурстарынын администратору - Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин чегерүү, жыйноо, эсепке алуу жана салыктык, салыктык эмес кирешелерин (ресурстарын) чегерүүнүн тууралыгын, толуктугун жана өз убагындалуугун контролдоо боюнча бир же иш-милдеттердин жыйындысын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрү;

2) активдер - өткөн мезгилдердеги операциялардын натыйжаларында мамлекеттик, муниципалдык менчикке алынган, баалуулук наркына ээ болгон мүлктүк жана мүлктүк эмес жыргалчылыктар жана укуктар;

3) бюджет - мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттерин жана иш-милдеттерин каржылык камсыз кылуу үчүн арналган акча каражаттарын түзүүнүн жана чыгашалоонун таризи;

4) бюджеттик резолюция - орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттик саясаттын негизги багыттары жана республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) үчүн багыт болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары Жогорку Кеңеш) тарабынан аныкталуучу мамлекеттик бюджеттин артыкчылыктары;

5) бюджеттик тутум - бюджеттик процессти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу укуктун ченемдери менен регламенттелүүчү мамилелердин тутуму, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык мамилелерине жана мамлекеттик түзүлүшүнө негизделген республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин жыйындысы;

6) бюджеттик смета - бюджеттик мекеменин кирешелеринин жана чыгашаларынын көлөмүн квартал боюнча бөлүштүрүү менен бюджеттик классификацияга ылайык аныктоочу документ;

7) бюджеттик милдеттенме - бюджеттик каражаттарды алуучунун бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга, келишимге же макулдашууга ылайык белгилүү милдеттерди аткарууну камсыз кылуу милдеттенмеси;

8) бюджеттик мекеме - бул иши тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу, башкаруучулук, социалдык-маданий, илимий-техникалык же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мекеме;

9) бюджеттик ассигнованиелер - тиешелүү жылга анын бөлүштүрүлүшүнө ылайык бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджет менен каралган акча каражаттары;

10) бюджеттик насыя - кайтарып берүү, мөөнөттүүлүк жана акы төлөөчүлүк шарттарында бюджеттик каражаттарды алуучуга республикалык бюджеттен жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилүүчү акча каражаттары;

11) бюджеттик процесс - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттелген бюджеттердин долбоорлорун түзүү жана кароо, бюджеттерди бекитүү, тактоо жана аткаруу, эсеп алууну жүргүзүү жана отчеттуулукту түзүү, каржылык башкаруу жана контролдоо боюнча иш;

12) бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү - бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылар менен аныкталган, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүчүлөр менен алуучулардын ортосунда бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;

13) мамлекеттик кепилдик - Өкмөт зайымчы милдеттенмелерди белгиленген мөөнөттө аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда насыя берүүчүлөрдүн алдында карызды толугу менен же жарым-жартылай тындырууга милдеттенген жазуу жүзүндөгү милдеттенме;

14) мамлекеттик (муниципалдык) баалуу кагаздар - Өкмөттүн (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) атынан бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы) тарабынан эмитенттелүүчү баалуу кагаздар;

15) мамлекеттик каржы - экономикалык мамилелердин жыйындысы, өз органдарын күтүү жана өзүнө тиешелүү иш-милдеттерди аткаруу үчүн мамлекетке зарыл болгон акча фонддорун түзүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тутуму;

16) мамлекеттик тышкы карыз - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир датага Кыргыз Республикасынын насыя берүүчүлөрүнүн-резидент эместеринин алдындагы өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган мамлекеттик тышкы зайымдарынын же башка карыздык милдеттенмелеринин суммасы болгон мамлекеттик карыздын курамдык бөлүгү;

17) мамлекеттик тышкы зайым - аларда Кыргыз Республикасынын резиденти эмеси насыячы болуп чыккан, ал эми Кыргыз Республикасынын атынан Өкмөт зайымчы болуп чыккан насыялык макулдашуу боюнча же башка карыздык милдеттенмелер боюнча мамилелер;

18) мамлекеттик ички карыз - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир датага Кыргыз Республикасынын насыя берүүчүлөрүнүн-резиденттеринин алдындагы өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган ички зайымдарынын же башка карыздык милдеттенмелеринин суммасы болгон мамлекеттик карыздын курамдык бөлүгү;

19) мамлекеттик ички зайым - аларда Кыргыз Республикасынын резиденти насыячы болуп чыккан, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зайымчы болуп чыккан насыялык макулдашуу боюнча же башка карыздык милдеттенмелер боюнча мамилелер;

20) мамлекеттик карыз - мамлекеттин насыялык макулдашуусу боюнча же башка карыздык милдеттенмелери боюнча белгилүү бир датага Кыргыз Республикасынын өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган ички жана тышкы мамлекеттик карызынын жалпы суммасы;

21) грант - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдарына донорлор тарабынан берилүүчү акысыз каржылык же техникалык жардам, ошондой эле республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге акысыз жана кайтарымсыз берилген акча каражаттары (трансферттер);

22) депозиттик суммалар - бюджеттик каражаттарды башка тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) убактылуу тескөөсүнө келип түшүүчү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган шарттар келгенде ал каражаттарды берген субъекттерге кайтарып берилүүгө же арналышы боюнча өткөрүп берүүгө жаткан каражаттар;

23) карыздык милдеттенме - баалуу кагаздар, насыялык макулдашуулар, насыялык келишимдер, келишүүлөр жана башка милдеттенмелер боюнча кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдөгү жазуудагы белгилүү бир акча каражаттарын карызга алуунун же болбосо тиешелүү суммаларды же келишимде айтылган товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү толугу менен же жарым-жартылай ордун толтуруу милдеттенмеси менен товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу фактысын белгилөөчү милдеттенмелердин бардык түрлөрү;

24) жергиликтүү бюджеттин кирешелик дарамети - экономикалык өнүгүүнүн деңгээлине, экономиканын түзүмүнө, ошондой эле салыктык базага негизденип, алынышы мүмкүн болгон жергиликтүү бюджеттердин кирешелерине баа берүү;

25) зайым - белгилүү бир шарттарда Кыргыз Республикасынын резиденттерине насыялык макулдашуунун негизинде ички же чет өлкөлүк насыя берүүчүлөр тарабынан карызга берилүүчү акча каражаттары, материалдык баалуулуктар, кызмат көрсөтүүлөр;

26) карызга алуу - зайым каражаттарын тартуунун зарылдыгы жөнүндө чечимди кабыл алуу; зайымды тартуунун, пайдалануунун, тындыруунун жана тейлөөнүн тартибин жана шарттарын аныктоо жол-жоболорун; сүйлөшүүлөрдүн; милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиктеринин; зайым боюнча тиешелүү документтерди жол-жоболоштуруунун жана кол коюунун; зайым келишимин ратификациялоонун (мамлекеттик тышкы карызга алууда); зайым каражаттарын алуунун, пайдалануунун; тараптардын милдеттенмелерди аткаруусун эсепке алууну, контролдоону жана талдоону кошуп алганда, зайымды тындыруунун жана тейлөөнүн жол-жобосун өзүнө камтыган процесс;

27) корголгон беренелер - биринчи кезектеги тартипте каржылоого сунуш кылынган жана кыскартылууга жатпаган чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелери: эмгек акы, Социалдык фондго төгүмдөр, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга, тамак-аш азыктарын сатып алууга, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдарга, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар;

28) чет өлкөлүк насыя берүүчүлөр - макулдашуулар же башка карыздык милдеттенмелер боюнча каражаттарды берүүчү Кыргыз Республикасынын резиденти эместер;

29) контролдук цифралар - алардын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгашаларын түзүү жүзөгө ашырылган бюджеттик каражаттарынын жогорку чегинин көрсөткүчү;

30) насыялык макулдашуу - акча каражаттары, материалдык баалуулуктар, кызмат көрсөтүүлөр таризинде зайым алуу максатында түзүлгөн жана аларды кайтарып берүү, пайыздарды жана башка сарптоолорду төлөө боюнча шарттарды камтыган зайымчы менен насыячынын ортосундагы келишим болуп саналган юридикалык документ;

31) бюджеттик милдеттенмелердин лимити - алуучу тарабынан бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджеттик каражаттардын чектик ченеми;

32) эл аралык келишим - Кыргыз Республикасынын бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен эл аралык мамилелер жаатындагы укуктарга жана милдеттенмелерге карата тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусу;

33) резидент эмес - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жери же туруктуу жашаган орду бар, чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык катталган жана түзүлгөн юридикалык же жеке жак;

34) каржылык эмес активдер - бул мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдалануусунда жана карамагында болгон, аларды пайдалануунун же сактоонун натыйжасында аларга реалдуу же болбосо потенциалдуу экономикалык пайдаларды белгилүү мезгилдин ичинде алып келүүчү объекттер;

35) расмий трансферттер - үзгүлтүксүз эмес, бир жолку, ыктыярдуу мүнөздөгү, мамлекеттик башкаруунун башка органдарынан (резиденттерден жана резидент эместерден) же эл аралык уюмдардан алынган акысыз, кайтарып берүүсүз түшүүлөр;

36) кезектеги бюджеттик жыл - учурдагы бюджеттик жылдан кийинки жыл;

37) бюджеттик каражаттарды алуучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, тиешелүү органдын чечиминин же келишимдин негизинде бюджеттик каражаттарды алууга укуктуу жана аларды пайдалануу жана эсепке алуу үчүн жооптуу бюджеттик же башка мекеме;

38) болжолдонуучу мезгил - кезектеги бюджеттик жылдан кийинки эки жыл;

39) бюджеттик каражаттарды тескөөчү - бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнүн карамагында болгон, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнөн бюджеттик ассигнованиелерди алуучу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мекеме;

40) мамлекеттик башкаруу сектору - бул тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик органдардын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын караштуулугундагы уюмдардын, мекемелердин жыйындысы;

41) Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясаты боюнча Өкмөттүк кеңеши (мындан ары - Өкмөттүк кеңеш) - Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясатынын негизги багыттарын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин долбоорун жана аларды секвестрлөөнү кароо, бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик көрсөткүчтөрү жана аларды түзүүдө пикир келишпестиктер боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн Өкмөт тарабынан түзүлгөн коллегиялык орган;

42) учурдагы бюджеттик жыл - кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджеттин аткарылышы, бюджеттин долбоорун түзүү жана кароо жүзөгө ашырылган жыл;

43) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - бюджеттик жана каржылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну, координациялык жөнгө салууну жана аткаруучулук иш-милдеттерди аткарууну жүзөгө ашырууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;

44) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - экономикалык өнүктүрүү жана салык чөйрөсү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашырууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;

45) бекитилген бюджеттер - киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, Жогорку Кеңеш же жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынган тиешелүү бюджеттер;

46) такталган бюджеттер - киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынган тиешелүү бюджеттер;

47) каржылык активдер - бул алардын ээлерине башка институционалдык бирдиктерден контрактта (келишимде) каралган шарттарга жана жоболорго ылайык бир же бир нече төлөмдөрдү алууга укук берген активдер;

48) фискалдык саясат - бул мамлекеттик каржыларды башкаруу жана жөнгө салуу боюнча бюджеттик-салыктык саясат.

2. Ушул беренеде көрсөтүлбөгөн Кыргыз Республикасынын бюджет мыйзамдарынын башка терминдери жана түшүнүктөрү ушул Кодекстин тиешелүү беренелеринде аныкталуучу маанилерде пайдаланылат. Эгерде ушул Кодексте башка каралбаса, ушул Кодексте пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын терминдери жана түшүнүктөрү мыйзамдардын бул тармактарында кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.

3-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Кодекстен жана ага ылайык кабыл алынган бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылардан, бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.

Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга төмөнкүлөр кирет:

- республикалык бюджет жөнүндө мыйзам;

- Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндө мыйзамдар;

- жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү бюджеттер жөнүндө ченемдик укуктук актылары.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген учурда, бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салууда ушул Кодекстин ченемдери артыкчылыктуу болуп саналат.

3. Эгерде эл аралык келишимдерде ушул Кодексте каралбаган башка жоболор белгиленсе, анда Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.

4-берене. Бюджеттик мыйзамдардын колдонулушу

1. Мамлекеттик каржылар чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат жана бюджеттик процесстин бардык катышуучуларына жайылтылат.

2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик кирешелерин жана (же) чыгашаларын өзгөртүүгө алып келе турган, Жогорку Кеңешке (жергиликтүү кеңештерге) бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизген күндөн кийин кабыл алынган ченемдик укуктук актылар кезектеги бюджеттик жылдан кийинки жылдын 1-январынан эрте эмес күчүнө кирүү жөнүндө жобону камтууга тийиш.

5-берене. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашуу

1. Бюджетке жана мамлекеттик каржыларга тиешелүү маселелер чагылдырылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.

2. Мамлекеттин каржылык милдеттенмелерин өзгөртүү жөнүндө; республикалык бюджеттен каржылануучу бюджет чыгашаларын көбөйтүү жөнүндө, же болбосо анын ресурстарын кыскартууну караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөттүн макулдугу менен гана кабыл алынат.

3. Сот тутумунун бюджетине тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары -Судьялар кеңеши) менен милдеттүү макулдашылууга жатат.

II БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТТИК ТУТУМУ

2-глава. Жалпы жоболор

6-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун принциптери

1. Бирдиктүүлүк принциби төмөнкүлөрдү билдирет:

1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумун уюштуруунун жана иштөөсүнүн негиздерин, бюджеттик документацияларынын жана отчеттуулугунун формаларын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясын (мындан ары - Бюджеттик классификация), Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын бузгандыгы үчүн санкциялардын бирдиктүүлүгүн;

2) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин белгилөөнүн, түзүүнүн жана кирешелерин аткаруунун жана чыгашалык милдеттенмелерин жүзөгө ашыруунун, бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнүн жана бюджеттердин жана бюджеттик мекемелердин отчеттуулуугун түзүүнүн бирдиктүү тартибин;

3) Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүзөгө ашырылуучу бюджетти аткаруу боюнча операцияларды кошпогондо, бюджеттин бардык ресурстарын кошууну жана бюджеттин бардык чыгашаларын бирдиктүү казыналык эсептен алууну жүзөгө ашырууну.

2. Толуктук принциби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык кирешелерди жана чыгашаларды бюджеттерде толук көлөмдө жана милдеттүү тартипте чагылдырууну билдирет.

3. Натыйжалуулук жана майнаптуулук принциби бюджеттердин түзүлүшү жана аткарылышы алдыдагы мезгилге каралган максаттарга каражаттардын минималдуу көлөмүн тартуу менен жетишүү же тескөөсүндө болгон бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен максималдуу натыйжаларга жетишүү зарылдыгынан жүзөгө ашырыла тургандыгын билдирет.

4. Артыкчылыктуулук принциби бюджеттерди Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясында аныкталган багыттарга жана Кыргыз Республикасынын жана анын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына ылайык бюджеттерди түзүүнү билдирет.

5. Ырааттуулук принциби мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бирдиктүү фискалдык саясатты жүргүзүүнү жана бюджеттик укук мамилелери чөйрөсүндө мурда кабыл алынган чечимдерди сактоону билдирет.

6. Бюджеттердин өз алдынчалуулук принциби төмөнкүлөрдү билдирет:

1) тиешелүү бюджеттерге кирешелердин өздүк булактарын туруктуу негизде бекитип берүүнү;

2) бюджеттер аралык максаттуу трансферттерди кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын бюджет мыйзамдарына ылайык каражаттарды пайдалануунун багыттарын өз алдынча аныктоого укугун;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттердин теңдештүүлүгүн жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун майнаптуулугун өз алдынча камсыз кылууга укуктарын жана милдеттерин.

7. Бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн бюджет процессинин катышуучуларынын жоопкерчилиги принциби өзүнүн иш-аракеттери, аныкталган каржылык маалыматтарга, кайтарымдуу жана кайтарымсыз негизде бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы, өз учурунда кириштебегендиги жана которбогондугу үчүн бюджеттик процесстин ар бир катышуучусунун жоопкерчилигин карайт.

8. Айкындуулук принциби мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды камтыган маалыматтардан башка, бюджеттерди түзүүдө, кароодо, бекитүүдө, тактоодо жана аткарууда маалыматтардын жана мамлекеттин бюджеттик саясатына тиешелүү башка маалыматтардын ачыктыгын карайт.

9. Бюджеттин теңдештүүлүк принциби бюджеттин каралган жалпы чыгашаларынын көлөмү бюджеттин ресурстарынын суммалык көлөмүнө ылайык келүүгө тийиштигин билдирет.

7-берене. Бюджеттик жыл

Кыргыз Республикасынын аймагында 1-январдан тартып 31-декабрды кошуп алгандагы убакыттын арасы бюджеттик жыл болуп саналат.

8-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясы

1. Бюджеттик классификация бюджеттердин кирешелеринин, операциялык чыгашаларынын, мамлекеттик (муниципалдык) каржылык жана каржылык эмес активдери жана милдеттемелери менен байланышкан бюджеттик түшүүлөрдүн жана чыгашалардын, бюджеттерди түзүү жана аткаруу, бюджеттик отчеттуулукту түзүүнү, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумумун бюджеттеринин көрсөткүчтөрүнүн салыштырмалуулугун камсыз кылуучу тобун, ошондой эле бюджеттик статистиканын формаларын жана аларды эл аралык көрсөткүчтөр менен салыштырууну бир түргө келтирүүнү билдирет.

Бюджеттик классификация мамлекеттик башкаруу сектору үчүн Эсептердин бирдиктүү планынын бөлүгү болуп саналат.

2. Бюджеттик классификация төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) кирешелердин классификациясы;

2) чыгашалардын экономикалык классификациясы;

3) активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы;

4) функционалдык классификация;

5) ведомстволук классификация;

6) программалык классификация.

3. Кыргыз Республикасынын бюджеттеринин кирешелеринин классификациясы бюджеттердин кирешелерин топтоо болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттеринин кирешелерин түзүүчү булактарын аныктоочу мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына негизделет.

4. Чыгашалардын экономикалык классификациясы мамлекеттик башкаруу секторунда жүзөгө ашырылуучу операциялардын экономикалык мазмунуна жараша бюджеттер чыгашаларынын топтому болуп саналат.

5. Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы активдер жана милдеттенмелер менен байланышкан бардык акча операциялары үчүн коддорду камтыйт. Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар тиешелүү кодификациялоосу менен акчалардын түшүүлөрүнө жана акчалай төлөмдөргө бөлүнөт.

6. Функционалдык классификация мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин аткарууга чыгашаларынын классификациясын камсыз кылган алардын иш-милдеттерин классификациялоону сунуштайт.

7. Ведомстволук классификация бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү, алуучулары), бюджет ресурстарынын администраторлору болуп саналган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бюджеттик мекемелердин классификациясын билдирет.

8. Программалык классификация конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган экономиканын тиешелүү тармактарында (секторлорунда) бюджеттик программалар менен аныкталган чыгашалардын топтоолорун билдирет.

9. Бюджеттик классификация Өкмөт тарабынан бекитилет.

3-глава. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутуму

9-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун түзүмү

Бюджеттик тутум төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) республикалык бюджетти;

2) Социалдык Фонддун бюджетин;

3) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин;

4) жергиликтүү бюджеттерди.

10-берене. Республикалык бюджет

1. Республикалык бюджет - бул мамлекеттик органдардын, алардын караштуулугундагы бюджеттик мекемелердин милдеттерин жана иш-милдеттерин каржылык камсыз кылуу үчүн арналган акча каражаттарынын жыйындысы.

2. Республикалык бюджет ар жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.

11-берене. Социалдык фонддун бюджети

1. Социалдык фонддун бюджети - мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү милдеттерди каржылык камсыз кылуу жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн багытталган акча каражаттарынын фонду.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.

12-берене. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети

1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети - бул базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын милдеттерин жана иш-милдеттерин каржылык камсыз кылуу үчүн арналган акча каражаттарынын топтоштурулган фонду.

2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети ар жылы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет.

13-берене. Жергиликтүү бюджеттер

1. Жергиликтүү бюджет - айылдык аймактын жана шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү, аткарууну жана контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү бюджеттер жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен бекитилет.

14-берене. Мамлекеттик бюджет жана мамлекеттик башкаруу секторунун бюджети

1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин түзөт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин жана аны аткаруу жөнүндө жылдык отчетту ар жылы түзөт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте бюджеттерди жана аларды аткаруу жөнүндө тиешелүү отчетторду бекиткенден кийин Өкмөткө жана Жогорку Кеңешке маалымат үчүн берет.

3. Мамлекеттик бюджет жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин түзөт.

4. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыктыярдуу кайрымдуулуктардын эсебинен түзүлүүчү фонддорду кошпогондо, бюджеттик эмес фонддорду түзүүгө тыюу салынат.

15-берене. Өзгөчө бюджет

1. Өзгөчө бюджети Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө же аскердик абалды киргизүүдө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинин (мындан ары - Мамлекеттик бюджеттик резерв) каражаттары жетишсиз болгон учурда бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен кабыл алынат.

2. Өзгөчө же аскердик абалды киргизүү менен байланышкан иш-чараларды максаттуу финансылоо үчүн Өкмөт тарабынан киргизилген өзгөчө бюджет Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте ушул Кодекстин 100-беренесине ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча каралат жана бекитилет.

III БӨЛҮМ. РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕРДИН ТҮЗҮМҮ

4-глава. Бюджеттердин түзүмү

16-берене. Бюджеттердин түзүмү

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана бекитүү, ошондой эле аларды аткаруу жөнүндө отчетторду түзүү мамлекеттик каржылардын статистикасынын эл аралык стандарттарына ылайык аныкталуучу түзүм боюнча жүзөгө ашырылат.

17-берене. Бюджеттин ресурстары

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ресурстары бюджетке төмөнкүдөй түшүүлөрдү камтыйт:

1) бюджеттин кирешелери;

2) каржылык эмес активдер менен операциялардан түшүүлөр;

3) каржылык активдер менен операциялардан түшүүлөр;

4) милдеттенмелерди кабыл алуунун натыйжасындагы түшүүлөр.

Бюджеттин кирешелеринин жана каржылык эмес активдер менен операциялардан түшүүлөрдүн суммасы бюджеттин жыйынды кирешелерин түзөт.

18-берене. Бюджеттин кирешелери

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген салыктар, салыктык эмес төлөмдөр, төгүмдөр, чегерүүлөр жана жыйымдар түрүндө, ошондой эле алынган трансферттер түрүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү бюджетине түшүп жаткан акча каражаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелери болуп саналат.

2. Салыктык кирешелер Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары менен каралган салыктардан, жыйымдардан жана чегерүүлөрдөн түшүүлөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кошуп эсептелген пайыздардан, туумдардан жана санкциялардан түшүүлөрдү камтыйт.

3. Салыктык эмес кирешелер - бул салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган жана салык, бажы төлөмдөрү, мамлекеттик социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөр жана расмий трансферттер болуп саналбаган мамлекеттик бюджеттин кирешелери.

4. Алынган расмий трансферттер төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) чет өлкөлүк мамлекеттердин өкмөттөрүнөн алынган гранттар;

2) эл аралдык уюмдардан алынган гранттар;

3) бюджеттер аралык трансферттер.

5. Капиталдык кирешелерге капиталдык активдерди (негизги фонддорду, мамлекеттик запастарды жана резервдерди, жерди) сатуудан алынган кирешелер кирет. Капиталдык кирешелер жана алынган расмий трансферттер капиталдык чыгымдарды каржылоого багытталат.

19-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдөн кирешелер түрүндө алынуучу каражаттар мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр болуп саналат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдү түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдүн курамына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кирешелердин башка түрлөрүн киргизүүгө тыюу салынат.

20-берене. Активдер менен операциялардан түшүүлөр жана милдеттенмелерди кабыл алуу

1. Каржылык эмес жана каржылык активдер менен операциялардан жана милдеттемелерди кабыл алуу менен байланышкан операциялардан бардык акчалай түшүүлөр бюджеттин ресурстук бөлүгүндө чагылдырылат.

2. Негизги фонддордун, запастардын жана өндүрүштүк эмес активдердин бардык түрлөрүн сатуудан акчалай каражаттар каржылык эмес активдер менен операциялардан түшүүлөр болуп саналат.

3. Узак мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатууну жана ишканалардын менчигинин (акцияларынын) мамлекеттик (муниципалдык) үлүшүн сатууну кошуп алганда каржылык активдерди сатуудан түшкөн акчалай каражаттар каржылык активдер менен операциялардан түшүүлөр болуп саналат.

4. Ички жана тышкы булактардан карызга алуулардан түшкөн акчалай каражаттар милдеттемелерди кабыл алуу менен байланышкан операциялардан түшүүлөр болуп саналат.

21-берене. Бюджеттин чыгашалары

1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын чектөөгө ылайык сарптоо милдеттемелерин жабуу үчүн багытталган акча каражаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары болуп саналат.

2. Бюджеттин жалпы чыгашалары төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) операциялык чыгашаларды;

2) каржылык эмес активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгашаларды;

3) каржылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгашаларды;

4) милдеттемелердин негизги бөлүгүн жабуу үчүн чыгашаларды.

3. Бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын керектөөлөрү учурдагы каржылык жылга эмгекке акы төлөө фондунун, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка чыгашалар бюджетинин милдеттенмелерине негизделген эсептөөлөрдүн негизинде түзүлөт.

4. Операциялык чыгашалардын жана каржылык эмес активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгашалардын суммасы бюджеттин жыйынды чыгашаларын түзөт.

22-берене. Учурдагы операциялык чыгашалар

1. Операциялык чыгашалар алардын экономикалык маңызы боюнча төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) кызматкерлердин эмгегине акы төлөө;

2) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу;

3) пайыздар;

4) субсидиялар;

5) гранттар;

6) социалдык жөлөкпулдар;

7) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана ушул Кодекс менен белгиленген резервдик фонддорду түзүүгө чыгашаларды кошуп алганда, категориялар боюнча бөлүштүрүлбөгөн башка чыгашалар.

2. Кызматкерлердин эмгегине акы төлөөгө бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине аткарылган иштер үчүн акчалай формадагы сый акыны жана өз каражаттарынын эсебинен капитал топтоо менен байланышкан иштерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык чегерүүлөрдү өзүнө камтыйт. Бул категорияга эмгекке акы төлөө жана Социалдык фондко чегерүүлөр кирет.

3. Товарларды: кеңселик багыттагы, негизги фонддорду, аспаптарды жана жабдууларды, атайын кийимди техникалык тейлөө жана учурдагы ремонттоо үчүн товарларды сатып алууга, ошондой эле кызматтык иш сапарларынын убагында берилүүчү транспорттук жана мейманкана кызмат көрсөтүүлөрүнө, кызматкерлерди окутуп-үйрөтүүгө жана башкаларга акы төлөөгө чыгашалар "товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу" категориясы боюнча чыгашалар болуп саналат.

Бюджеттик мекемелер тарабынан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Тышкы жана ички булактардан алынган насыялар жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөп берүү пайыздык төлөөлөр болуп саналат.

5. Субсидиялар - мамлекеттин экономикалык жана социалдык саясатына ылайык өздөрүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырууда тарткан зыяндарын компенсациялоо үчүн акысыз жана кайтарылгыс негизде товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөргө - юридикалык жактарга берилүүчү акча каражаттары.

6. Гранттар - эл аралык келишимдерге, өкмөттөр аралык макулдашууларга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык акысыз жана кайтарымсыз негизде берилүүчү акча каражаттары.

7. Социалдык жактан аярлуу калктын катмарына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык берилүүчү чыгашалар социалдык жөлөкпулдар болуп саналат.

8. Башка чыгашалар - стипендияларды, сот органдарынын чечимдерине ылайык мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттерин (аракетсиздиги) менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга төлөп берүүгө, ошондой эле Мамлекеттик бюджеттик резервди жана ушул Кодекс менен белгиленген башка резервдик фонддорду түзүүгө зарыл болгон чыгашалар.

23-берене. Мамлекеттик бюджеттик резерв

1. Мамлекеттик бюджеттик резерв учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылуучу күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин курамында түзүлөт.

2. Мамлекеттик бюджеттик резерв төмөнкүдөй жагдайлар менен байланышкан чукул жана күтүлбөгөн зарылдыктардын учурунда пайдаланылат:

1) экономикалык шарттардын жагымсыз кескин өзгөрүүсүндө;

2) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда;

3) саясий мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда жана аскердик абалда;

4) башка өлкөгө гуманитардык жардамды көрсөтүүдө;

5) экономиканы өнүктүрүүгө;

6) Кыргыз Республикасына болгон доолор боюнча эл аралык бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аткарууда.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланылбаган учурда бул каражаттар бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат.

4. Мамлекеттик бюджеттик резервдин өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет жана республикалык бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнөн 2 пайыздан ашык эмести (Мамлекеттик бюджеттик резервди эске албаганда) түзөт.

5. Мамлекеттик бюджеттик резервди пайдалануу Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат.

24-берене. Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонду

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттердин курамында резервдик фонд түзүшү мүмкүн. Резерв жергиликтүү бюджетке өздүк кирешелерден учурдагы түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.

2. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн 1 пайызынан ашык эмес болуусу керек (бюджеттин резервинин каражаттарын жана аткаруу бийлик органдарынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн суммаларын эсепке албаганда).

3. Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фондорун пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ушул Кодекстин жоболоруна ылайык кабыл алынат.

4. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:

1) шайлоо, референдум өткөрүүгө;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү кеңештердин жетекчилеринин ишин чагылдырууга;

3) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга материалдык сыйакы берүүгө;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.

5. Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө маалыматтар аларды аткаруу жөнүндө отчетторго тиркелет жана милдеттүү жарыяланууга жатат.

25-берене. Резервдик фонддор

1. Республикалык бюджетте кезектеги бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Премьер-министринин резервдик фонддорун түзүү каралат.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджеттин бекитилген чыгашаларынын 0,02 пайызынан ашык эмести түзөт (резервдик фонддун суммасын эсепке албаганда).

3. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Премьер-министринин чечимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим тиешелүү мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттарына жарыяланууга жатат.

4. Резервдик фонддордун каражаттары социалдык маанилүү мүнөздөгү чукул жана күтүлбөгөн чыгашаларды каржылык камсыз кылууга гана пайдаланылат;

5. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:

1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Премьер-министринин ишин чагылдырууга;

3) мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысына жана материалдык сыйлык берүүгө;

4) мамлекеттик органдардын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.

6. Резервдик фонддорду пайдалануу жөнүндө маалымат республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө отчетко тиркелет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына милдеттүү жарыяланууга жатат.

26-берене. Каржылык эмес жана каржылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу жана милдеттенмелерди жабуу үчүн бюджеттин чыгашалары

1. Каржылык эмес активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттин чыгашаларына негизги фонддордун бардык түрлөрүн, запастарды жана өндүрүштүк эмес активдерди сатып алуу, капиталдык ремонттоо жана түзүү менен байланышкан чыгашалар таандык кылынат.

2. Каржылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттин чыгашаларына узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алуу; бюджеттен насыяларды жана ссудаларды берүү; мамлекеттик жана муниципалдык менчикке ишканалардын үлүштөрүн (акцияларын) сатып алууну кошуу менен байланышкан чыгашалар таандык кылынат.

3. Милдеттенмелер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттин чыгашаларына узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча тышкы жана ички булактардан зайымдар келишимдери (макулдашуулары) боюнча карыздардын негизги бөлүгүн жабуу менен байланышкан чыгашалар кирет.

27-берене. Бюджеттин дефицити/профицити

1. Бюджеттин киреше жыйындысынын бюджеттин чыгаша жыйындысынан ашып кетүүсү бюджеттин профицитин түзөт, ал эми бюджеттин чыгаша жыйындысынын бюджеттин киреше жыйындысынан ашып кетүүсү бюджеттин дефицитин түзөт.

2. Республикалык бюджеттин дефицитинин/профицитинин өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет.

3. Каржылык активдер жана милдеттемелер боюнча операциялар менен байланышкан акча каражаттары, ошондой эле Бирдиктүү казыначылык эсептеги каражаттардын калдыгы бюджеттин дефицитин жабуунун (каржылоонун) булактары болуп саналат.

4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер тең салмактуулуктун принцибинин негизинде түзүлөт.

IV БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ИНВЕСТИЦИЯЛАР

5-глава. Бюджеттик инвестициялар

28-берене. Бюджеттик инвестициялар жөнүндө жалпы жоболор

1. Бюджеттик инвестициялар инвестициялык долбоорлордун аркасында инфратүзүмдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө, инновациялык тутумду түзүүгө, социалдык секторду колдоого, мамлекеттик башкаруу секторундагы институттук кайра түзүүлөрдү ишке ашырууну камсыз кылууга багытталат.

Бюджеттик инвестицияларды тартуу менен түзүлгөн өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес объекттер мамлекеттик же муниципалдык башкарууга өткөрүп берилет.

2. Бюджеттик инвестициялар ички инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга төмөнкүдөй түрдө багытталат:

1) капиталдык салымдар;

2) бюджеттик насыялоо;

3) дем берүүчү (үлүштүк) гранттар;

4) региондорду өнүктүрүү фонддор.

3. Бюджеттик инвестициялар тышкы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга төмөнкүдөй түрдө багытталат:

1) мамлекеттик тышкы инвестициялар;

2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк.

4. Ички инвестициялык долбоор анын экономикалык жана социалдык максатка ылайыктуулугун, инвестицияларды жүзөгө ашыруунун көлөмүн жана мөөнөттөрүн, инвестициялык долбоорду этап боюнча ишке ашырууну жана ага баа берүүнү камтыйт.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун кезектеги этабынын шарттарын жана мөөнөттөрүн сактабоо учурдагы цикл аяктаганга чейин аны каржылоону токтотууга алып келет.

Бюджеттик инвестициялар биринчи кезектеги тартипте ички инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүүнү эске алуу менен мурда башталган инвестициялык долбоорлордун аякташына багытталат.

Бекитилген критерийлерге ылайык конкурстук тандоодон өткөн ички инвестициялык долбоорлор ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык бюджеттик инвестициялардын ар бири түрү боюнча өзүнчө ички инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилүүгө жатат.

Ички инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуунун жана техникалык-экономикалык негиздемесин кароонун, тандап алуунун, ишке ашыруунун жана тизмегин түзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

5. Тышкы инвестициялык долбоорлорду тандоонун жана бекитүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

6. Ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылган инвестициялык долбоорлорго карата сунуштар коомдук талкуулоолорду милдеттүү жүргүзүүнү талап кылат.

29-берене. Капиталдык салымдар

1. Капиталдык салымдар - бул төмөнкүдөй негизги фонддорду түзүүгө жана калыбына келтирүүгө багытталган каражаттар:

1) жаңы объекттерди куруу, долбоорлоо-чалгындоо иштерин реконструкциялоо жана иштеп чыгуу;

2) мамлекеттик (муниципалдык) органдарды техникалык жабдуу;

3) машиналарды, жабдууларды жана башка техникаларды сатып алуу.

2. Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу республикалык бюджеттен каржылануучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү белгиленген критерийлерге ылайык Өкмөт тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджеттерден каржылануучулар - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан аныкталат.

Өкмөт республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды бекиткенден кийин бир айдан кечиктирбестен бекитет жана Жогорку Кеңешке жиберет.

3. Капиталдык салымдардын жалпы көлөмү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акты менен аныкталат.

30-берене. Мамлекеттик инвестициялар

1. Мамлекеттик инвестициялар - бул Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашуулардын негизинде тышкы карызга алууларды жана гранттарды эске алуу менен ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду биргелешип каржылоого багытталуучу республикалык бюджеттин каражаттары.

2. Мамлекеттик инвестициялар өнүгүү программаларынын өлкөлүк жана тармактык (секторалдык) алкактарында артыкчылыктуу стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

3. Мамлекеттик инвестициялардын көлөмү жана багыты бюджет жөнүндө мамлекеттик мыйзам менен аныкталат.

31-берене. Бюджеттик насыялоо

1. Бюджеттик насыялар юридикалык жактарга, айылдык товар өндүрүүчүлөргө жана ишкерлерге ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык берилет.

Бюджеттик насыялар республикалык бюджеттен чарбакер субъекттерге республиканын экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдерге ылайык кайтарып берилүүчү негизде товардык-материалдык ресурстар түрүндө берилиши мүмкүн.

2. Бюджеттик насыялар зайымчыга келишимде каралган насыяны жана пайыздарды кайтарып берүү боюнча, мурда берилген насыялар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздар болбогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылган шартта берилиши мүмкүн.

3. Бюджеттик насыялар ушул Кодекстин жоболоруна ылайык республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда аныкталган максаттарга берилет. Бюджеттик насыяларды берүү Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Бюджеттик насыяларды эсептен чыгарып салуу аларды эсептен чыгарып салуунун зарылдыгы жөнүндө жоболордо аныкталуучу (төлөөнүн мөөнөтүнүн өтүп кетүүсү, төлөөчүнүн жоктугу, насыя берүүчү менен насыя алуучунун келишүүсү) тиешелүү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

Банкроттукка байланыштуу юридикалык жак жоюлган учурда бюджеттик насыялар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган тартипте тындырылат.

5. Бюджеттик насыяларды берүү үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын жалпы көлөмү жана аларды тындыруунун көлөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.

6. Бюджеттик насыяларды кайра түзүмдөштүрүү Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат.

32-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга бюджеттик инвестициялар "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бюджеттик инвестициялар техникалык-экономикалык негиздемесине жана долбоордун максатка ылайыктуулугуна Өкмөт ыйгарым укук берген мамлекеттик органдардын экспертизасынын негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасындагы бюджеттик инвестициялардын жалпы көлөмү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акты менен белгиленет.

4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ар бир долбоору боюнча каражаттардын көлөмү Өкмөт тарабынан аныкталат.

33-берене. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар

1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин үлүштүк катышуусу менен жана башка тартылган каражаттар долбоордук-конкурстук негизде республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары.

2. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар жергиликтүү бюджеттин мобилизацияланган ресурстарына кошумча бир же андан ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын инвестициялык долбоорун кош каржылоо Өкмөт тарабынан бекитилген шарттарга ылайык башка тартылган каражаттар түрүндө берилет.

3. Дем берүүчү гранттарды алуучулар долбоорду ишке ашыруунун толуктугу, натыйжалуулугу жана каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартышат, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорду ишке ашыруу жөнүндө отчет беришет.

4. Дем берүүчү гранттардын жалпы көлөмү жыл сайынкы республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

34-берене. Региондорду өнүктүрүү фонддору

1. Региондорду өнүктүрүү фонддору жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларына ылайык максаттуу арналыштагы иш-чараларды ишке ашыруу үчүн багытталат.

2. Региондорду өнүктүрүү фонддору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чегерүүлөрдүн жана башка түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.

3. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун көлөмдөрү жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен каралуучу бюджеттер аралык трансферттердин өлчөмүн аныктоодо эсепке алынбайт.

4. Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн жана алардын каражаттарын башкаруунун тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

35-берене. Бюджеттик инвестицияларды ишке ашыруунун майнаптуулугунун мониторинги жана аны баалоо

1. Ишке ашыруунун майнаптуулугун баалоо ар бир инвестициялык долбоор боюнча жыл сайын жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн баалоону жүргүзүүнүн тартиби жана критерийлери Өкмөт тарабынан белгиленет.

Көрсөтүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Жогорку Кеңешке (жергиликтүү кеңештерге) бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизгенге чейинки 2 айдан кечиктирбестен инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бюджеттик инвестицияларды кыскартуу жөнүндө же аны ишке ашырууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Бюджеттик инвестициялардын эсебинен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттуулуктун тартиби, берүүнүн мөөнөттөрү жана түзүүнүн формалары, мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берет.

V БӨЛҮМ. СОЦИАЛДЫК ФОНДДУН ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУНУН БЮДЖЕТТЕРИНИН ТҮЗҮМҮ

6-глава. Социалдык фондунун бюджетинин түзүмү

36-берене. Бюджеттин түзүмү жөнүндө

Социалдык фонддун бюджетин түзүү жана бекитүү жана анын аткарылышы жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

37-берене. Бюджеттин кирешелери

1. Социалдык фонддун бюджетинин кирешелерине төмөнкүлөр кирет:

1) камсыздандыруучулар жана камсыздандырылган адамдардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү;

2) юридикалык жана жеке жактардын (анын ичинде чет өлкөлүк) ыктыярдуу төгүмдөрү;

3) камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн туумдар жана айыптар;

4) регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлгөн каражаттар;

5) эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөөгө иш берүүчүлөр тарабынан которулуучу каражаттар;

6) жабылган ишканалардын жумушчуларына пенсия жана жөлөкпул төлөө үчүн капиталдаштыруучу сумма;

7) Социалдык фондко тиешелүү ишканалардын акцияларынан дивидендтер;

8) Социалдык фонддун эркин каражаттарын коммерциялык банктарда депозиттер түрүндө жайгаштыруудан алынган кирешелер;

9) республикалык бюджеттен ассигнованиелер;

10) камсыздандырылган адамдардын пенсиялык активдерин инвестициялоодон алынган инвестициялык кирешелер;

11) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка кирешелер.

2. Социалдык фонд ушул Кодекстин жоболоруна ылайык карызга алууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

38-берене. Бюджеттин чыгашалары

1. Социалдык фонддун бюджетинин чыгашалары төмөнкүлөргө багытталат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияларды жана пенсиялык топтомдорду төлөөгө;

2) каада-салттык жөлөкпулдарды төлөөгө (сөөк коюуга);

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик мертинүүсү же кесиптик оорусу боюнча компенсацияларды төлөөгө;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;

5) Социалдык фонддун бюджетине кирген Социалдык фонддун жана мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддордун ишин каржылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууга;

6) Социалдык фонддун бюджетинин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду каржылоого;

7) Социалдык фондду өнүктүрүү фондун каржылоого;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу фондун каржылоого.

39-берене. Социалдык фонддун бюджетинин теңдештүүлүгү

Социалдык фонддун бюджетин түзүү, бекитүү жана аткаруу теңдештирүү принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат.

7-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун түзүмү

40-берене. Бюджеттин түзүмү жөнүндө

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү жана бекитүү жана анын аткарылышы жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

41-берене. Бюджеттин кирешелери

1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин кирешелерине төмөнкүлөр кирет:

1) базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттары катары берилүүчү республикалык бюджеттен ассигнованиелер;

2) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун полистерин сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруунун тутуму менен камтылбаган юридикалык жана жеке жактардын (анын ичинде чет өлкөлүк) ыктыярдуу төгүмдөрү;

3) белгиленген тартипте өндүрүп алынуучу келишимдик милдеттенмелерди тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн каржылык санкциялар;

4) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;

5) социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка кирешелер.

2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин кирешелерин түзүү жана аткаруу Бюджеттик классификацияга ылайык жүзөгө ашырылат.

42-берене. Бюджеттин чыгашалары

1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгашалары төмөнкүлөргө багытталат:

1) базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;

2) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын каржылоого;

3) Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууну каржылоого;

4) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин каржылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууга;

5) саламаттык сактоо жаатындагы ден соолуктун алдын алуу жана чыңдоо жана башка максаттуу программалар боюнча иш-чараларды каржылоо боюнча саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө;

6) бекитилген бюджеттин алкактарында максаттуу иш-чараларга каражаттарды багыттоо жолу менен саламаттык сактоо уюмдарынын каржылык туруктуулугуна жана каржылык тобокелдиктерин азайтууга.

2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин болжолдоо жана чыгашаларын эсепке алуу Бюджеттик классификацияга ылайык жүзөгө ашырылат.

43-берене. Бюджеттин теңдештүүлүгү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү, бекитүү жана аткаруу теңдештирүү принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат.

VI БӨЛҮМ. БЮДЖЕТ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР

8-глава. Бюджет аралык мамилелердин жалпы жоболору жана принциптери

44-берене. Бюджет аралык мамилелердин жалпы жоболору

1. Бюджет аралык мамилелер - бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономикалык жана бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу, бюджеттик процессти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамилелердин жыйындысы.

2. Бюджет аралык мамилелер мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды чектөөгө, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди жана чыгашаларды бөлүштүрүүгө, бюджеттик жөнгө салуу методологиясынын жана критерийлеринин бирдиктүүлүгүнө негизделген.

3. Тиешелүү бюджеттерде каралган кирешелердин айрым түрлөрүн башка бюджетке өткөрүп берүү ушул Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенде гана жүзөгө ашырылат.

4. Бюджеттик жылдын аягында түзүлгөн жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн суммалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө калат. Көрсөтүлгөн кирешелер алып коюуга жатпайт жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык кезектеги бюджеттик жылда жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жүзөгө ашырууга пайдаланылат.

5. Бюджет аралык мамилелердин саясаты, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерин өзгөртүү стратегиясын кошуп алганда, Фискалдык саясаттын негизги багыттарында аныкталат.

45-берене. Бюджет аралык мамилелердин принциптери

Бюджет аралык мамилелер төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун ар бир бюджетине кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитип берүү;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша ыйгарым укуктарын сактоо;

3) бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемдерин узак убакыттуу негизде аныктоо;

4) республикалык бюджеттен бюджеттер аралык трансферттерди берүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыз кылуусунун деңгээлине жетүү;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан бюджеттердин кирешелериндеги же кошумча чыгашаларындагы жоготуулардын ордун толтуруу.

9-глава. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү

46-берене. Жалпы мамлекеттик кирешелер

1. Жалпы мамлекеттик кирешелер - чегерүүнүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүгө жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген бюджеттердин кирешелери.

2. Жалпы мамлекеттик кирешелерге төмөнкүлөр таандык:

1) киреше салыгы;

2) сатуулардан салык;

3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык;

4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

5) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

6) салык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салык;

7) жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн төлөмдөр;

8) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр.

3. Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченеми ар жылдык республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен белгиленет.

47-берене. Республикалык бюджеттин кирешелери

Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:

1) белгиленген ченемдер боюнча жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөр;

2) пайдадан алынуучу салык;

3) кошумча нарктан алынуучу салык;

4) акциз салыгы;

5) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген бажы алымдары, жыйымдары жана төлөмдөрү;

6) эл аралык макулдашууларды жана келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык төлөнүүчү салыктар;

7) республикалык бюджеттен берилген бюджеттик насыялар боюнча пайыздар;

8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) жана мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;

9) байланыш тармактарын өнүктүрүүгө чегерүүлөр;

10) мамлекеттик акциялар пакетине кошуп эсептелген дивиденддер;

11) мамлекеттик менчикте турган мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер;

12) мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн каражаттар жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү үчүн төлөмдөр;

13) ээндик белгилөөгө төлөмдөр;

14) кызматтык түрлөрүн өтөө үчүн төлөмдөр жана милдеттүү аскердик кызматты алмаштырууга берилүүчү жыйымдар;

15) радиожыштыгынын спектрин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр;

16) өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин жана козу карындарды пайдалануу үчүн төлөмдөр;

17) суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалангандыгы үчүн төлөм;

18) айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөм;

19) мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр;

20) мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар;

21) автомото транспорт каражаттарын жана атайын азыктарды каттоо үчүн жыйымдар;

22) апостил койгондугу үчүн жыйымдар;

23) транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка сызыктык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн төлөмдөр жана жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөгөн жүктөрү менен транспорт каражаттарын өткөргөндүгү үчүн жыйым;

24) жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйымдар;

25) жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдар;

26) консулдук жыйымдар;

27) мамлекеттик алымдар;

28) патенттик алымдар;

29) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошпогондо, соттун чечими боюнча айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошуп алганда, мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук караштуулугундагы мекемелер тарабынан материалдык, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги чараларын колдонуунун натыйжасында алынуучу каражаттар;

30) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу;

31) юридикалык жана жеке жактар тарабынан акысыз жана ыктыярдуу негизде республикалык бюджетке берилүүчү каражаттар;

32) Өкмөт тарабынан алынган расмий трансферттер;

33) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер.

48-берене. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери

Жергиликтүү бюджеттерге төмөнкүлөр түшөт:

1) белгиленген ченемдер боюнча жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөр;

2) жер салыгы;

3) мүлккө салык;

4) жергиликтүү бюджеттен берилген бюджеттик насыялар боюнча пайыздар;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акциялардагы үлүштөрүнө кошуп эсептелинген дивиденддер;

6) муниципалдык ишканалардын пайдаларынан чегерүүлөр;

7) муниципалдык менчикте турган мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер;

8) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы үчүн төлөм;

9) калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн төлөм;

10) жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм;

11) муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр;

12) муниципалдык лотереяларды өткөрүүдөн каражаттар жана лотереялык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн төлөм;

13) автотранспортту парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм;

14) соттун чечими боюнча зыяндын ордун толтуруу суммасын кошуп алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук караштуулугундагы мекемелер тарабынан материалдык, администрациялык жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынуучу каражаттар;

15) юридикалык жана жеке жактар тарабынан акысыз жана ыктыярдуу негизде жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар;

16) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган расмий трансферттер.

10-глава. Өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда чыгаша милдеттенмелеринин бөлүнүшү

49-берене. Жалпы жоболор

1. Чыгаша милдеттенмелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик органдар (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) тарабынан иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткарууда келип чыгуучу Өкмөттүн (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) милдеттенмелери.

2. Кыргыз Республикасында чыгаша милдеттенмелерди бөлүштүрүүнүн төмөнкүдөй түзүмү белгиленет:

1) Өкмөттүн чыгаша милдеттенмелери;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери.

3. Мамлекеттик органдар тарабынан билип туруп тиешелүү компенсацияны камсыз кылбастан жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын көбөйтүүгө алып келүүчү иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга тыюу салынат.

50-берене. Өкмөттүн чыгаша милдеттенмелери

Республикалык бюджеттен жалпы мамлекеттик мааниге ээ болгон иш-чараларга кетүүчү чыгашалар жүзөгө ашырылат, алар боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чыгашаларды кошуп алганда, башкаруунун тиешелүү мамлекеттик органдары аркылуу толугу менен Өкмөткө жүктөлөт. Бул категорияга төмөнкүлөргө кеткен чыгашалар кирет:

1) жалпы арналыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө;

2) коргоого;

3) коомдук тартипке жана коопсуздукка;

4) экономикалык маселелерге;

5) айлана-чөйрөнү коргоого;

6) турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө;

7) саламаттык сактоого;

8) эс алуу, маданиятка;

9) билим берүүгө;

10) социалдык коргоого.

51-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери

1. Жергиликтүү бюджеттен төмөнкүдөй иш-чараларга чыгашалар жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүсүнө;

2) билим берүүнүн, саламаттык сактоонун, эс алуу, маданият, социалдык коргоонун, турак жай жана коммуналдык чарбачылыктын, айлана-чөйрөнү коргоонун муниципалдык ишканаларын, мекемелерин күтүүгө;

3) бюджеттик ссудаларды берүү жана тындыруу, капиталдык салымдар түрүндө инвестициялар бюджетин ишке ашыруу жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттар, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу менен байланышкан бардык операцияларды кошуп алганда, жергиликтүү бюджеттен каржылоого жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган иш-чараларга.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери республикалык бюджеттин максаттуу трансферттеринин эсебинен аткарылат.

52-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка формаларын жүзөгө ашырууга чыгашалар

Курултайларды, чогулуштарды, жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка формаларын жүзөгө ашырууга кетүүчү чыгашалар жергиликтүү жааматтардын уставдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

11-глава. Бюджет аралык жөнгө салуу аспаптары

53-берене. Бюджеттер аралык трансферттер

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер ортосундагы мамилелер жалпы мамлекеттик кирешелерден жана бюджеттер аралык трансферттерден ченемдик чегерүүлөр аркылуу жөнгө салынат.

2. Бюджет аралык трансферттердин тутумуна төмөнкүлөр кирет:

1) жергиликтүү бюджеттерге төмөнкүлөр түрүндөгү трансферттер:

а) теңдештирүүчү трансферттер;

б) максаттуу трансферттер.

2) республикалык бюджеттен Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерине ассигнованиелер.

3. Жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү бюджеттер аралык трансферттер ар жылдык республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет.

54-берене. Теңдештирүүчү трансферттер

1. Теңдештирүүчү трансферттер - бул жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана керектөөлөрүнүн деңгээлинин ортосундагы каржылык айырманы жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

2. Теңдештирүүчү трансферттердин көлөмдөрү жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыз кылынуусунун деңгээлине негизденип аныкталат жана региондун турукту социалдык-экономикалык абалын колдоо максатында жергиликтүү бюджеттерди каржылоонун толуктугун камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттердин каржылоонун толуктугун камсыз кылуу үчүн аларга берилет.

3. Теңдештирүүчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоонун тартиби Өкмөт тарабынан бекитилет.

4. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде базалык ставкаларды жогорулатуу жөнүндө чечимдердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынышынын эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралган теңдештирүүчү трансферттердин резервдерин өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.

55-берене. Максаттуу трансферттер

1. Максаттуу трансферттер - бул белгилүү бир максаттарга бир бюджеттик деңгээлден башка бюджетке берилүүчү каражаттар.

2. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер төмөнкүлөргө берилет:

1) бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кирешелердин каржылык айырмасын же түшүп калуусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында пайда болгон жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринде кошумча чыгашаларды же жоготууларды компенсациялоого;

2) мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоого;

3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелерин биргелешип каржылоону камсыз кылууга.

3. Жергиликтүү бюджеттен максаттуу трансферттер жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук акты менен башка жергиликтүү бюджетке берилет.

4. Жергиликтүү бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферттердин көлөмдөрү жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен бекитилет.

56-берене. Социалдык фондго ассигнованиелер

1. Социалдык фондго ассигнованиелер төмөнкүдөй учурларда төмөнкүлөр үчүн берилет:

1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн Социалдык фонддун бюджетинин кошумча чыгашаларын жана кирешелеринин жоготууларын компенсациялоо;

2) мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча Өкмөттүн ыйгарым укуктарын берүүдө чыгашаларын каржылоону камсыз кылуу.

2. Республикалык бюджеттен ассигнованиелер төмөнкүлөрдү каржылоо үчүн каралат:

1) пенсиянын базалык бөлүгү;

2) пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөр;

3) "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсиялар;

4) аскер кызматкерлерин камсыздандыруу учурлары боюнча бир жолку жөлөкпулдар;

5) көп балалуу энелердин жана бала кезинен майып болгондордун энелеринин пенсияларына, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдарга;

6) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген пенсияларга үстөктөргө;

7) Чернобыль атомдук электростанциясындагы аварияда жана башка жарандык же аскердик дайындоодогу атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга компенсацияларды, эмгектик мертинүү же кесиптик оруулар боюнча "PESAC" программасына кирген же ишканаларда иштеп, багуучусунан ажыраган же иш берүүчүнүн кайра уюштурууга же жоюуга байланыштуу зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөөлөр;

8) "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учкучтук жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсиялар;

9) № 2 тизмеси боюнча жана "PESAC" программасына кирүүчү ишканалардын текстиль өндүрүшүндө иштөөчү адамдарга пенсиялар.

3. Республикалык бюджеттен ассигнованиелер максаттык багыты боюнча гана пайдаланылат.

12-глава. Бюджеттик ссудалар

57-берене. Бюджеттик ссудалар

1. Бюджеттик ссуда - республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке же болбосо бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке кайтарым, мөөнөттүү жана кайтарымсыз негиздерде бөлүнүүчү каражаттар. Бюджеттик ссудалар 12 айга чейинки мөөнөткө берилет жана берилген бюджеттик жылдын аягына чейин тындырылышы керек. Бюджеттик ссудалар жергиликтүү бюджеттердин каржылык кыйынчылыктарында берилет. Бюджеттик ссудаларды берүү боюнча өз ара мамилелер тиешелүү келишим жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

2. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүү тууралуу чечим Өкмөт тарабынан кабыл алынат.

Эгерде республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар келишимде каралган мөөнөттө кайтарып берилбеген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү бюджеттерге эсепке киргизилген жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн эсебинен кайтарып берилбеген бюджеттик ссуданын калдыгын өндүрүп алуу укугуна ээ.

3. Бюджеттик ссудаларды берүү жана тартуу тууралуу чечим жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу боюнча ушул Кодекстин 67-беренесинде аныкталган карыздарды алууну чектөө талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынат.

4. Республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартиби Өкмөт, жергиликтүү бюджеттерден - ушул Кодекске ылайык тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат.

5. Бюджеттик ссудалар эсептен чыгарууга жатпайт.

6. Бюджеттик ссудалардын жалпы көлөмү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акты менен каралат.

VII БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КАРЫЗ

13-глава Өкмөт тарабынан карызга алуу

58-берене. Өкмөт тарабынан карызга алуунун максаты

Мамлекеттик карызга алуу төмөнкүдөй максаттар үчүн жүзөгө ашырылат:

1) республикалык бюджеттин дефицитин каржылоо;

2) мамлекеттик карызды кайра каржылоо;

3) мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү.

59-берене. Мамлекеттик карызга алуунун негизги принциптери

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик карызды башкарууда, тышкы карызга алууну жүзөгө ашырууда Өкмөттүн жалгыз гана агенти болуп саналат. Башка мамлекеттик органдар, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тышкы карызга алууларды тартууга жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө укуксуз.

2. Мамлекеттик карызга алуу боюнча милдеттемелерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттин активдерин, ошондой эле алтын жана Улуттук банктын эл аралык резервдерин күрөө түрүндө пайдаланууга тыюу салынат.

3. Мамлекеттик карызга алуу Жогорку Кеңештин алдын ала жактырышы менен Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик карыздын чоңдугу карыздык туруктуулуктун эл аралык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен Өкмөт тарабынан аныкталып, кезектеги бюджеттик жылга жана эки болжолдонгон мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралат.

5. Кыргыз Республикасы мамлекеттик эмес карызга алуунун натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жооп бербейт.

60-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Өкмөттүн атынан мамлекеттик карызды башкаруу боюнча төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) эл аралык уюмдардан, банктардан, чет мамлекеттерден каражаттарды карызга алууга, ошондой эле баалуу кагаздарды жана Өкмөттүн башка карыздык милдеттенмелерин чыгаруу аркылуу ички жана тышкы рынокто карызга алууну жүзөгө ашырууга;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруунун бөтөнчөлүгүн жана шарттарын белгилөөгө;

3) республиканын мамлекеттик баалуу кагаздары менен ички жана тышкы рыноктордо операцияларды аткарууга;

4) мамлекеттик карыздын эсебин алууга;

5) зарыл болгон карызга алууларды болжолдоого, алар боюнча программалардын долбоорлорун даярдоого;

6) бардык карыздык милдеттенмелерди берүүнү жана аткарууну контролдоону жүзөгө ашырууга;

7) карыздын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар, мамлекеттик карызды кайра түзүмдөштүрүү, мамлекеттик карызга алуунун тобокелдерин башкаруу боюнча иш-чараларды даярдоону жана ишке ашырууну жүзөгө ашырууга.

61-берене. Мамлекеттик ички зайым

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте ички зайым тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Мамлекеттик ички зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу каржылык агент тарабынан алынууга жана кайтарылууга тийиш.

62-берене. Мамлекеттик тышкы зайым

1. Мамлекеттик тышкы зайым алуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Өкмөт тарабынан кабыл алынат.

2. Эл аралык келишимдер болуп саналган Кыргыз Республикасына зайым берүү жөнүндө келишимдер "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ратификацияланууга жатат.

Эл аралык келишим болуп саналбаган Кыргыз Республикасына зайым берүү жөнүндө келишимдер Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

3. Тышкы рынокто жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу мамлекеттик зайым алуу тууралуу Өкмөттүн чечими Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

4. Мамлекеттик тышкы зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу каржылык агент тарабынан алынууга жана кайтарылууга тийиш.

5. Тышкы зайымды тартуу, бөлүштүрүү, тейлөө жана кайтарып берүү боюнча зайым алуу процессине катышуучу институттардын иш-милдеттери жана милдеттери Өкмөт тарабынан аныкталат.

6. Тышкы зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган Өкмөттүн каржылык агенти аркылуу алынууга жана кайтарылууга тийиш.

7. Тышкы зайым тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана кайтаруунун жол-жоболору, карызга алуу процессине катышкан институттардын иш-милдеттери жана милдеттери сыяктуу эле Өкмөттүн тиешелүү чечими менен каралууга тийиш.

63-берене. Мамлекеттик кепилдиктер

Мамлекеттик кепилдиктер Өкмөт насыячынын алдында эл аралык келишим менен каралган жана анын эл аралык жана мамлекеттер аралык уюмдардагы мүчөлүгүнүн алкагында милдеттенмелер боюнча белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн карыздарды төлөп берүүгө милдеттенме алган келишимге ылайык берилет.

Ушул берененин жоболорунда каралган учурларды албаганда, Кыргыз Республикасы мамлекеттик кепилдиктерди бербейт.

64-берене. Мамлекеттик карызды эсепке алуу

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зайым берүүчү жана алуучу насыя берүүчүлөрдү жана зайымчыларды, аларды берүүнүн жана төлөөнүн шарттарын, ошондой эле зайымчы менен насыя берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн тиешелүү макулдашууларды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын аныктайт жана эсепке алууну уюштурат.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын учурдагы абалы жөнүндө маалымат ачык болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланууга жатат.

14-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карызга алуу

65-берене. Жалпы жоболор

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карызга алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана муниципалдык карыздык милдеттенмелер келип чыгуучу ушул Кодекстин жоболоруна ылайык бюджеттик ссудаларды тартуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атынан кепилдиктерди берүүгө укуксуз.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымдарын эсепке алууну белгиленген формат боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын карыздык милдеттенмелеринин реестрине ылайык жүргүзүшөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат беришет. Зайымдык каражаттарды эсепке алуунун жана кайтаруунун тартиби Өкмөт тарабынан бекитилет.

4. Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Өкмөттүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

66-берене. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу

1. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу кыска мөөнөттүү зайымдарды алуу боюнча карызды кошпогондо, аймакты өнүктүрүү программаларынын алкактарында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, бюджеттин тең салмактуулугун камсыз кылуу жана азыркы муниципалдык карызды кайра каржылоо максатында жүзөгө ашырылат.

2. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Чыгарылуучу муниципалдык баалуу кагаздардын конкреттүү түрү жана көлөмү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.

67-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карызга алууларды чектөө

Эгерде келечектеги карыздык милдеттенмелерди кошуп алганда, жалпы муниципалдык карызды тейлөө боюнча милдеттенмелер зайымдардын жана бюджеттер аралык трансферттердин натыйжасында тартылган каражаттарды эсепке албаганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешелеринин жылдык көлөмүнүн 20 пайызынан ашып кетсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карызга алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынат.

VIII БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕССТИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ

15-глава. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

68-берене. Президенттин компетенциясы

Президент бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:

1) кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткаруу тууралуу отчетту бекитүү тууралуу мыйзамга кол коет жана жалпыга жарыялайт;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

69-берене. Жогорку Кеңештин компетенциясы

Жогорку Кеңеш бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) төмөнкүдөй мыйзамдарды кабыл алат:

а) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге республикалык бюджет жөнүндө, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

б) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге Социалдык фондун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

в) республикалык бюджеттин аткарылышынын аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетторунун натыйжаларын эске алуу менен отчеттук жылдагы республикалык бюджеттик аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө;

г) Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышынын аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетунун натыйжаларын эске алуу менен отчеттук жылдагы Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө;

д) Кыргыз Республикасынын өзгөчө бюджети жөнүндө;

2) Бюджеттик резолюцияны кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 30-апрелинен кеч эмес кабыл алат;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

70-берене. Өкмөттүн компетенциясы

Өкмөт бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) Фискалдык саясаттын негизги багыттарын бекитет;

2) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жана кабыл алуусуна берет жана анын аткарылышын камсыз кылат;

3) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчетту Жогорку Кеңештин кароосуна жана бекитүүсүнө берет;

4) тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

5) экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

6) фискалдык, инвестициялык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

7) Кыргыз Республикасына берилген тике инвестициялардын тышкы жардамын тартуунун жана аткаруунун артыкчылыктарын аныктайт;

8) Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча тышкы жардамды тартуунун узак мөөнөттү, орто мөөнөттүү жана жылдык программаларынын долбоорлорун карайт жана жактырат;

9) ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен каралган маселелер боюнча Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын кабыл алат;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

71-берене. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) фискалдык саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат.

2) Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгат жана Өкмөттүн кароосуна берет;

3) республикалык бюджет жөнүндө, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун түзөт жана аларды Өкмөттүн кароосуна берет;

4) секторлор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегияларын иштеп чыгуу процессин, ошондой эле бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун жана бюджеттик процессти жүзөгө ашырууда бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) ишин координациялайт;

5) бюджеттик процессти, мамлекеттик сатып алуулар тутумун, каржылык башкаруу жана контролдоо тутумун, ички аудит тутумун кошуп алганда, мамлекеттик каржыларды башкарууну усулдук камсыз кылууну жүзөгө ашырат;

6) жергиликтүү бюджеттердин киреше дараметин баалоону жүргүзөт, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аныктайт;

7) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) бюджеттик табыштамаларын түзүүнүн эрежесин белгилейт;

8) бюджеттик процессти жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган маалыматтын берүүнүн тизмегин, форматын жана тартибин аныктайт;

9) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык чегерүүлөрдүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы жалпы мамлекеттик кирешелерди бөлүштүрөт;

10) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин ортосунда алардын түшүүлөрүн жана бөлүштүрүлүшүн эсепке алуу үчүн алар боюнча колдонулуучу айыптарды жана пайыздарды кошуп алганда, салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн төлөнгөн/өндүрүп алынган ашык суммаларын Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте кайтарып берет;

11) өнүгүүгө расмий жардамдарды ишке ашырууну пландаштырат жана каржылык мониторинг түзөт (мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча);

12) өнүгүүгө расмий жардамдарды координациялоону жүзөгө ашырат (мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча);

13) мамлекеттик ички жана тышкы карызды болжолдойт жана аны талдоону жүзөгө ашырат;

14) Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди ачат;

15) Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат;

16) бюджеттик мекемелерге коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берет;

17) бюджеттик мекемелердин улуттук, чет өлкөлүк валютадагы ушул Кодексти бузуу менен жүргүзүлгөн операцияларын токтотуп туруу жөнүндө чечимди бюджеттик уюмдарга жана коммерциялык банктарга жиберет;

18) ушул Кодексте каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндөгү бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөргө, тескөөчүлөргө, алуучуларга ачылган эсептер боюнча операцияларды токтотуп турат;

19) Өкмөт тарабынан бекитилген тартипте Бирдиктүү казыналык эсепте болгон бюджеттик каражаттар менен операцияларды башкарат;

20) Ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткарууну кассалык тейлөө тартибин белгилейт;

21) ресурстар администраторлорунун, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин башкы тескөөчүлөрүнүн, тескөөчүлөрүнүн жана алуучуларынын операцияларынын эсептерин бекитилген тартипте ачат жана аларды эсепке алууну жүргүзөт;

22) ресурстар администраторлорунун, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин каражаттарын башкы тескөөчүлөрдүн, тескөөчүлөрдүн, алуучулардын жыйынды реестрин жүргүзөт;

23) артыкчылыктарды жана программалык иш-чараларды эске алуу менен республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык аларды квартал боюнча бөлүштүрүү менен башкы тескөөчүлөргө (тескөөчүлөргө, алуучуларга) бюджеттик милдеттенмелеринин лимиттерин жиберет;

24) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык аларды квартал боюнча бөлүштүрүү менен бюджеттин ресурстарынын болжолун администраторлорго жеткирет;

25) республикалык бюджетти аткаруунун кассалык планын түзүүнү жана киргизүүнү жүзөгө ашырат;

26) Бирдиктүү Казына эсебинде ресурстардын администраторлорунун, башкы тескөөчүлөрдүн, бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөрдүн жана алуучулардын кассалык киреше жана чыгаша операцияларын жүзөгө ашырат;

27) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин кассалык аткарылышы боюнча операцияларга эсеп жүргүзөт;

28) Өкмөткө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (республикалык жана жергиликтүү) бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет;

29) Бюджеттерди аткаруу боюнча жол-жоболорду сакталышына ички контролдоону жүзөгө ашырат;

30) бухгалтердик отчетту кабыл алууну, талдоону жана бириктирүүнү жүзөгө ашырат;

31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана бюджеттик мекемелеринин жана мамлекеттик сатып алуулардын ички аудитинин кызматтарынын ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат;

32) каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык мамлекеттик башкаруу секторунун отчеттулугунун Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсебинин жана каржылык отчеттуулугунун ченемдик укуктук, усулдук базасын өркүндөтөт;

33) Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөө тутумдарында корпоративдик төлөө карталарынын эмитенти катары тикелей катышуучусу катары катышат;

34) республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды веб-сайтка жарыялайт;

35) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

72-берене. Эсептөө палатасынын компетенциясы

Эсептөө палатасы бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) каржылык аудитти жана майнаптуулук аудитин жүргүзүүгө төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:

а) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин аткарылышын жана бухгалтердик отчеттуулуктун;

б) мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча ресурстардын администраторлорунун ишинин;

в) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын абалынын жана башкарылуусунун;

г) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкаруунун;

д) мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү бар ишканалардын жана уюмдардын ишинин;

е) бюджеттик каражаттарды алуучулардын - менчик же менчиги башка түрдөгү юридикалык жактардын берилген бюджеттик каражаттарга карата ишинин;

ж) Улуттук банктын Өкмөттүн эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашыруусунун бөлүгүнүн, республикалык бюджетке чегерүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгынын;

з) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин тейлөө бөлүгүндө коммерциялык банктардын жана башка насыялык-каржылык мекемелердин;

и) бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышынын;

к) корутундуларды, козголгон жазык иштери, ошондой эле соттордун токтомдору боюнча укук коргоо органдарынын суроо-талаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жана уюмдардын ишинин;

2) республикалык бюджеттин жана Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жана макулдашууларынын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына таасир көрсөтүүчү мамлекеттик программалардын жана башка документтердин долбоорлорун талдоону жүргүзөт;

3) республикалык бюджет жана Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна, аларга карата өзгөртүүлөргө жана ал бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторго карата корутундуларды алар Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен берет;

4) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды Жогорку Кеңешке киргизет;

5) бюджеттик мыйзамдардын жана каржылык тартиптин табылган бузууларын четтетүү боюнча аткарууга карата милдеттүү болгон талапкаттарды жиберет;

6) бюджеттин долбоорун ушул Кодекстин 93-беренесинин жоболоруна ылайык түзөт;

7) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

73-берене. Улуттук банктын компетенциясы

Улуттук банк бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) Өкмөт менен өз ара аракеттенип республиканын акча-насыя саясатын аныктайт;

2) Бирдиктүү казыначылык эсепте турган Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин каражаттарын тейлейт;

3) ал процесстерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тике катышуусунун камсыз кылуу менен корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгуу укугу менен Кыргыз Республикасынын банк аралык төлөм тутумдарына тике катышуучу катары катышат;

4) Өкмөттүн каржы агенти болуп саналат;

5) республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Өкмөткө консультация берет;

6) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана республикалык бюджет жөнүндө, аларга өзгөртүүлөр жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна жана мурдагы жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко корутундуларды алар Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңешке киргизет;

7) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

74-берене. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) төмөнкүлөрдү иштеп чыгат:

а) экономикалык саясаттын, мамлекеттик программалардын негизги багыттарын;

б) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун;

в) ыйгарым укуктуу органдар жана кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу боюнча - донорлордун расмий жардамдарынын алкактарында каражаттарды тартуу жана пайдалануу боюнча стратегияны;

г) тышкы соода иштерин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу боюнча сунуштарды;

2) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн талдоо менен баалоону жүзөгө ашырат:

3) төмөнкү жаатта бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат:

а) экономикалык өнүгүүнүн жана региондордун комплекстүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын эсепке алуу менен тике инвестицияларды;

б) тышкы жана ички сооданы;

в) көмүскө экономиканы легалдаштырууну жана кыскартууну;

4) экономикалык өнүгүүгө, республикалык бюджеттин бириктирилген кирешелерин салыктык кайра түзүүлөргө салыктын таасир этүүсүнө чараларга баа берүүгө жана экспертизага катышат;

5) эл аралык каржы уюмдары тарабынан каржыланган өнүгүү долбоорлоруна катышкан чарбалык субъекттер үчүн салык жеңилдиктерин ырастоо боюнча иштерди жүзөгө ашырат;

6) мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу орган даярдаган мамлекеттик материалдык резервдердин тутумунун чыгашаларынын түзүмдөрү боюнча тиешелүү жылга республикалык бюджеттин долбооруна сунуштарды макулдашат;

7) отун-энергетика комплекси жаатында бюджет жана тарифтик саясат боюнча сунуштарды киргизет.

75-берене. Мамлекеттик органдардын бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатындагы компетенциясы

Мамлекеттик органдар бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) өнүгүүнүн тармактык (сектордук) стратегиясын/программасын иштеп чыгышат;

2) сектор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегиясын иштеп чыгышат жана бекитишет;

3) мамлекеттик органдардын, анын ичинде аларга ведомстволук караштуулуктагы бюджеттик мекемелердин бюджетин түзөт жана аткарат;

4) өздөрүнүн ведомстволук караштуулугундагы мекемелердин бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча ишин координациялайт жана уюштурат;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча ведомствонун бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттуулукту жана башка маалыматты даярдайт жана берет;

6) Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жана ресурстардын администраторлорунун реестрине ылайык бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун иш-милдеттерин аткарат;

7) өз ишинин чөйрөсүндө ведомстволук каржылык контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;

8) бекитилген бюджеттик ассигнованиелерге жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине ылайык бюджеттик каражаттардын майнаптуулугун, натыйжалуулугун жана аткарылышынын даректүүлүгүн камсыз кылат;

9) ведомствонун жана ведомстволук караштуулуктагы бюджеттик мекемелердин милдеттенмелери боюнча жооп берет;

10) бюджеттик чыгашалардын стратегияларынын долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды веб-сайтка жарыялайт;

11) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

76-берене. Социалдык фонддун компетенциясы

Социалдык фонд бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) Социалдык фонддун бюджети жөнүндө, бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Өкмөттүн кароосуна берет;

2) камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону, топтоону жүзөгө ашырат;

3) Социалдык фонддун бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;

4) Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоо фондунун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун чыгашаларын каржылоону камсыз кылат;

5) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өз убагында жана толук келип түшүүсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын туура сарптоону контролдоону жүзөгө ашырат;

6) убактылуу эркин каражаттарды Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар менен операцияны жүзөгө ашырат;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен уруксат берилген активдерге пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштырат;

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик табыштамаларды даярдайт жана ассигнованиелерди берүүгө негиздемелерди түзөт, бюджет аралык трансферттерди пайдалануу боюнча отчеттуулукту, Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн жана башка маалыматты даярдайт жана берет;

9) ассигнованиелердин пайдаланылышынын даректүүлүгүн жана максаттуу мүнөзүн камсыз кылат;

10) Социалдык фонддун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды веб-сайтка жарыялайт;

11) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

77-берене. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун компетенциясы

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) жарандардын ден соолугун коргоо жаатында Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана башка программалардын долбоорлорун жана стратегияларды иштеп чыгууга катышат;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун программаларын аткаруу үчүн зарыл тарифтик төгүмдөрдүн ставкалары жөнүндө сунуштарды киргизет;

3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана Бирдиктүү төлөөчүнүн каражаттарын топтойт;

4) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасын жана камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын ишке ашырат;

5) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары берүүчү медициналык жана алдын алуу кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоого жумшалган каражаттардын жалпы көлөмүнөн бир айлык каржылоодон кем болбогон көлөмдө каржылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу запасын түзөт;

6) бекитилген республикалык бюджеттин алкактарында максаттуу иш-чараларга каражаттарды жумшоо жолу менен саламаттык сактоо уюмдарынын каржылык туруктуулугун жана каржылык тобокелдикти азайтууну камсыз кылат;

7) саламаттык сактоо жаатында ден соолуктун алдын алуу жана бекемдөө жана башка максаттуу программалар боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн саламаттык сактоону өнүктүрүүгө каражаттарды багыттайт;

8) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан каражаттардын максаттуу жана майнаптуу пайдалануусуна ички аудит жүргүзөт;

9) Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан консолидацияланган бюджеттин каражаттарынын пайдаланылышын контролдойт;

10) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды веб-сайтка жарыялайт;

11) Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

16-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

78-берене. Жергиликтүү кеңештердин компетенциясы

Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:

1) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын кабыл алышат жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырышат;

2) жергиликтүү бюджеттин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныкташат;

3) муниципалдык карыздын четки көлөмүн жана ага өзгөртүүлөрдү кошуп алганда жергиликтүү бюджетти бекитет;

4) жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угат жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитишет;

5) ушул Кодекстин жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, бюджеттик ссудаларды жана максаттуу трансферттерди берүү/тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алышат;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурушат жана өткөрүшөт;

7) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

79-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:

1) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну иштеп чыгышат жана камсыз кылышат;

2) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүшөт жана жергиликтүү кеңештер бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылышат;

3) жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду жергиликтүү кеңештердин кароосуна беришет;

4) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашырышат;

5) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча бюджеттик ссудаларды/насыяларды берүүнү/тартууну жүзөгө ашырышат;

6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик табыштаманы жана бюджет аралык трансферттерди алуунун зарылдыгы жөнүндө негиздемени даярдашат, алардын пайдаланылышы боюнча отчеттуулукту, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетту жана башка маалыматты беришет;

7) ал каражаттарды алуучулар боюнча бюджет аралык трансферттердин максаттуу пайдаланылышынын майнаптуулугун камсыз кылышат;

8) жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурушат жана өткөрүшөт;

9) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

IX БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕСС

17-глава. Бюджеттик процесстин негиздери

80-берене. Бюджеттерди түзүүнүн жалпы жоболору

1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолунун, Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясынын жана Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын негизинде жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.

Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдук параметрлери аларды ар бир айкын мезгилге кабыл алууда такталат.

2. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору ушул Кодекстин талаптарына ылайык жана Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын жоболорун эске алуу менен аймактарды өнүктүрүү стратегиясынын/программаларынын негизинде түзүлөт.

3. Социалдык фонддун бюджетинин долбоору ушул Кодекстин талаптарына ылайык Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолунун негизинде түзүлөт.

4. Орто мөөнөттүк мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин долбоорлору төмөнкүдөй талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат:

а) мамлекеттик (муниципалдык) каржылык жана каржылык эмес активдер менен милдеттенмелерди майнаптуу башкаруу;

б) туруктуу фискалдык саясатты жүргүзүү;

в) мамлекеттик (муниципалдык) карыздын экономикалык негизделген деңгээлин сактоо;

г) анын дефицитинин деңгээлин оптималдаштыруу менен республикалык бюджеттин теңдештүүлүгүн камсыз кылуу;

д) фискалдык тобокелдиктерди баалоо.

Бюджеттин негизги параметрлери учурдагы бюджеттик жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен бекитилген жана кезектеги бюджеттик жылдын 1-январынан эрте эмес колдонууга киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын натыйжаларын жана өткөн мезгилдеги макроэкономикалык кырдаалдын абалын талдоону эске алуу менен кабыл алынат.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин чыгашаларын көбөйтүүнү же кирешелерин азайтууну караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары бюджеттик болжолдоонун кийинки циклынын бюджеттеринин долбоорлорунда эске алынат.

81-берене. Бюджеттик календарь

1. Өкмөт ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сунушу боюнча тиешелүүлүгүнө жараша бюджеттик процесстин календардык планын (бюджеттик календарды) бекитет.

2. Бюджеттик календарь кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен бекитилет.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экономикалык болжолдоо боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолун бюджеттик процесстин календардык планы менен бекитилген мөөнөттө Өкмөткө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

18-глава. Фискалдык саясаттын негизги багыттары жана аймактарды өнүктүрүү программалары

82-берене. Орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары

1. Орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары - алдыдагы үч жылдык мезгилге фискалдык саясатты ишке ашыруунун негиздерин аныктоочу жана Өкмөткө бүтүндөйүнөн жана ар бир тармак боюнча боло турган чыгашаларды болжолдоштуруу максатында ресурстардын келечектеги көлөмдөрү тууралуу мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик каржыны башкаруу аспабы.

2. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын башкы маселелери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) алдыдагы мезгилде бюджеттик максаттарды белгилөө менен фискалдык саясатты аныктоо жана мамлекеттик каржыны майнаптуу башкаруу;

2) өнүгүүнүн стратегиялык программалары жана секторлор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегиясын аныктоочу мамлекеттик саясаттын өз ара байланышы аркылуу чыгашалардын майнаптуулугун жакшыртуу;

3) бюджеттик мыйзамдарды жана бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү;

4) мамлекеттик бюджеттин тең салмактуулугун камсыз кылуу;

5) түзүмдүк кайра өзгөрүүнү жүргүзүү жана ишкердик активдүүлүккө көмөк көрсөтүү;

6) социалдык коргоону камсыз кылуу;

7) экономика тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

3. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:

1) өнүгүүнүн мамлекеттик стратегиясынын программасына ылайык өнүгүүнүн тармактык (сектордук) стратегияларынын/программаларынын;

2) Өкмөт тарабынан учурдагы жылдын 31-мартынан кечиктирилбестен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн орто мөөнөттүү болжолунун.

4. Фискалдык саясаттын негизги багыттары мурдагы эки жылдын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн, учурдагы жылда күтүлгөн баалоону кийинки үч жылга болжолду камтыйт.

5. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолуна ылайык орто мөөнөттүү макроэкономикалык болжол;

2) орто мөөнөттүү бюджеттик негиз, ал төмөнкүлөрдү аныктайт:

а) бюджеттин ресурстарынын түрлөрү боюнча ирилештирилген болжолдук көрсөткүчтөрдү;

б) бюджеттик каражаттарды негизги тескөөчүлөр боюнча контролдук цифраларды кошуп алганда негизги категориялар боюнча бюджеттин чыгымдарын;

в) бюджеттин дефицитин, аны жабуунун булактарын;

г) мамлекеттик карыздын чегин.

3) анын негиздемеси төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) салыктардагы, салыктык эмес кирешелердеги, мамлекеттик активдерди башкаруудагы болжолдонгон өзгөрүүлөрдү көрсөтүү менен бюджеттин ресурстарын түзүү саясатын;

б) бюджеттик программаларды аралата чыгашалар боюнча жогорку лимиттерди аныктоо менен негизги секторлор боюнча бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүк стратегиясын кошуп алганда бюджеттин чыгашаларын түзүү саясатын;

в) бюджеттик инвестициялардын артыкчылыктарын жана багыттарын;

г) бюджеттин дефицити боюнча максаттуу көрсөткүчтөрдү көрсөтүү менен бюджеттин дефицитине/профицитине карата саясатты;

д) мамлекеттик карыз жана мамлекеттик гранттар боюнча максаттуу көрсөткүчтөрдү көрсөтүү менен мамлекеттик карызды башкаруу саясатын;

е) бюджет аралык жөнгө салуунун аспаптарын өнүктүрүүнүн багыттарын көрсөтүү менен бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү саясатын.

6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча пикир келишпестиктерди кароону уюштурат. Пикир келишпестиктер Өкмөттүн кароосуна төмөнкүлөр менен киргизилет:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетти пландоо жана аткаруу боюнча корутундусу;

2) бюджеттик каражаттардын негизги тескөөчүлөрүнүн (тескөөчүлөрүнүн), бюджеттик ресурстардын администраторлорунун негиздемеси.

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча пикир келишпестиктерди кароонун натыйжалары боюнча долбоорду түзөт жана Өкмөткө кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 5-июнунан кечиктирбестен сунуштайт.

8. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары кезектеги бюджеттин жылдын алдындагы жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен Өкмөттүн токтому менен бекитилет жана Жогорку Кеңешке сунушталат.

9. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары жарыяланат жана бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында кезектеги бюджеттин жылдын алдындагы жылдын 5-июлунан кечиктирилбестен жайгаштырылат.

83-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңеши

1. Өкмөттүн кеңеши орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттарын түзүү боюнча республиканын сот тутумун кошуп алганда, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аракеттерин координациялайт.

Өкмөттүн кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин жана сот тутумунун өкүлдөрү, ассоциациялардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын бирликтеринин өкүлдөрү кирет.

Өкмөттүн кеңеши өз жыйналыштарына катышуу үчүн аткаруу бийлигинин башкаруу органдарынын жетекчилерин тартууга укуктуу.

Бюджеттин долбоорун Өкмөттүн кеңешинде кароодо Жогорку Кеңештин депутаттары, тармактык комитеттеринин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) катышышы мүмкүн.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тутумунун, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин кошуп алганда, республикалык бюджеттин орто мөөнөттүү бюджеттин төмөнкү көрсөткүчтөрдү караган негиздерин түзөт жана Өкмөттүн кеңешинин кароосуна берет:

1) бюджеттин ресурстарынын түрлөрү боюнча ирилештирилген болжолдук көрсөткүчтөр;

2) бюджеттик каражаттарды башка тескөөчүлөр боюнча контролдук цифраларды кошуп алганда, негизги категориялар боюнча бюджеттин чыгашалары;

3) бюджеттин дефицити, аны жабуунун булактары;

4) мамлекеттик карыздын чеги;

5) бюджеттик каражаттарды негизги тескөөчүлөр боюнча Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негиздеринин долбоору боюнча пикир келишпестиктердин протоколдору.

3. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 20-майынан кечиктирилбестен түзүлөт жана Өкмөттүн кеңешинин кароосуна берилет.

Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негиздеринин долбоору боюнча пикир келишпестиктер келип чыкканда Өкмөттүн кеңеши тарабынан тиешелүү чечим кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен кабыл алынат.

4. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясатынын негизги багыттары Өкмөттүн токтому менен кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 5-июлунан кечиктирилбестен бекитилет жана Жогорку Кеңешке берилет.

84-берене. Секторлор боюнча бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясы

1. Бюджеттик чыгашаларды тармактык (сектордук) бөлүштүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы стратегиялык максаттарды жана милдеттерди, бюджеттик программаларды, ошондой эле тиешелүү тармакта (сектордо) мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аларга жетүүгө багытталган иштердин натыйжаларынын көрсөткүчтөрүн аныктайт.

2. Сектор боюнча бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясы төмөнкүлөр үчүн арналат:

1) Өкмөт тарабынан сектордогу кырдаалды жана орто мөөнөттүү мезгилге анын өнүгүшүнүн болжолун түзүүгө калыс баа берүү;

2) сектордун ишин өнүктүрүүгө арналган жаңы технологияларды, демилгелерди жана багыттарды киргизүү;

3) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттин долбоорлорун түзүү үчүн негиз түзүү.

3. Бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу программалык негизде бюджеттөөнүн усулдарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Бюджеттик программалар орто мөөнөттүү мезгилге болжолдонгон ресурстардын чектеринде түзүлөт.

4. Бюджеттик чыгашалардын Орто мөөнөттүү стратегиясын түзүүнүн, кароонун жана аткаруунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Өкмөт тарабынан аныкталат.

5. Коомдук угуулардын натыйжалары пикир келишпестиктердин протоколдору менен тиешелүү мамлекеттик органдардын веб-сайттарына жарыяланат.

85-берене. Бюджеттик программалар

1. Бюджеттик программа өнүгүүнүн тармактык (сектордук) программаларын жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплексин түзөт. Бюджеттик программа сектордун стратегиялык милдеттеринин бирин аткаруу үчүн бюджеттин каражаттарын камтыйт.

Бюджеттик программанын так, реалдуу жана жеткиликтүү максаты, бюджеттик чаралары жана сандык жана сапаттык көрсөткүчтө бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжасын чагылдырган индикаторлору болууга тийиш.

2. Бюджеттик чаралар бюджеттик программанын курамдык бөлүгү болуп саналат жана бюджеттик программаны түздөн-түз аткарууга жардам берүүчү иштин түрлөрүн (иш-чаралар, долбоорлор, дайыма аткарылуучу иш-милдеттер, үзгүлтүксүз сатып алуулар жана башка д.у.с.) түзөт.

3. Бюджеттик чаралар программанын максаттарына жетишүү ыкмаларын жана жолдорун аныктайт.

4. Бюджеттик программаларды түзүү, кароо жана аткаруу тартиби бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

86-берене. Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлору

1. Натыйжалуулук индикаторлору сектордун максаттарына жетишүү боюнча ориентирлер жана анын ишин баалоо критерийлери катары пайдаланылат.

2. Натыйжалуулук индикаторлору так, жеткиликтүү болууга, ошондой эле сандык жана сапаттык көрсөткүчтөргө ээ болууга тийиш. Ар бир бюджеттик программа жана бюджеттик чаралар үчүн өзүнчө натыйжалуулуктун индикаторлору аныкталууга тийиш.

87-берене. Бюджеттик программалардын майнаптуулугун баалоо

1. Бюджеттик программалардын майнаптуулугун баалоо натыйжалуулуктун индикаторлорунун жетишүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Натыйжалуулуктун индикаторлорун аныктоо жана бюджеттик программалардын майнаптуулугун баалоо жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

3. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетүү үчүн жоопкерчилик бюджеттик каражаттардын негизги тескөөчүлөрүнө (тескөөчүлөрүнө, алуучуларына) жүктөлөт.

4. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчет башкы тескөөчү (тескөөчү, алуучу) тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Өкмөт тарабынан белгилеген тартипте жана мөөнөттө берилет жана аны өзүнүн расмий веб-сайтына жайгаштырат.

88-берене. Шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программалары

1. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы - шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, алдыдагы мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктаган документ.

2. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын аткаруу органдары тарабынан иштелип чыгат жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет, өткөн эки жылдын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн, учурдагы жылга күтүлүүчү бааны жана кийинки үч жылга болжолду камтыйт.

Өнүктүрүү программасынын үч жылдык мезгилинин биринчи жылы кезектеги бюджеттик жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн негиз болуп саналат. Экинчи жана үчүнчү жылдар кезектеги үч жылдык мезгилге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдонгон программасынын ориентири болуп саналат.

3. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун эске алуу менен өнүгүүнүн социалдык-экономикалык болжолун;

2) алдыдагы мезгилге орто мөөнөттүү бюджеттин долбоорун, ал төмөнкүлөр боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөрдү камтыйт;

а) алардын түрлөрүнүн жана булактарынын чегинде бюджеттин ресурстары;

б) бюджеттин чыгашалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик программаларынын чеги;

в) бюджеттин теңдештирилгендиги;

г) муниципалдык карыз.

3) социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына карата түшүндүрмө кат;

4) мүмкүн болуучу бюджеттик тобокелдиктерди жана милдеттенмелерди баалоо.

4. Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу өзгөргөн учурда өнүгүү программасы, жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн, кароонун, бекитүүнүн жана аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн процессинде ресурстардын жана чыгашалардын болжолу такталууга жатат.

5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт.

19-глава. Бюджеттер долбоорлорун түзүү

89-берене. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер долбоорлору кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон эки мезгилге түзүлөт.

2. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге республикалык бюджеттин долбоору үч болжолдук жылга Фискалдык саясаттын негизги багыттарында каралган параметрлерге, ошондой эле Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясынын негизги жоболоруна негизденип түзүлөт.

3. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттик каражаттардын негизги тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү, алуучулары) боюнча бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору менен каралган чыгашалардын ведомстволук жана программалык классификациясы боюнча бюджеттик ассигнованиелердин көлөмдөрүнүн төмөндөшү төмөнкү учурларды кошпогондо, бюджеттерди түзүүнүн мурдагы циклинде каралган тиешелүү жылга көрсөткүчтөрдөн 3 пайызга ашпоого тийиш:

1) бюджеттик каражаттардын тиешелүү башкы тескөөчүсүнүн (тескөөчүсүнүн, алуучусунун) уюштуруучулук-функционалдык түзүмүнүн өзгөрүшү жөнүндө чечимдерди кабылуу алууну;

2) алардын майнаптуулугуна баа берүүнүн натыйжалары боюнча ал башкы тескөөчү (бюджеттик каражаттарды тескөөчү, алуучу) тарабынан жүзөгө ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну;

3) көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлор мөөнөтүнөн мурда аяктоону.

4. Фискалдык саясаттын негизги багыттарында каралган ресурстардын болжолу менен салыштыруу боюнча бюджеттик ресурстардын көлөмү көбөйүү тарабына негиздүү өзгөрүлгөн учурда, айырманын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен бюджеттик инвестицияларга жиберилет.

Бюджеттин ресурстарынын болжолдонгон көлөмдөрү кыскартылган учурда, ал көлөмдөргө чыгашаларды азайтуу боюнча чечим бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (тескөөчүлөрүнө, алуучуларына) милдеттүү маалымдоо жана мындай кыскартуунун себептерин негиздөө менен Фискалдык саясаттын негизги багыттарын бекитүү боюнча Өкмөттүн кеңеши тарабынан кабыл алынат.

90-берене. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору

1. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу эки мезгилге бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркемеге ылайык төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдүн болжолун камтыйт:

1) бюджеттин кирешелери, чыгашалары, дефицити (профицити) боюнча бюджеттин параметрлерин, дефицитин жабуунун булактарын;

2) башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) чыгашаларын ведомстволук, функциялык, экономикалык, программалык классификациясы боюнча бюджеттик ассигнованиелерди;

3) аткаруу бийлик органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдү жана кирешелерди пайдаланууну;

4) бюджеттик инвестициялар каржылоо булактары (кошо каржылоо) боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:

а) мамлекеттик тышкы инвестициялар;

б) капиталдык салымдар;

в) кезектеги бюджеттик жылдын башталышына кассалык нак акчаны жүгүртүүнүн көлөмдөрүнүн болжолун;

г) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун;

д) түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар;

е) бюджеттик насыялоо;

5) Мамлекеттик бюджеттик резервдин көлөмүн;

6) жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерин;

7) бюджеттер аралык трансферттердин, бюджеттик ссудалардын көлөмдөрүн жана бөлүштүрүлүшүн;

8) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик программаларынын долбоорлорун;

9) тышкы жана ички булактардан карызга алууларды;

10) бюджеттик ссудалардын жана насыялардын кайтарып алынышын;

11) ушул Кодексте белгиленген учурларда берилген мамлекеттик карыздын жана мамлекеттик кепилдиктердин четки өлчөмүнө негиздемени;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку Кеңеш (жергиликтүү кеңештер) тарабынан бекитилүүгө же жактырууга жаткан башка болжолдорду (эсептөөлөрдү, баалоолорду) жана ченемдерди;

13) каржылык эместерди кошкондо, активдердин өзгөрүшүнүн көрсөткүчтөрүн.

2. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр кирген түшүндүрмө кат тиркелет:

1) негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн негиздемеси;

2) бюджеттин ресурстарын жана чыгашаларын түзүүнүн, фискалдык тобокелдиктерди баалоонун принциптери;

3) бюджеттик инвестицияларды ишке ашыруунун багыттары;

4) мамлекеттик карызды башкаруу жана туруктуулугун талдоо саясаты.

91-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү тартиби

1. Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоору Өкмөт тарабынан бекитилүүчү тартип жана календардык план боюнча ушул Кодекстин жоболоруна ылайык түзүлөт.

2. Фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча бекитилген мекемелердин чыгашаларынын классификациясынын контролдук цифралары кийинки бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге ведомстволордун бюджеттеринин долбоорлорун түзүү үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө негиз болуп саналат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) өкүлдөрүнүн катышуусу менен контролдук цифралардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат, кирешелердин жана чыгашалардын долбоорлорун, бюджеттик программалардын долбоорлорун карайт, зарыл болгондо аларга тиешелүү тактоолорду киргизет жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин долбоорун түзөт.

Пикир келишпестиктер болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттин долбоорун кезектеги бюджеттик жылдын башталышына чейин 7 ай калгандан кечиктирбестен тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Өкмөттүн кеңешине жиберет. Макулдашууга жетишилбеген учурда Өкмөттүн кеңеши республикалык бюджеттин долбооруна бюджеттин иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөрүнө негизденүү менен каражаттарды башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) долбоорун республикалык бюджеттин долбооруна киргизүү жөнүндө сунуштайт.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 15-сентябрынан кечиктирбестен Өкмөткө берет.

5. Өкмөт алдыдагы мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун ушул Кодекстин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

92-берене. Сот тутумунун бюджет долбоорун түзүүнүн тартиби

1. Сот тутумунун бюджетин сот бийлиги өз алдынча түзөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтери менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке киргизилет.

Сот тутумунун бюджетинин долбоору Судьялар кеңеши тарабынан кезектеги каржылык жылдын башталышына чейин 8 айдан кечиктирилбестен Өкмөткө макулдашуу үчүн жиберилет.

2. Пикир келишпестиктер болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тутумунун бюджетинин долбоорун тиешелүү чечим кабыл алуу жана макулдашуу жол-жобосун аяктоо үчүн Өкмөттүн кеңешине кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин 7 айдан кечиктирбестен жиберет.

Макулдашууга жетишилбеген учурда Өкмөттүн кеңеши бюджеттин иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөрүнө негизденүү менен сот тутумунун бюджетинин долбоорун республикалык бюджеттин долбооруна киргизүү жөнүндө сунуштайт.

Судьялар кеңешинин сунуштары жана сот тутумунун бюджетинин долбоору боюнча Өкмөттүн корутундусу бир убакта Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.

Макулдашууга жетишилген учурда Судьялар кеңеши макулдашылган сунуштарды эске алуу менен сот тутумунун бюджетинин долбоорун кайра иштеп чыгат.

93-берене. Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун түзүүнүн тартиби

1. Эсептөө палатасы өз ишин каржылоо үчүн бюджеттин долбоорун ар жылы түзөт жана корутунду берүү үчүн Өкмөткө жиберет.

2. Эсептөө палатасы Өкмөттүн корутундусу менен бюджеттин долбоорун аны республикалык бюджеттин долбоорунун курамына киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетине макулдашууга жиберет.

3. Эсептөө палатасынын бюджетинин долбооруна Өкмөт тарабынан каршы пикирлер болгондо Жогорку Кеңештин тармактык комитети берилген каршы пикирлерди Өкмөттүн жана Эсептөө палатасынын өкүлдөрү менен биргелешип карайт. Эсептөө палатасынын макулдашылган бюджетинин долбоору республикалык бюджеттин долбооруна киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

4. Эсептөө палатасы өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча каржылоо жөнүндө Жогорку Кеңештин тармактык комитетине макулдашууга киргизүүгө укуктуу.

94-берене. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоорун түзүүнүн тартиби

1. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоору Өкмөт бекиткен тартипке жана мөөнөттөргө ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн календардык планын эске алуу менен ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.

2. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин долбоорлору Өкмөткө кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 15-сентябрынан кечиктирилбестен берилет.

3. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин долбоорлору Өкмөт тарабынан каралат жана кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге республикалык бюджеттин долбоору менен бир убакта Жогорку Кеңешке кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен берилет.

95-берене. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн тартиби

1. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору Өкмөт тарабынан бекитилген республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн календардык планын эске алуу менен, ушул Кодекстин талаптарын сактоо менен, тиешелүү жергиликтүү кеңештер белгилеген тартипке жана мөөнөттөргө ылайык түзүлөт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кезектеги бюджеттик жылдан алдындагы жылдын 15-июлунан кечиктирилбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөрдү жиберет:

1) бюджеттик процесстин календардык планын;

2) жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча усулдук сунуштамаларды;

3) орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттарына ылайык болжолдорду жана негиздемелерди;

а) жалпы мамлекеттик кирешелердин көлөмү боюнча;

б) жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча;

в) бюджет аралык трансферттер боюнча.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан түзүлгөн жана жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган жергиликтүү бюджеттин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен берилет.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин долбоорун бекиткенден кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн такталган көлөмдөрүн жана ченемдеринин бюджеттер аралык трансферттеринин өлчөмдөрүнүн долбоорлорун 10 күндүн ичинде жиберет.

5. Жергиликтүү бюджеттердин такталган долбоорлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү кеңештердин кароосуна жана бекитүүсүнө кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен киргизет.

20-глава. Бюджеттерди кароо жана бекитүү

96-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан республикалык бюджеттин каралышы

1. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге республика бюджет жөнүндө мыйзамдын жактырылган долбоорун ушул Кодекстин талаптарына ылайык Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

2. Парламенттик фракциялар жана Жогорку Кеңештин комитеттери:

1) мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин жана Улуттук банк менен Эсептөө палатасынын төрагаларынын карамагына кирген маселелер боюнча маалыматтарын угат;

2) мамлекеттик жашыруун сырды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жетектеген багыттар боюнча республикалык бюджеттин корутундусун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна берет;

Тармактык комитетти кошпогондо, республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин фракцияларында жана туруктуу комитеттеринде кароо республикалык бюджеттин долбоору Жогорку Кеңешке тапшырылган учурдан тартып 20 календардык күндүн ичинде аяктоого тийиш.

3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети:

1) жалпылоо үчүн алар жетектеген багыттар боюнча фракциялардын жана комитеттердин корутундуларын карайт;

2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлеринин жана комитеттеринин төрагаларынын катышуусу менен Жогорку Кеңештин фракцияларынын жана комитеттеринин сунуштарын эске алуу менен кеңейтилген жыйналыш өткөрөт;

3) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрөт;

4) фракциялардын жана комитеттердин корутундуларын эске алуу менен корутундусу бар республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

4. Республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кароо долбоор Жогорку Кеңешке тапшырылган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде аяктоого жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен өтүүгө тийиш.

5. Жогорку Кеңештин комитеттери жана фракциялары тарабынан республикалык бюджеттин белгилүү бир чыгашаларын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда милдеттүү тартипте чыгашалардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу жөнүндө сунуштар киргизилет жана/же кошумча чыгашаларды каржылоонун конкреттүү булактары белгиленет.

97-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда бекитүү

1. Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды үч окууда кабыл алат.

2. Биринчи окууда Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдү карайт:

1) каралып жаткан мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолун;

2) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттик саясаттын программасын.

3. Биринчи окууда кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңешке экинчи окууда кароого киргизүүнү үчүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберилет.

4. Фракциялар жана комитеттер жазуу жүзүндөгү сунуштарды Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жана бир эле убакта эксперттик кызматына 5 күндүк мөөнөттө жиберет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна киргизүүнүн/киргизбөөнүн мүмкүн экендиги жөнүндө корутундуну 10 күндүк мөөнөттө берет.

5. Республикалык бюджеттин долбоору биринчи окууда четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш Өкмөткө аны биринчи окууда кайталап кароо үчүн республикалык бюджеттин долбоорун жеткире иштеп чыгуу жана кайрадан берүү үчүн мөөнөттү аныктайт.

98-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун экинчи окууда бекитүү

1. Жогорку Кеңеш кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонгон мезгилге долбоордо сунуш кылынгандарды бюджеттик классификацияга ылайык төмөнкү параметрлерди тиркөө менен экинчи окууда карайт жана кабыл алат:

1) ички дүң продукцияга жана алардын абсолюттук суммасына карата республикалык бюджеттин кирешелеринин салыштырма салмагын;

2) ички дүң продукцияга жана алардын абсолюттук суммасына карата республикалык бюджеттин чыгашаларынын салыштырма салмагын;

3) ички дүң продукцияга карата абсолюттук цифраларда жана пайыздарда республикалык бюджеттин дефицитин (профицитин);

4) бюджеттин дефицитин жабуунун булактарын;

5) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонулуучу жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүүнүн ченемдерин;

6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин;

7) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонулуучу жылга Өкмөттүн резервдик фонддорунун республикалык бюджеттеги ченемдик чоңдугун.

2. Кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонгон мезгилге республикалык бюджеттин негизги параметрлерин бекитүүдө кийинки бюджеттик жылга болжолдонгон ички дүң продукциянын көлөмү жана алдындагы жылдын июлунун көрсөткүчтөрү менен учурдагы жылдын июлунун көрсөткүчтөрү боюнча инфляциянын арымын керектөө бааларында көрсөтүлөт.

99-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун үчүнчү окууда бекитүү

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонгон мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алат.

2. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы бюджеттик жылдын башталышына чейин бир ай калгандан кечиктирилбестен каралат жана кабыл алынат.

3. Эгерде учурдагы жылдын аягына чейин бюджеттин долбоору кабыл алынбаса, Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал бекитилгенге чейин Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары - айылдык жана шаардык кеңештердин кароосуна киргизилген бюджеттин долбоорлорунда каралган чыгашалардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектеринде ай сайын чыгашаларды жүргүзүүгө укуктуу.

4. Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам 14 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберилет.

5. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркаткан учурда республикалык бюджет Өкмөт тарабынан кабыл алынат жана Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.

100-берене. Өзгөчө бюджеттин долбоорун бекитүү

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал жана аскердик абал киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана конституциялык Мыйзамында каралган тартипте биринчи кезектеги тартипте өзгөчө бюджетти карайт.

101-берене. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин кароо жана бекитүү

1. Жогорку Кеңеш тарабынан Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин кароо жана бекитүү республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бир убакта жүзөгө ашырылат.

2. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамды кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө үч окууда кабыл алат.

3. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзам 14 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберилет.

102-берене. Жергиликтүү бюджеттерди кароо жана бекитүү

1. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору алдын ала жергиликтүү кеңештердин бюджеттик комиссиялары тарабынан каралат.

Бюджеттик комиссия - бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүүнү, бюджетти тактоо жана аткаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну камсыз кылуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу комиссиясы.

Бюджеттик комиссиялар:

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалыматтарын угат, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзгөртүүгө тийиштүү сунуштарды карайт;

жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча корутундуларды жана сунуштамаларды, жергиликтүү кеңештердин кароосуна берет.

2. Бюджеттик комиссиялар тарабынан бюджеттин чыгашаларын көбөйтүү же анын кирешелерин азайтуу жөнүндө чечим кабыл алынганда милдеттүү тартипте кошумча чыгашаларды каржылоонун конкреттүү булактары белгиленет.

3. Жергиликтүү кеңештер кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун, бюджеттик комиссиялардын корутундуларын карайт жана жергиликтүү бюджеттерди төмөнкү параметрлерди: кирешелерди, чыгашаларды, республикалык бюджеттен бөлүнүп берилүүчү теңдештирүүчү гранттардын өлчөмүн республикалык бюджетти бекиткенден кийин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө бекитет.

4. Бекитилген жергиликтүү бюджеттер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабыл алынгандан кийин 14 календардык күндүн ичинде берилет.

21-глава. Бюджеттерди аткаруу

103-берене. Бюджеттерди аткаруунун негиздери

1. Бекитилген бюджеттерди аткаруу тиешелүүлүгүнө жараша Өкмөт, Социалдык фонд, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кезектеги бюджеттик жылдын бюджети жөнүндө ченемдик укуктук акт чыгашаларды жүзөгө ашырууга жана бюджеттик милдеттенмелерди аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укук берет.

Бекитилген бюджеттерди аткаруу акчалай түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы (сомдор жана тыйындар) менен жүргүзүлөт.

3. Бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлүүчү чыгашалар бекитилген бюджеттердин чектеринде, ушул Кодекс тарабынан белгиленген учурларда такталган бюджеттердин чектеринде жүзөгө ашырылат.

4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте квартал боюнча бюджеттик бөлүштүрүүнүн негизинде ыйгарым укуктуу аткаруу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Бюджеттик мекемелердин ишин күтүүгө чыгашалар бюджеттик милдеттенмелердин бекитилген лимиттеринин негизинде жүзөгө ашырылат, аларды белгилөөнүн жана бекитүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

104-берене. Бюджеттердин аткарылышын администрациялоо

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурууну жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу боюнча ишин координациялоону камсыз кылат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттин ресурстары боюнча кабыл алынган көрсөткүчтөрдүн негизинде аларды аткаруу үчүн бюджеттик ресурстарды квартал боюнча бөлүштүрүүнү бюджеттин ресурстарынын администраторлоруна жеткирет.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Социалдык фонд тиешелүү бюджеттин аткарылышынын ар айлык мониторингин жана талдоону жүзөгө ашырат жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчеттуулукту Өкмөткө жана Жогорку Кеңештин тармактык комитетине квартал сайын берет.

3. Бюджеттик ресурстардын администраторлору төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеткирилген ресурстарды администрациялоонун кабыл алынган болжолуна ылайык бюджеттин ресурстарын толук жана өз убагында жыйноону;

2) бюджеттин ресурстарын Бирдиктүү казыналык эсепке токтоосуз которууну;

3) бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бюджеттин долбоорун түзүү, бюджеттин аткарылышынын мониторинги үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүүнү.

4. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бюджеттин долбоорун түзүү, бюджеттин аткарылышынын мониторинги үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө беришет.

105-берене. Бирдиктүү казыналык эсеп

1. Бирдиктүү казыналык эсеп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсеби болот, анда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин акча каражаттары топтолот, ошондой эле мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча операциялары чагылдырылат. Бирдиктүү казыналык эсеп Улуттук банкта ачылат.

Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу банк аралык төлөмдүк тутумдун тикелей катышуучусу болуп саналат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары боюнча төлөмдөрдү Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттин акча каражаттарынын калдыктарынын чектеринде жүзөгө ашырат.

Бирдиктүү казыналык эсепке киргизилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча төлөөчүлөрдүн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктарга чегерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Бирдиктүү казыналык эсептен акча каражаттарын эсептен чыгаруу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт.

4. Бюджеттик мекемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксатысыз коммерциялык банктарда эсептерди ачууга укуксуз.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда бюджеттик мекемелерге коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берүүгө укуктуу:

1) грант берүүчүлөрдүн коммерциялык банктарда жеке (валюталык) эсебинин болушу жөнүндө шартта бюджеттик мекемелер гранттарды, демөөрчүлүк жана чет элдик демөөрчүлөрдөн гуманитардык жардам алган;

2) эл аралык каржы институттары же башка чет элдик ишканалар тарабынан бекер каржыланган биргелешкен илимий-изилдөө программасына бюджеттик мекемелер катышкан.

5. Бюджеттик тутумдун бюджеттик мекемелеринин акча каражаттары менен операциялардын бухгалтердик эсеби Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде ачылган өздүк казыналык эсептеринде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде акча каражаттары менен операциялардын эсебин жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) жана ресурстардын администраторлорунун казыналык өздүк эсептеринин тизмегин ачуу, жабуу жана жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан борборлоштуруп аткарылат.

6. Казыналык өздүк эсептер каражаттарды түзүү булактары боюнча төмөнкүдөй бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептерге бөлүнөт:

1) бюджеттик эсептер - бюджеттик каражаттарды тескөөчүнүн негизги ишин каржылоого бюджеттен жумшалган бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эске алынуучу эсептер;

2) атайын эсептер - төмөнкүлөр түрүндө түшүүлөр эске алынуучу эсептер:

а) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр;

б) демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төлөмдөр;

в) көзөмөлчүлүк төлөмдөр;

г) кайрымдуулук же гранттык жардам;

д) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр;

е) өздүк чыгарылган товарларды сатуудан каражаттар;

3) депозиттик эсептер - убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн жана аныкталган шарттар келгенде аларды которгон жеке (юридикалык) жактарга кайрып берүүгө же арналышы боюнча которууга жаткан каражаттар боюнча операциялар эске алынуучу кардардын эсептери.

7. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди тейлөө Өкмөт тарабынан бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат.

106-берене. Бюджеттердин кассалык аткарылышы

1. Казыналык жол-жоболорду колдонуунун негизинде бюджетти кассалык аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын аймактык бөлүкчөлөрүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылат.

2. Бюджеттин кассалык аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо реалдуу убакыттын режиминде автоматташтырылган тутумда жүзөгө ашырылат. Бюджеттерди кассалык аткаруу процессинде автоматташтырылган тутум Улуттук банкты кошуп алганда, бюджеттик процесстин катышуучуларынын ортосундагы маалыматтарды документтердин электрондук формасын жана электрондук сандык кол тамгаларды колдонуу менен алмаштырууну карайт.

3. Бюджеттердин аткарылышынын кассалык тейлөөсү төмөнкүлөрдү карайт:

1) Бирдиктүү казыналык эсепте бюджеттердин каражаттары менен операцияларды эсепке алууну;

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттарды башкаруусун;

3) төлөм документтерин берүүнүн кезектүүлүгүнүн тартибинде аларды белгиленген тартипте берүүнүн негизинде жана Бирдиктүү казыналык эсепте тиешелүү бюджеттин каражаттарынын калдыгынын иш жүзүндө болгон чектеринде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттен кассалык чыгашаларын;

4) бюджетке кассалык түшүүлөр жана Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттен кассалык төлөөлөр боюнча бардык операцияларды жүргүзүүсүн жана Эсептердин бирдиктүү планына ылайык эсепке алуусун.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына тиешелүү бюджеттердин аткарылышы боюнча кассалык операциялар жөнүндө маалыматтарды берет.

5. Кыргыз Республикасынын бюджеттеринин бардык ресурстары Бирдиктүү казыналык эсепке милдеттүү жана токтоосуз чегерилүүгө жатат.

6. Бюджеттик каражаттарды чыгашалоого ыйгарым укуктар ушул Кодекстин талаптарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталган эрежелер боюнча аныкталат.

7. Бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринен ашуучу каржылык милдеттенмелерди аткарууга жол берилбейт. Узак мөөнөттүү милдеттенмелерди аткарууда аларды тындыруу үчүн зарыл болгон каражаттар тиешелүү бюджеттик жылга бюджеттин долбоорунда каралат.

8. Учурдагы бюджеттик жылдын кассалык планында бекитилген бюджеттик милдеттенмелердин лимиттери жана каражаттарды чыгымдоонун чектик көлөмдөрү өз колдонулушун учурдагы бюджеттик жылдын 31-декабрында токтотот.

9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттин каражаттарынын калдыгынын чектеринде учурдагы бюджеттик милдеттенмелерди белгиленген тартипте санкцияларды бюджеттик жылдын акыркы жумуш күнүн кошуп алганга чейин төлөөгө милдеттүү.

10. Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары болгон, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыктары бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан тиешелүү бюджеттердин эсебине бюджеттик жылдын акыркы эки жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен которулууга жатат.

11. Тиешелүү бюджеттин кирешесине которулбаган бюджеттер аралык трансферттердин каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жана жалпы талаптарды сактоо менен алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүп алынууга жатат.

12. Бюджеттик мекемелердин атайын эсепте пайдаланбай калган каражаттарынын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары кезектеги бюджеттик жылдын эсептерине өткөрүлөт.

13. Бирдиктүү казыначылык эсептеги тиешелүү бюджеттин каражаттарынын калдыгын учурдагы жылдын кабыл алынган бюджеттик милдеттенмелери боюнча операциялар аяктагандан кийин кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары кезектеги бюджеттик жылдын бюджетинде эсепке алат.

107-берене. Чыгашалардын секвестри

1. Чыгашалардын секвестри бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн күтүлгөн төмөндөөсүнүн шартында бюджеттин чыгаша беренелеринин белгиленген катыштарында кыскартууну караган механизмди билдирет.

Чыгашалар секвестрин киргизүү жөнүндө чечим Өкмөт (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары) тарабынан бюджеттик жыл ичинде бюджеттин иш жүзүндө аткарылышын талдоонун жана бюджеттик жылдын аягына чейин кирешелердин аткарылышынын күтүлүүчү баалоосунун негизинде кабыл алынат.

2. Чыгашалар секвестри бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

3. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акты менен секвестрге жатпаган артыкчылыктуу бюджеттик программалардын же чыгашалар беренелеринин тизмеги аныкталат.

4. Өкмөт пикир келишпестиктер болгондо бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын бирдиктүү долбоорун макулдашуу үчүн Өкмөттүн кеңешине жиберет.

Өкмөттүн кеңеши Жогорку Кеңешке бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин бир айдан кечиктирбестен бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр менен макулдашуу жол-жобосун аяктоого милдеттүү.

Макулдашууга жетишилбеген учурда Өкмөт бюджеттин иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөргө негизденүү менен аларды ишке ашыруунун артыкчылыктуулугун эске алуу менен программаларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорунда каражаттарды карайт жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

108-берене. Бюджетти аткаруу процесси

1. Бюджеттерди аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша эки этапта жүзөгө ашырылат:

1) бюджетти аткаруунун кассалык планын түзүү;

2) бюджетти кассалык аткаруу.

2. Кассалык план бюджетке кассалык түшүүлөрдүн жана учурдагы бюджеттик жылда бюджеттен кассалык төлөөлөрдүн болжолун карайт. Кассалык планды түзүү жана жүргүзүү тиешелүүлүгүнө жараша болжолдоо жана бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Учурдагы бюджеттик жылга бюджетти аткаруунун кассалык планы айлар боюнча бөлүнүп түзүлөт жана бюджетти кассалык аткаруу үчүн негиз болуп саналат. Бюджетти аткаруунун кассалык планы ресурстук базаны жана алдыдагы чыгашаларды эске алуу менен түзөтүлүүгө жатат.

4. Өкмөт кассалык планды түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар), бюджеттин ресурстарынын администраторлору тарабынан кассалык планды түзүү жана жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын курамын жана берүү мөөнөттөрүн белгилейт.

5. Кассалык пландар бюджеттик ресурстардын администраторлору, бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) тарабынан түзүлөт жана жыйынды кассалык планды түзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилет.

6. Кассалык чыгашалар бекитилген кассалык пландын чектеринде бюджеттик милдеттенмелердин бекитилген лимиттерине ылайык жүзөгө ашырылат.

109-берене. Аткаруу процессинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын кайра бөлүштүрүү

1. Бюджеттерди аткаруу процессинде бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү (тескөөчү) чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда жалпы бюджеттик каражаттардын ассигнованиелеринин чектеринде башкы тескөөчү (тескөөчү, алуучу) боюнча каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.

2. Каржылык жылдын ичинде кайра бөлүштүрүлгөн каражаттардын жалпы көлөмү бюджеттик каражаттарды ар бир башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) бюджеттеринин каражаттарынын жыйынды көлөмүнүн өз-өзүнчө 5 пайызынан ашпоого тийиш.

3. Бюджеттерди аткаруу процессинде башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр) бюджеттик программалардын арасында каражаттарды кайра бөлүүгө укуксуз.

4. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү (тескөөчү) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына) бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетту Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берет.

5. Аткаруу процессинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык белгиленген лимиттин чектеринде кайра бөлүштүрүү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылбайт.

110-берене. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча

1. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча - убактылуу кассалык үзүлүштөр келип чыкканда мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу үчүн арналган милдеттүү бюджеттик резерв.

2. Республикалык бюджеттин курамында учурдагы бюджеттик жылдын башталышына топтолгон эркин каражаттардын калдыктарынын эсебинен жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчанын өлчөмү каралат. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча учурдагы бюджеттик жылда убактылуу кассалык үзүлүштөрдү жабууга пайдаланылат жана бюджетти бекитүүдө белгиленген өлчөмдөргө чейин учурдагы бюджеттик жылда калыбына келтирилүүгө тийиш.

3. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун көлөмүнүн чектеринде кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда бекитилет.

111-берене. Республикалык бюджеттин убактылуу эркин каражаттары жана аларды жайгаштыруу

1. Республикалык бюджеттин убактылуу эркин каражаттары - бул учурдагы бюджеттик жылдын чегиндеги конкреттүү датага карата кассалык түшүүлөрдүн кассалык төлөөлөрдөн ашык болушунун натыйжасында түзүлгөн, Бирдиктүү казыналык эсептеги республикалык бюджеттин акча каражаттарынын калдыгы.

2. Республикалык бюджеттин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштыруунун тартибин аныктоо Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат.

112-берене. Депозиттик суммаларды эсепке алуу жана сактоо

1. Депозиттик суммаларды эсепке алуу үчүн арналган эсептер бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) убактылуу тескөөсүнө түшкөн каражаттар менен операцияларды регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде казыналыктын тутумунда ачылат.

2. Депозиттик суммалардын казыналык эсепте сактоо мөөнөтү Өкмөт тарабынан аныкталат жана 3 жылдан кем болбоого тийиш.

Депозиттик суммаларды казыналыктын эсептеринде сактоо мөөнөтү тиешелүү суммаларды депозитке киргизүү жөнүндө алардын атына депозиттик суммалар киргизилген жакка же ишканага, уюмга, мекемеге кабарлама жиберилген күндөн тартып, ал эми чечилбеген соттук иштер боюнча депозиттерге киргизилген суммалар үчүн сот тарабынан чечим чыгарылган күндөн тартып эсептелет.

3. Талап кылынбаган депозиттик суммалар аларды сактоонун белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин ал суммалар депозиттик эсебинде сакталып турган бюджеттик каражаттар тиешелүү бюджеттин кирешесине башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) тескөөсүнө чегерилүүгө жатат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө болгон депозиттик суммалардын бюджеттик каражаттарын алуучулар тарабынан сактоонун жана пайдалануунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик каражаттар бул алуучулар баш ийген бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү тарабынан белгиленет.

113-берене. Кассалык чектөөлөр

1. Бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу боюнча кассалык төлөөлөрдүн көлөмдөрүнө кассалык чектөөлөр бюджеттин чыгашалары түшкөн кирешелердин көлөмүнөн убактылуу ашып кеткен учурда киргизилет. Кассалык чектөөлөр учурдагы бюджеттик жылдын чегинде киргизилет. Кассалык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечим Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынат. Кассалык чектөө шарттамын киргизүү бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерин өзгөртпөйт.

2. Кассалык чектөөлөрдү киргизүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.

3. Кассалык чектөөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын колдонуу мезгили башталганга чейин 5 күндөн кечиктирилбестен бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөргө жана алуучуларга билдирилет.

4. Кассалык чектөөлөрдү жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын алуучулар боюнча бөлүштүрүүнүн долбоорлору жергиликтүү бюджеттин каражаттарын тескөөчүлөр тарабынан бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу боюнча төлөөлөрдүн көлөмүн убактылуу чектөө жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилет. Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын тескөөчүлөр тарабынан кассалык чектөөлөрдү бөлүштүрүүнүн долбоору аныкталган мөөнөттө бюджеттик каражаттардын алардын карамагындагы бардык алуучуларына берилбеген учурда кассалык чектөөлөрдүн нөлдүк маанилери коюлат.

114-берене. Бюджеттик милдеттенмелерди кабыл алуу жана каттоо

1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш процессинде келип чыккан бюджеттик милдеттенмелер ыйгарым укуктуу аткаруу органдарында эсепке алынууга жана милдеттүү катталууга жатат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын милдеттенмелерин жана мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган милдеттенмелерди кошпогондо, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү кошуп алганда бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга жөнөтүүчүлөр менен түзүлгөн бюджеттик мекемелердин келишимдери, контракттары, макулдашуулары катталууга жатат.

3. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү кошуп алганда, бюджеттик каражаттардын эсебинен аткарылууга жаткан бюджеттик мекемелер тарабынан түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүү аларга жеткирилген бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин чектеринде жана кабыл алынган жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди эске алуу менен жүргүзүлөт.

Бюджеттик мекеменин жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеткирилген бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерин сактоону камсыз кылат жана насыялык жана дебитордук карыздын абалы жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздын түзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Бюджеттик мекемени өз убагында каржылаган шартта келишимде белгиленген төлөө мөөнөтү ашып кеткен же формалдуу келишим болбогондо төлөөгө эсеп алган учурдан тартып төлөөнүн белгиленген 30 күндүк мөөнөтүнөн ашып кеткен милдеттенме мөөнөтү өтүп кеткен карыз болуп саналат.

4. Сатып алынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрүнө жараша бюджеттик милдеттенмелердин төмөнкүдөй түрлөрүн айырмалашат:

1) келишимдик милдеттенмелер;

2) келишимсиз милдеттенмелер.

Келишимдик бюджеттик милдеттенмелер товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жөнөтүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бюджеттик мекемелер тарабынан милдеттенме кабыл алынганда келип чыгат.

Келишимсиз бюджеттик милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган милдеттенмелердин келип чыгуусун ырастаган документтердин негизинде бюджеттик мекемелер тарабынан келишимдерди түзбөстөн милдеттенме кабыл алынганда келип чыгат.

5. Келишимдик бюджеттик милдеттенмелерди кабыл алуу товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүчү менен бюджеттик мекемелердин келишимдери түзүлгөндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

7. Келишимдерди каттоо боюнча милдеттүүлүк бюджеттик каражаттарды алуучуларга жүктөлөт.

115-берене. Бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жалпы шарттары

1. Өкмөт, Социалдык фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жол-жобосун төмөнкү учурларда демилгелейт:

1) Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, экологиялык жана социалдык туруктуулугуна коркунуч туудурган кырдаалдарды четтетүү зарыл болгондо;

2) бюджеттин бекитилген параметрлеринин деңгээлине таасир көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө;

3) кошумча кирешелерди пайдалануу же Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган чыгашаларды үнөмдөө жөнүндө чечим кабыл алынганда, Социалдык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна максаттуу трансферттердин, ассигнованиелердин, республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген бюджеттик ссудалардын көлөмдөрү өзгөргөндө;

4) ушул Кодекстин 15 жана 106-беренелеринде каралган.

2. Бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджеттин аткарылышын талдоонун натыйжаларынын жана бюджеттик ассигнованиелерди пайдалануунун майнаптуулугун баалоонун, бюджеттик программаларды ишке ашыруунун негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору Өкмөт (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары) тарабынан бекитилет жана Жогорку Кеңештин (жергиликтүү кеңештердин) кароосуна киргизилет.

4. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн: биринчиси - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин, экинчиси - 1-ноябрына чейин.

Тиешелүү түзөтүүлөр киргизилгенге чейин республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгондо ага Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык бюджеттик мыйзамдардын маселелери анын карамагына кирген Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.

Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүктүү) органы тарабынан ал мыйзам чыгаруучу (өкүлчүлүктүү) органга киргизилген күндөн тартып 20-күндүн ичинде кезексиз тартипте каралат.

5. Бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө тиешелүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүгө жана бекитүүгө карата ушул Кодексте белгиленген принциптер жана талаптар сакталат.

22-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук

116-берене. Республикалык бюджетти түзүү, кароо жана аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү

1. Бюджеттик каражаттарды алуучулар отчеттук мезгилдин жыйынтыктары боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте түзүшөт.

2. Бюджеттин аткарылышы боюнча отчетко кыскача макроэкономикалык баяндама жана төмөнкү маалыматтар кирет:

1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин көрсөткүчтөрүнүн: кирешелердин, чыгашалардын, дефицитинин, каржылык жана каржылык эмес активдер менен операциялардын жана башкалардын аткарылышы жөнүндө;

2) мамлекеттик бюджеттик резервдин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө;

3) бюджеттик мекемелердин насыялык жана дебитордук карыздарынын абалы жөнүндө;

4) мамлекеттик карыздын абалы жөнүндө;

5) мамлекеттик карыз боюнча операциялар жөнүндө;

6) республикалык бюджетти аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр жөнүндө отчетту.

Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун түзүмү кабыл алынган бюджеттин форматына ылайык келет жана Өкмөт тарабынан бекитилет.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен берет.

4. Өкмөт республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзамдын долбоорун отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбестен карайт жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.

5. Өкмөт мурунку жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карап чыгып, белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө ал боюнча ченемдик укуктук актыны кабыл алат жана мурунку жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү тууралуу мыйзамдын долбоору менен бир убакта отчеттук жылдан кийинки жылдын 10-сентябрына чейин Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.

6. Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери мурунку жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана Эсептөө палатасынын бул маселе боюнча аудитинин натыйжалары жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу мыйзамдын долбоорун бир жумалык мөөнөттө карайт жана тармактык комитетке корутунду берет.

7. Тармактык комитет республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун карайт жана Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен ар жылдык аудиттин натыйжалары менен бирге Эсептөө палатасынын отчету Жогорку Кеңешке киргизилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде корутундуну берет.

8. Жогорку Кеңеш тарабынан бул маселени кароодо төмөнкүлөр угулат:

1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

2) Эсептөө палатасынын төрагасы;

3) Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы;

4) фракциялардын лидерлери.

9. Кароонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзамды анын аткарылышына баа берүү менен отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен бир окууда кабыл алат.

10. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко канааттандыраарлык эмес баа берилген учурда Жогорку Кеңеш Өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт.

11. Жогорку Кеңеш отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзамды отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карайт жана бир окууда кабыл алат.

117-берене. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү

Жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жөнүндө отчеттор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан түзүлөт жана тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан төмөнкү параметрлер: кирешелер, чыгашалар, республикалык бюджеттен бөлүнүп берилүүчү трансферттер боюнча бекитилет.

Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө бекитилген жылдык отчеттор ыйгарым укуктуу органга отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбеген мөөнөттө берилет.

118-берене. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин түзүү, кароо жана аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү

1. Социалдык фонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду мурунку мезгил үчүн өздөрүнүн бюджеттерин аткаруу жөнүндө отчетту ушул берененин талаптарына ылайык Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте түзүшөт.

2. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетко төмөнкүлөр кирет:

1) бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн: кирешелердин, чыгашалардын, дефициттин/профициттин жана башкалардын аткарылышы;

2) резервдик фонддун пайдаланылышы;

3) өнүктүрүү фондун түзүү жана аткаруу жөнүндө отчет;

4) насыялык жана дебитордук карыздын абалы жөнүндө отчет;

5) пландаштырылган максаттар боюнча жыйынтык көрсөткүчтөргө жетишүү жөнүндө маалымат;

6) жылдык бюджетти аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр тууралуу маалымат.

3. Социалдык фонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту иштеп чыгат жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен Өкмөткө берет.

4. Өкмөт отчеттук мезгил үчүн Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө мыйзам долбоорун отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбестен карайт жана Жогорку Кеңешке берет.

5. Эсептөө палатасы Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышын аудитордук текшерүүнүн натыйжалары боюнча отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-сентябрына чейин Жогорку Кеңешке берет.

6. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карайт, бир окууда бекитет.

119-берене. Эсепке алуу жана каржылык отчеттуулук

1. Бухгалтердик эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын жана тиешелүү аймактын (мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алар тарабынан түзүлгөн бюджеттик мекемелердин) каржылык жана каржылык эмес активдеринин жана милдеттенмелеринин абалы жөнүндө жана жогоруда көрсөтүлгөн активдердин, милдеттенмелердин өзгөрүүсүнө алып келүүчү операциялар жөнүндө маалыматтарды топтоонун, каттоонун жана акчалык туюнтууда жалпылоонун иреттелген тутуму.

Бухгалтердик эсепке алуу Бюджеттик классификациянын негизинде иштелип чыккан Эсептердин бирдиктүү планына ылайык жүзөгө ашырылат. Эсептердин бирдиктүү планы - бюджеттик мекемелердин бюджеттерин аткаруу жана чарбалык ишин аткаруу боюнча операцияларды бухгалтердик эсепке алуу үчүн арналган бухгалтердик эсептердин түзүмдөштүрүлгөн тизмеги.

Бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү үчүн Эсептердин бирдиктүү планы Өкмөт тарабынан бекитилет.

2. Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана каржылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негиздери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

3. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) каржылык отчеттуулукту түзүүдө бухгалтердик эсепке алуунун жана каржылык отчеттуулуктун бирдиктүү усулун жана стандарттарын сактоо менен ведомстволук (ички) актыларды колдонушат. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) тарабынан каржылык отчеттуулукту берүү, мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, маалымдуулуктун жана айкындуулуктун негизинде жүзөгө ашырылат.

23-глава. Мамлекеттик ички каржылык контроль жана аудит

120-берене. Мамлекеттик каржылык башкаруу жана контролдоо тутуму

1. Бюджеттик мекеменин ишине киргизилген, анын жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылуучу бардыгын камтыган процесс каржылык башкарууну жана контролду билдирет.

2. Каржылык башкаруу жана контроль мыйзамдарды, ички актыларды, каржылык жана операциялык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн жана тактыгын, операциялардын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун, активдерди жана маалыматты сактоо жолу менен бюджеттик мекеменин максаттарына жетүүнүн акыл-эстүү кепилдигин алуу үчүн бюджеттик мекеме тарабынан иштелип чыккан эрежелердин, жол-жоболордун жана иш-чаралардын тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Каржылык башкаруу жана контроль бардык бюджеттик чыгаша милдеттенмелерди, түшүүлөрдү, тендерлик жол-жоболорду, контракт түзүүлөрдү жана мыйзамсыз төлөнгөн суммаларды кайтарууну камтыйт.

4. Каржылык башкаруу жана контроль ички жана тышкы аудит тарабынан текшерүүгө жатат.

5. Каржылык башкаруунун жана контролдун тутуму Кыргыз Республикасынын каржылык башкаруу жана контроль жөнүндө ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

121-берене. Мамлекеттик ички контроль

1. Мамлекеттик ички контроль - уюштуруучулук түзүмүн, усулдарын, жол-жоболорун, мамлекеттик башкаруу секторундагы ички аудитти кошуп алганда, башкаруучулук, каржылык жана башка контролдук иш-чаралардын тутуму.

2. Ар бир бюджеттик мекеме анын талаптарына жана өз өзгөчөлүктөрүнө жооп берген өзүнүн ички контролдуктук тутумун иштеп чыгат.

3. Ички контролдун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) маалыматтын ишенимдүүлүгүн жана тактыгын камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, тиешелүү бюджеттик мекеменин ички эрежелерин, пландарын, жол-жоболорун сактоо;

3) активдердин бүтүндүгүн жана сакталуусун камсыз кылуу.

4. Ички контролдун тутумунун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мыйзамдуулук;

2) айкындуулук;

3) үнөмдүүлүк;

4) майнаптуулук;

5) натыйжалуулук.

122-берене. Мамлекеттик ички аудит

1. Мамлекеттик ички аудит - бюджеттик мекеменин ичинде аткарылуучу, ички контроль тутумунун адекваттуулугун жана майнаптуулугун; каржылык жана башкаруучулук маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана тактыгын; иштин жана башкаруунун натыйжалуулугун, үнөмдүүлүгүн жана майнаптуулугун; активдердин сакталуусун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону талдоону, баалоону жана мониторингин камтуучу көз карандысыз жана объективдүү иш-милдет.

Ички аудит бюджеттик мекеменин жетекчилигине бухгалтердик эсеп алууну, бюджеттик, оперативдик отчеттуулукка жана ички контроль тутумунун сапатына тиешелүү, ички булактардан алынган маалыматты берет.

2. Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине жана сертификаттарына коюлуучу талаптар Өкмөт тарабынан аныкталат.

Мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудит тутуму Кыргыз Республикасынын ички аудит боюнча ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

123-берене. Каржылык контроль боюнча отчеттуулук

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар жылы Өкмөттүн алдында каржылык башкаруу жана контролдоо тутумдарынын абалы, бюджеттик мекемелердин ички аудити жөнүндө отчет берет.

124-берене. Бюджеттердин мамлекеттик тышкы аудити

Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин түзүүнүн жана аткаруунун тышкы аудити Эсептөө палатасы тарабынан төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

ар жылы - республикалык бюджеттин жана Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы;

эки жылда бир жолу - жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы.

Аудиттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланууга жатат.

24-глава. Бюджеттин жана бюджеттик процесстин айкындуулугу жана ачыктыгы

125-берене. Бюджеттерди жана бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду жарыялоо

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтына төмөнкү документтерди жайгаштырууга - алар белгиленген тартипте бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде жашыруундуулук режимин, мамлекеттик же башка мыйзам менен корголгон жашыруун сырды камсыз кылууну эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү:

1) Фискалдык саясаттын негизги багыттары;

2) республикалык бюджеттин долбоору;

3) жарандык бюджет;

4) республикалык бюджет жөнүндө мыйзам;

5) республикалык бюджеттин аткарылышынын жарым жылдык баяндамасы;

6) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Эсептөө палатасынын аудитинин отчету;

7) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө бекитилген жылдык отчет;

8) бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар бир айдагы отчеттор.

2. Социалдык фонд өзүнүн расмий сайтында жашыруундуулук режимин, мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды камсыз кылууну эске алуу менен алар бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде төмөнкүдөй документтерди жайгаштырууга милдеттүү:

1) бюджеттин долбоорун;

2) бюджет жөнүндө мыйзамды;

3) бюджеттин аткарылышынын жарым жылдык баяндамасын;

4) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө бекитилген жылдык отчет;

5) бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар бир айлык отчетту.

3. Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өзүнүн расмий сайтында жашыруундуулук режимин, мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды камсыз кылууну эске алуу менен алар бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде төмөнкүдөй документтерди жайгаштырууга милдеттүү:

1) бюджеттин долбоорун;

2) бюджет жөнүндө мыйзамды;

3) бюджеттин аткарылышынын жарым жылдык баяндамасын;

4) Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө бекитилген жылдык отчет;

5) бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар бир айлык отчетту.

4. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү (тескөөчүлөрү, алуучулары), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жашыруундуулук режимин, мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды коргоону камсыз кылууну эске алуу менен алар бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде өздөрүнүн расмий сайттарына төмөнкү документтерди жайгаштырууга милдеттүү:

1) сектор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегиясын;

2) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин долбоорун;

3) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген бюджетин;

4) бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту, анын ичинде майнаптуулуктун индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчетторду;

5) бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар бир айлык отчетту.

5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын учурдагы абалы жөнүндө маалыматтар ачык болуп саналат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылууга жатат.

6. Ушул Кодексте белгиленген тартипте бекитилген бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттор алар бекитилгенден кийин бир айдын ичинде жарыяланууга жатат.

126-берене. Жарандык бюджет

Жарандык бюджет ушул берененин экинчи абзацынын жобосу менен каралган маалыматтарды (бюджеттик параметрлер, белгилүү бир каржылык мезгилге карата артыкчылыктар жана чечимдер жөнүндө) түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада баяндоону билдирет. Жарандык бюджет атайын билими жокторду кошуп алганда, жарандарга мамлекеттик каржылар жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет.

Жарандык бюджет мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен Өкмөт тарабынан бекитилген усулга ылайык түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.

127-берене. Коомдук бюджеттик угуулар

1. Коомдук бюджеттик угуулар - бул коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттердин түзүүнүн жана аткаруунун маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.

2. Коомдук бюджеттик угууларга материалдар коомдук бюджеттик угууларды өткөргөнгө чейин 10 күн мурда расмий сайтта жарыяланууга тийиш.

3. Угууларды өткөрүү күнүндө аткаруу органы катышуучулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоо документтерин жол-жоболоштурууну камсыз кылат.

4. Аткаруучу орган коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларынан келип түшкөн сунуштарын жалпылайт, алардын сунуштарын кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө жооп жиберет.

25-глава. Каржылык тартип бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

128-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын бузуу

Бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн жана кароонун, бекитүүнүн, түзөтүүнүн жана бюджеттерди аткаруунун, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин аткарылышын контролдоонун, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүүнүн жана бекитүүнүн ушул Кодексте белгиленген тартипте аткарбоо же болбосо талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын бузуу деп таанылат.

129-берене. Бюджеттик айкындуулукка баа берүү көрсөткүчтөрү

1. Бюджеттик айкындуулуктун деңгээлин жана коомчулуктун бюджеттик маалыматка жетүүсүн баалоо үчүн Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик индекстерди пайдаланат.

2. Республикалык бюджеттин ачыктыгынын индекси көз карандысыз эл аралык уюм тарабынан бааланат. Көз карандысыз баалоонун натыйжалары боюнча республикалык бюджеттин айкындуулугунун өсүшүн камсыз кылуу үчүн Өкмөт тарабынан чаралар көрүлөт.

3. Бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индекси Өкмөт тарабынан кабыл алынган усулга ылайык коммерциялык органдар (жарандардын демилгечи топтору) тарабынан бааланат. Коомдук баалоонун натыйжалары жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугунун өсүшүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эске алынат.

130-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги

1. Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү бюджеттин балансталбаганынан улам келип чыккан милдеттенмелер боюнча өз алдынча жооп беришет.

2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алышат.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бюджеттик мекемелердин бюджеттик каражаттарды сарптоо үчүн жоопкерчиликтүү болгон кызмат адамдары каржылык тартипти бузган жана кызматтык милдеттерин аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

3. Каржылык тартипти бузуу фактылары табылганда Эсептөө палатасы, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө алардын күнөөсү боюнча бузууларга жол берилген мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет.

131-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржылык тартиптин сакталышынын контролу жана анын мониторинги

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына мониторингди, бюджет аралык трансферттерди жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржылык тартипти жана ушул Кодекстин жоболорунун сакталышын кошуп алганда, бюджеттик ассигнованиердин максаттуу пайдаланылышына контролду жүзөгө ашырат.

Бюджеттин аткарылышынын мониторингинин, жүргүзүлгөн ички жана тышкы аудитинин жүрүшүндө бюджеттик мыйзамдарды табылган бузуулардын натыйжалары боюнча Өкмөткө аларды жүзөгө ашырууда (аткарууда) табылган каржылык бузуулар боюнча программаларды жана иш-чараларды каржылоого (бюджеттер аралык трансферттерди берүүгө) чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилет.

Чектөөлөрдү киргизүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан бекитилет.

Каржылык бузуулардын табылган фактылары кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджетти тактоодо жана бюджеттин долбоорлорун түзүүдө четтетилет.

2. Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерди түзүүнүн жана пайдалануунун фактылары табылган учурда көрсөтүлгөн кирешелердин суммасы тиешелүү бюджеттин кирешесине кошуп эсептөөгө жатат.

3. Бюджеттик мекеменин казыналык эсебинде каражаттар болбогондо мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн кирешелердин эсебинен же болбосо бюджеттик чыгашаларды кыскартуунун эсебинен тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрүп алынат.

X БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

26-глава. Корутунду жоболор

132-берене. Ушул Кодекстин күчүнө кириши

Ушул Кодекс "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күчүнө кирет.


 

Кыргыз Республикасынын Президенти


 

А.Атамбаев


 

2016-жылдын 6-апрелинде


 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган