Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму
29-октябрь 2018 –жыл, саат 10-00 1 –кабат, Батыш залы.
КҮН ТАРТИБИ
1.“2017-жылдын 25-сентябрындагы Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын
18-сентябрындагы Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (КFW) Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №280 токтому).
Баяндамачы:
Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
Чакырылган:
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри.
2.“2018-жылдын 2-июлунда бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ( Кыргыз Республикасы” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы №459 токтому).
Баяндамачы:
Шаршембиев Бакыт Нуржанович - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.
3.Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январь-сентябрь айына карата республикалык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө (алдын-ала).
Баяндамачы:
Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
Чакырылгандар:
Панкратов Олег Михайлович – Кырыгыз Республикасынын Экономика министри
Абжапаров Тенизбек Жусупбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Онолбеков Алмаз Мадылбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы;
Тулебердиев Ренат Темирбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун төрагасы;
Таиров Бакир Дуулатович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын төрагасы.
4.“Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы
№450- токтому).
Баяндамачы:
Касымалиев Адылбек Алешович –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.
Кошумча баяндамачы:
Марипов Улукбек Асамидинович –Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.
Чакырылгандар:
Аскаров Замирбек Марипбаевич - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри.
Абжапаров Тенизбек Жусупбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Онолбеков Алмаз Мадылбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы;
Тулебердиев Ренат Темирбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун төрагасы;
Таиров Бакир Дуулатович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын төрагасы.
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.
5.Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитетинин төрагасы Э.Токтошев