Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 19 - ноябрь  2018 - жыл, саат 10 - 00               1 - кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

15-11-2018 15:41

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

19 - ноябрь  2018 - жыл, саат 10 - 00               1 - кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

            1. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы   № 509 токтому).

            Баяндамачы:

Ирсалиев Медер Эсенгулович – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

 

            2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун  2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы  № 517 токтому).

Баяндамачы:

Калиев Марат Темирбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы.

 

            3. “Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын
13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
18-сентябрындагы  №433 токтому).

            Баяндамачы:

            Кочкоров Улукбек Тойчубаевич- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.

 

            4. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү Макулдашуунун долбоору (Борбор Азиядагы регионалдык жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасынын  долбоору). Макулдашууга киргизилет.

          Баяндамачы:

          Калилов Жамшитбек – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри.

 

             5. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №171 токтому). Экинчи окууда.

            Баяндамачы:

            Токтошев Эмиль Токтакунович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

           

            6. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                       Э.Токтошев