13 – июнь 2016-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш зал.

12-06-2016 16:50

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

13 – июнь  2016-жыл,  саат 10-00                                         1- кабат, Батыш зал.

 

КҮН ТАРТИБИ

           

            1. ”Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О. Бабанов, Р. Казакбаев, Б. Райымкулов, А.Жаманкулов, А. Алтынбеков жана башка депутаттар  тарабынан демилгеленип киргизилет.

            Баяндамачы:

            Райымкулов Бактыбек Кемелбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            2. “Жалал –Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара –Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 27 –апрелиндеги  №218 токтому).

            Баяндамачы:

            Кожошев Арзыбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            3. ”Эль –Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 12 –майындагы №244 токтому).

            Баяндамачы:

            Айдаров Замирбек Казакбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри.

 

            4. “Бишкек шаарында 2016 –жылдын 18 –январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 –жылдын 19 –майындагы №268 токтому).

            Баяндамачы:

            Рустамов Абдыкалык Алибекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору.

           

            5. Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын  ортосундагы “Мамлекеттик башкарууну жана аттандаштыкка кудуреттүүлүктү өнүктүрүү жагынан саясатты колдоо боюнча программалык операцияны” каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору  (макулдашууга).

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            6.2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасынын отчету.

            Баяндамачы:

            Марипов Улукбек Асамидинович – Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы.

                       

            7.Ар кандай маселелер.

 

          


 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                А. Шадиев